Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Кыргыз-орус фонду кимге иштейт?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши Жогорку Кеңеште кайрадан сынга кабылды. Айрым депутаттар фонд тар чөйрөгө кызмат кылып жатат деп айыпташты.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тар чөйрөдөгү бизнес коомчулукка гана кызмат кылып жатканын сынга алды. Анын ырасташынча, фонд акчалай жардамды карапайым дыйкандарга эмес, капчыгы калың байларга гана берүүдө.

- Фонд тар чөйрөгө иштеп турган элиталык бизнес коомуна айланды. Колунда бар адамдарга гана иштеп калды. Бул фонд эмнеге ачылган? Орусия тарап акчасын бергенде, Евразия экономикалык биримдигинин базарына Кыргызстанды адаптациялоо максаты айтылган. Бирок андай болбоду. Эмне үчүн фонддун каражатына эл аралык деңгээлдеги лабораториялар ачылбай жатат? Эмнеге айыл чарбасына колдоо көрсөтпөйт? Бизде айыл чарба гана бар. Ошондуктан Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушул багытта иштеш керек.

Төрөбаев бул фонд ишкерлерге жардам бербесе, ансыз да ЕАЭБде чайналып жаткан кыргыз экономикасынын абалы оор болорун кошумчалады.

Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Анткен менен фонддун башчысы Кубанычбек Кулматов Төрөбаевдин дооматтарын негизсиз деп четке кагууда. Анын ишендиришинче, фонд түзүлгөндөн бери 700гө жакын долбоорго 202 миллион доллардан ашык каражат, анын ичинде карапайым ишкерлерге да берилген.

- Биздин фонд 25 долбоорго түз каражат берди. Калгандары банк аркылуу каржыланды. Жалпысынан 676 долбоорго акча бөлдүк. 202 миллион доллардын 51 пайызы айыл чарбасына кетти. Биз өкмөттүн түзүмүндөгү мекемелерге акча бөлө албайбыз. Ошондуктан лабораторияларга каражат берилбейт. Аларда бизнес жок да.

Насыя күткөн ишкерлер​

Насыя ала албай жаткан бир канча ишкерге байланыштык. Алардын пикиринде Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасын өнүктүрүүгө кызыкдар эмес. Бир жылдан бери жер-жемиш сактоочу кампа ачууга насыя ала албай чуркап жүргөн ишкер Рустам Мааткадыров буларды айтты:

- Фонд айыл чарбасына көп карабай жатат. Анткени кирешелүү эмес экен. Биз жер-жемиш сактоочу кампа куруу үчүн бир жылдан бери насыя ала албай жүрөбүз. Жемиштерди экспорттомокпуз. Экинчи долбоорубуз күнөсканада роза өстүрүү болчу. Аны такыр жаратпай коюшту.

Дагы бир ишкер Кайрат Дөргөев күрөө маселесинен улам 25 миллион сомдук насыяны үч жылдан бери ала албай жатканына капа. Ал каржылык колдоо алса 120 кишини иш менен камсыз кылмак.

- Биз фонд түзүлгөндө эле кайрылгнанбыз. Үч жылдай убакыт өтүп кетти. Жыргалаңдагы көмүр ишканабызды кеңейтели дегенбиз. Келип эле күрөө маселесине такалып жатат. Адискөй эмес эксперттер келип эле жарабайт деп кетип калышат.

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Бул фонддун ишине буга чейин да бир катар нааразылыктар айтылып келген. Ишкерлердин көбү насыя берүү шарттары карапайым ишкерлер үчүн татаал, орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө ыңгайсыз экенине нааразы.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору Руслан Акматбек фонд ишкерлерге жардам берүүдөн да көбүрөөк кадыресе банк катары иштеп жатканын айтууда.

- Бул фонд эл аралык банк катары иштеп жатат. Фонддун каражат берүү шарттары орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү үчүн абдан эле оор. Күрөө маселеси татаал. Бирок ошол эле учурда ишкерлердин да даярдыгы жетишсиз экен. Фондду пайдалана албай калышты. Долбоорлору даяр эмес, маалыматы жок. Ошондуктан фонд алгач ишкерлерге түшүндүрүп, жардам берүүнү колго алса болмок.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимине ылайык, 2014-жылдын 24-ноябрында ишке кирген. Фонд ЕАЭБге кошулган Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылмак. Алгач капиталы 1 миллиард доллар болору убадаланып, кийин болгону 350 миллион доллар менен иш баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG