Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке буга чейин жыл сайын бир нече жолу келсе да бул жолку сапарына өзгөчө көңүл бурулду.
Бул жолу орус президентин 700гө жакын ишкер, аймак жетекчилери, университет ректорлору коштоп келерин жана сапардын жүрүшүндө 30га жакын келишимге кол коюларын Сооронбай Жээнбековдун аппараты жарыялаган эле.
Путиндин бир күндүк визитинин жүрүшүндө 17 келишимге кол коюлду. Мындан сырткары Кыргызстан-Орусия аймак аралык конференциянын жүрүшүндө эки өлкөнүн ишканалары ортосунда
жалпы баасы 6 миллиард 135 миллион долларлык 53 инвестициялык жана соода макулдашуулары бекитилди.
Мындай жыйынтыкты кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков жогору баалап, тарыхый деп атады.
Путин аскер базасын кеңейтип кетти
Мамлекеттик маанидеги келишимдердин ичинен эң башкысы Кыргызстандын аймагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча жаңы протоколу болду.
Документке ылайык Орусия Чалдыбардагы байланыш түйүнүнүн аянтын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин, Караколдогу сыноо базасынын аянтын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтет. Жалпысынан бирдиктүү орус базасынын аянты 58,3 гектарга чоңоёт. Дал ушул кеңейген аймак үчүн Орусия 291 миң доллар акы төлөмөй болду.
Буга чейин орус өкмөтү база үчүн 4,5 миллион доллар төлөп келген. Эми бирдиктүү базанын жалпы аянтын кеңейтүү эсебинен ижара үчүн 4,79 миллион доллар төлөй баштайт.
Мындан сырткары учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелерин жана Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкесин модернизациялоону камтыйт.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев Кантта кыргыз аскерлери да машыгарын билдирди:
"Кыргызстандын жана бириккен орусиялык базанын коргонуу жөндөмүн камсыз кылыш үчүн кыргыз аскер кызматкерлери учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууну үйрөнөт. Биз бирге колдонуп жаткан Кант шаарындагы аэродромдун учуу-конуу тилкеси жаңыланат", - деди Башкы штаб башчысы.
Мындай жол менен Москва буга чейин айтылып келгендей түштүктө экинчи базаны ачуунун ордуна Канттагы базасын чыңдоо чечимин кабыл алганы маалым болду.
Негизи Москва аскердик кызматташтыктын активдешүүсүн Ооганстандагы кырдаалдан улам Борбор Азияда коопсуздукту бекемдөө зарыл деген жүйө менен түшүндүрүп келет.
Владимир Путиндин сапарында негизги максаттардын бири аскердик жааттагы таасирин бекемдөө экени буга чейин айтылып келген.
Кыргызстандык эксперттер Орусиянын базасынын кеңейиши өлкөнүн коопсуздугун сактоого салымын кошот деген ишенимде.
Маселен, генерал Артур Медетбеков "курал-жарак, аскердик тетик тууралуу акыркы келишимдер биздин Куралдуу күчтөр үчүн абдан маанилүү. Анткени, акыркы коркунучтарга жакшы даярдыкты Орусия сыяктуу өлкөлөр менен бирге көрүшү керек", - деп билдирди.
Анткен менен Орусиянын базасын кеңейтүү аракетин коопсуздуктан да таасирин бекемдөө аракети менен байланыштыргандар чыгууда.
Мындай пикири менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги Олег Жданов бөлүштү:
"Орусия силерди Ооганстандагы кырдаалды айтып коркутуп, өз экспансиясын жайылта берет. Ооганстандын өзүндө болсо Орусия кечикти. Ал өлкөнүн стратегиялык тармактарына башкалар капитал сарптап жатышат. Орусия Азиядагы позициясын бекемдөөгө жан үрөп киришип жатканын баса белгилегим келет. Дагы бир фактор – Орусия Кавказды да көзөмөлүнөн чыгарды. Эгер Израил Грузияга абадан коргончу «темир чатыр» системасына киргизилген тыюуну жойсо, анда Кавказдын асманы орустарга жабылат. Ереван коопсуздук жагынан Грузияга кошулуп, европалык векторго ыктайт. Ошентип Москва Кавказды колунан чыгарды, эми Азия тарапка бет алат", -деди украиналык эксперт.
Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси бар. Алар:
Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Койсары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор. 2012-жылы бул объекттер биргелешкен аскердик базага бириктирилген эле.
Учурда Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат.
Кыргызстан эгемен тарыхында Батыш менен Орусиянын ортосундагы аскердик атаандаштык аймагына да айланган. 2001-жылы АКШ Бишкектеги "Манас" аэропортуна аба базасын ачса, кийинки жылы Орусия Кантта өз базасын ачууга жетишкен.
Эки державанын бул атаандаштыгы 2014-жылы кыргыз бийлиги америкалык аскер базасын чыгарганда токтогон.
АКШ базанын ижарасы үчүн Кыргызстандын бюджетине жылына 60 млн. доллар төлөп келген.
Орусия темир жолду өнүктүргөнгө өбөлгө түзөт
Аскер базаларын кеңейтүүдөн башка салмактуу келишимдердин катарына Орусиянын "Росгеология" менен Кыргызстандагы кен-байлыктарын чалгындоо, Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө алдыдагы 20 жылда 600 миң доллар сарптоо боюнча документтер кирди.
Мындан сырткары Кыргызстандын темир жолу түйүнүн өнүктүрүү максатында "Орусия Темир жолу" ишканасы менен "Кыргыз Темир жолу" ишканасынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул меморандумга ылайык, Орусия Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө турганы азырынча белгисиз.
Бирок президенттик аппараттын экономика бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев меморандумдун алкагында Орусия Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун курууга катышууну каалап жатканын "Азаттыкка" айтып берди:
"Бул меморандум сөз болуп жаткан долбоорго (Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай теми жолун куруу-авт.) катышуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Үч өлкө менен катар Орусия да катышууну көздөп, келишимдерди түзүп жатат".
Иманалиев Москва эми башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалады. Бирок кандай жол менен түздөн-түз Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүүгө жардам бере турганы түшүнүксүз бойдон калды.
"Биз жана дүйнө": Бишкек-Москва: Оомат Орусиянын колундабы?
Буга чейин "Кыргыз Темир жолу" ишканасынын акционердик коом катары өзгөртүп, белгилүү бир бөлүгүн Орусияга сатуу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бул суроого кыргыз бийлиги так жооп бербей келет. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын эске алганда башы ачылбай турган башка маселелер жөнүндө маалымат берилген жок.
Маселен, буга чейин Москва менен биргеликте куруу пландалган “Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча энергетикалык долбоорлор тууралуу айтылбады.
Сапарга чейин бийлик өкүлдөрү жалпысынан эле чакан ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүү жүрөт деп гана жарыялашкан. Бирок кол коюлган документтер арасында энергетикалык долбоорлор жөнүндө кеп болгон жок.
АКШ-Кыргызстан мамилеси
Владимир Путин бул сапары аркылуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы Кремль башкы оюнчу экенин ишенип кайтканын орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Чынында эле сүйлөшүүлөрдөн кабары бар "Азаттыктын" булагы Путинди Кыргызстандын АКШ менен жаңы кызматташтык келишимдин жагдайы кызыктырарын айткан. Анткени акыркы учурда Кошмо Штаттардын бийлик өкүлдөрү Бишкек менен мамилени жакшыртууга ишара кылып келет.
Өткөн айда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс Бишкекке келип, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда чыгарылып кеткен 4,6 миллион долларды которуу боюнча макулдашууга кол коюлган.
Буга кошумча 2015-жылы кыргыз өкмөтү бир тараптуу жокко чыгарган келишимдин ордуна жаңысы даярдалып, жакында кол коюшу мүмкүн экени кабарланган эле. Муну Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев өткөн апталарда "Азаттыкка" ырастаган:
"Тараптар азыр жаңы баракча ачылып жатат деп үмүттөнүүдө. Келишимдин долбоорун биздин министрлик, мекемелер карап чыгып, өкмөткө беришти. Алардын эксперттери жакында келе тургандай болуп жатат. Андан соң АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн эксперттик тобу келишимдин долбоорун карайт", - деген элчи.
Бирок акыркы сапардын жүрүшүндө кыргыз бийлиги азырынча АКШ менен мамилени күчөтүүгө план жок экенин айтканын орусиялык "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты.
Кыргызстандык саясат таануучу Эмилбек Жороев Орусиянын бийлиги үчүн расмий Бишкектин АКШ менен мамилени жандантуу боюнча позициясын билүү, аны белгилүү нукка буруу маанилүү экенин белгилейт:
"Орусия үчүн кайсы жерде болбосун Кыргызстанбы же башка өлкөбү АКШ менен кандай мамиле куруп жатканы азыр абдан маанилүү. Бул азыркы геосаясий шартта алгачкы маселе деп айтсак да болот. Анын үстүнө Орусия үчүн Борбор Азия өлкөлөрү эң жакын жана башка бирөө ээлешин каалабаган аймак. Ошондуктан, Путиндин сапарынын жүрүшүндө мындай маселе көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү эле иш".
Кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзөрүн жарыялап келет. Иш жүзүндө Орусиянын таасири күчтүү экенин байкоочулар дайыма эле айтып келишет. Орусиянын таасири жөнүндө кеп болгондо алгач болуп бул өлкөдө эмгектенип жүргөн миллионго жакын мигрант фактору айтылат.
Владимир Путиндин сапарынын алкагында мигранттар боюнча мунапастын экинчи этабы жарыяланды. Ага ылайык, Орусияда административдик мыйзам бузган кыргызстандыктар апрель айына чейин мунапыстан пайдаланып, документтерин иретке келтире алат.
Бул чечим Путиндин кыргыз мигранттарына берген белеги катары бааланды. Бирок орус президентинин сапарынын алдында Орусиянын Якутск шаарында ортоазиялык мигранттарга каршы митинг өтүп, коркутуп-үркүтүүлөр орун алган.
Ал эми 28-мартта Якутиянын жетекчилиги мигранттар иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен чечим кабыл алганы белгилүү болду.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул чечим кыргызстандык мигранттарга эч кандай таасир этпесин айтып жатат. Ошентсе да сапар жүрүшүндө Якутиядагы мигранттар боюнча маселе талкууланып же талкууланбаганы расмий түрдө кабарланган жок.
Путин: Жээнбеков стабилдүүлүк алып келди
Учурда бийлик Владимир Путиндин сапардын арты менен өлкөгө инвестиция келип, ишеничтүү өнөктөштүн ишенимине татыдык деп улам-улам жар салып, оппозициянын сынына каршы аргумент катары колдонуп жатат. Муну Путин да түшүнгөндөй Кыргызстандагы стабилдүүлүк үчүн президент Жээнбековдун салымы экенин белгиледи:
"Сиздин аракетиңизден улам Кыргызстанда тынч, стабилдүү абал жаралганын өзгөчө белгилегим келет. Мындай шарт өлкөдөгү социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк ачууда", - деди Путин жыйында.
Орус президентинин мындай баасы Сооронбай Жээнбековдун өлкө ичиндеги салмагы үчүн маанилүү экенин эксперттер белгилешет. Анткени акыркы күндө Кыргызстандагы саясий жүрүштөр кызып жатат.
Бабанов кайтарын жарыялады
2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов кандай шарт болбосун өлкөгө кайтарын жарыялады. Учурда саясаттан кеткенин жарыялаганына карабастан Бабанов кандай позицияны ээлейт деген маселе маанилүү.
Буга чейин Бабановдун тарапкерлери Кыргызстанга кайтып келишине уруксат алуу үчүн бийлик менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдиришкен.
Улуттук коопсуздук кызматы болсо Бабанов өлкөгө кайтса, мыйзам алдында жооп берерин эскерткен эле.
Учурда Өмүрбек Бабановго карата эки кылмыш иши жабылбай турат. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен иш ачылган.
УКМКнын мындай эскертүүсүнө карабай Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрдө Бишкекке кайтарын анын тарапкерлери билдирип жатышат. Эми "Республика" партиясын түптөгөн лидер өлкөгө келсе, суракка алынабы же бийлик ага көз жуумп коебу деген суроо кызык болуп турат.
Буга кошумча жакында ачык оппозицияга өткөнүн жарыялаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы өнөктөштөрдүн издеп, сүйлөшүүлөргө даяр экенин ачык айта баштады. Мында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Атамбаевдин биригиши мүмкүн деген сөздөр катуу талкууга алынып, окуяларды бир топ кызытты.
Өткөн аптада Адахан Мадумаров жергиликтүү каналдардын бирине маек берип, учурдагы бийликке каршы ылайыгы келсе Атамбаев менен биригүүгө даяр экенин кыйыткан. Мындан соң Социал-демократиялык партиянын штабы да азыркы тапта конкреттүү сүйлөшүү жок болсо да Мадумаров сыяктуу саясатчылар менен биригүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Бул сөздөрдүн айланасында талкуулар жүрүп, Мадумаровдун айрым тарапкерлери мындай альянска каршы экенин ачык айткан соң "Бүтүн Кыргызстан" партиясы азыр Атамбаев менен биригүү жөнүндө сүйлөшүү жүрбөгөнүн жарыялады.
Социал-демократиялык партиянын айланасындагы жүрүштөр кийинки аптада кызыганы турат.
Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген кыймыл 3-апрелде жыйынга чогулуп, партия жетекчилигинен экс-президентти алып түшүүнү көздөп турушат. Ал эми 6-апрелде Алмазбек Атамбаев баштаган Социал-демократчылар курултай өткөрүп, партиянын жаңыланган курамын, түзүмүн жарыялайт деп күтүлүүдө.
Голан дөңсөөсү талаш жаратты
Узаган аптада эл аралык саясатта АКШнын Голан дөңсөөлөрүн Израилдин ээлиги катары таанышы талаш жаратты.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Американын өнөктөштөрүнүн нааразылыгын жараткан документке 25-мартта кол койду.
Трамп "мындай чечим ондогон жылдар мурда эле кабыл алууга тийиш болчу" деп айтты.
"Израил мамлекети өз коопсуздугун сырткы коркунучтардан сактоо үчүн Голан дөңсөөлөрүнө көзөмөлүн орноткон. Бүгүн Ирандын жана Сириянын түштүгүндөгү "Хезболла" сыяктуу террорчул топтордун агрессивдүү аракети Голан дөңсөөлөрүн Израилге каршы чабуулдарды, катуу чабуулдарды уюштурса боло тургандай аймакка айлантууда", - деген Трамп.
АКШ президентинин бул чечими Израилди кубантканы менен аны бир топ өлкөлөр сындап чыкты.
Евробиримдик бул аймакты Израилдин аймагы катары тааныбаганын жарыяласа, Орусия, Иран жана бир катар араб өлкөлөрү АКШ администрациясынын Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин таануу чечимин четке кагышты. Мындай кырдаал эл аралык чөйрөдө Жакынкы Чыгышты кырдаалды курчутпайбы деген чочулоо жаратты.
Буга чейин АКШнын администрациясы Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге которууну чечкен. Бул кадам да Палестина менен араб өлкөлөрүнүн нааразылыгын жараткан.
Израил 1800 чарчы чакырым аянттагы Голан дөңсөөлөрүнүн бир ыптасын 1967-жылы басып алган. Ал окуя "Алты күндүк согуш" деп тарыхка кирген.
1981-жылы Тель-Авивде Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган мыйзам колдоо тапкан. Бирок Бириккен Улуттар Уюму бул чечимди четке кагып, бир нече жолу Израилди Голан аймагын Сирияга кайтарып берүүгө чакырган.
Жарым кылымдан ашык убактан бери Сирия менен Израил бир нече ирет согушуп, тынчтык келишимине жете албай келет.