Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

ГЭСтердин багы тушалып турат


“РусГидро” Нарын дарыясынын жээгинде контейнерден курулган жумушчулардын жатаканасын, он чакырымга жакын таш жол гана салган.
“РусГидро” Нарын дарыясынын жээгинде контейнерден курулган жумушчулардын жатаканасын, он чакырымга жакын таш жол гана салган.

Кыргыз өкмөтүнүн Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча эл аралык келишимин денонсациялоо жараяны соңуна чыкты.

8-августтан тарта эки тараптуу келишимди жокко чыгаруу жараяны аяктады. Эми кыргыз тарап башка инвестор издөөгө толук кандуу киришет. Азырынча ара жолдо калган ГЭСтердин тагдырына кызыккандар табыла элек. Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков буларды айтты:

- Денонсация аяктап калды. Анын мөөнөтү 8-августта бүттү. Мына ушундан кийин биздин колубуз бош болуп, иш башталат.

Бишкек менен Москва ГЭСтерди куруу тууралуу 2012-жылдагы келишиминен бери орусиялык “РусГидро” ишканасы Нарын дарыясынын жээгинде контейнерден курулган жумушчулардын жатаканасын, он чакырымга жакын таш жол гана салган. Учурда ал жер жергиликтүү бийликтин кайтаруусунда турат.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ГЭС курууга кызыккандар бар экенин айтууда:

- Кызыккан кытай ишкерлери бар. Өткөндө мен "Ага Хан" коруна да сунуштадым. Бизге келген чет элдик конокторго сунуштап жатабыз. Бирок бул өкмөттүн деңгээлинде чечиле турчу маселе болуп турат.

"РусГидро" курган жатаканалар
"РусГидро" курган жатаканалар

Деген менен Жогорку Нарын каскаддарын курууга даярдык иштерин жүргүзүүдө аткарылган жумуштардын ашкере кымбат көрсөтүлгөнү боюнча чыр аягына чыга элек. Башкача айтканда, Орусия 37 млн. доллар төлөп берүүнү талап кылып жатат.

Башталбай жатып карызга баткан долбоорго инвестор издемей убарасы өкмөттүн баш оорусу болоору бышык. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров:

- Карызы бар долбоорго тез эле инвестор келет деп айта албайм. Бирок такыр эле келбейт дегенден алысмын. Чоң карызы болгону бир топ кооптонуу жаратат. Таза, нөлдөн баштай турган долбоор болсо жакшы болмок.

Айрым эксперттер Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерге ар кандай шарттар менен чакан инвестор тапса болорун айтышат. Бирок Камбар-Ата-1ди курууда саясий дагы маселелер болгондуктан, Кыргызстанга өнөктөш табуу кыйын болору турган иш.

Саясат таануучу Эмил Жураев Камбар-Ата-1ди курам деген кайсы гана инвестор болбосун коңшу өлкөлөрдүн каршылыгына туш болорун айтат.

- Жогорку Нарынды курууга кандайдыр бир шанс бар. Чакан инвестор келиши мүмкүн. Камбар-Ата боюнча өнөктөш табуу кыйынга турат. Бул курулуш боюнча Ташкенттин пикирин баарыбыз көрүп, түшүнүп турабыз да. Кайсы гана куруучу болбосун Ташкент тарабынан кандайдыр бир каршылыкка дуушар болот.

Орусия каржылык каатчылыктан ГЭСтерди кура албай калды дегенге ишенбеген cерепчилер арбын. Болгону коңшу Өзбекстан менен долбоордогу саясий маселелерден улам Орусия ГЭСтерден баш тартты деп айтылып келет.

Рогун ГЭС курулушу
Рогун ГЭС курулушу

Ошол эле учурда энергетикалык жаатта окшош абалда турган коңшу Тажикстанда көп жылдан бери сөз болуп келген жалпы наркы 4 миллиард доллар деп бааланган Рогун ГЭСинин курулушу башталды. Алар италиялык компания менен келишим түзгөнү маалым.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, кыргыз бийлиги да тышкы жана ички инвестициялык тармакта туура саясат жүргүзсө, энергетикалык долбоорлорго инвестор табууга болот.

- Ички инвестициялык саясатты, тышкы саясаттагы векторду өзгөртүүгө туура келет. Өзгөчө Батыш өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга барбасак, ири долбоорлорду ишке ашыра албайбыз. Азыр америкалык бир энерго компания Кыргызстанга келери күтүлүп жатат деп жакшы жаңылык угуп жатабыз. Бирок алар да жогоруда айтып өткөн маселелерге көңүл бурат.

Инвестор издөөнү көздөгөн кыргыз бийлигинин чечими Орусияга жакпай калгандай. Адистер ара жолдо калган энергетикалык долбоордун тагдыры жакынкы жылдары чечиле койбосун айтышат. Буга чейин да өкмөт Чехия менен 16 чакан ГЭСти куруу боюнча келишим даярдалып жатканын жар салган эле. Жакында ал келишимге кол коюлбай калганы ачыкка чыкты.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG