Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Дипломаттар түшкөн машине кырсыктады


Сүрөт zanoza.kg сайтынан алынды
Сүрөт zanoza.kg сайтынан алынды

Бишкекте орус дипломаттары түшкөн машине кырсыктап жергиликтүү тургун каза тапты. Катуу ылдамдыкта бара жаткан жолтандабас кызылдан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тарады.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги рулду башкарган өз кызматкери экенин бышыктады. Азыр ал ооруканада жатат. Коомчулукта жеңил машинедегилер мас абалында болгону да айтылып жатат. Патрулдук милиция башкармалыгы бул маалыматтын чын-төгүнү иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот деп билдирүүдө.

Жол кырсыгы 16-февралда Фучик жана Василёв көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас менен “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жолтандабастын номери Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине таандык болуп чыккан:

- Кырсык 16-февралда саат 15:40 чамасында катталган. Биздин кызматкерлер барганда ал жерде жолтандабастын айдоочусу, 1972-жылы туулган Рябкин Игорь Петрович денесинен жаракат алган экен. Экинчи машиненин айдоочусу, 1955-жылы туулган Лексин да оор жараат алган. Аларды "Тез жардам" салып кеткен. Күбөлөрдүн айтымында "Тойота Прадонун" ичинде айдоочу жана жүргүнчү болгон.

Мамлекет ишенген адамдарын дипломаттык кызматтарга жиберет. Ошондой эрежени бузуп жаткандан кийин өз мыйзамдарына жараша жаза алышы керек.
Талант Кушчубеков

Бул жол кырсыгы тартылган видео интернетте тарап, элдин бүйүрүн кызытты. Анда ак түстөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, капталдагы көчөдө өз жолу менен бараткан жүк ташуучу машинени сүзгөнүн көрүүгө болот. Кырсыкты жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Алексей Лексин башынан оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Операциядан кийин өзүнө келбей каза тапкан. Ал эми орус элчилигинин кызматкери ооруканада жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова элчиликтин айдоочусунун анын абалы туруктуу экенин айтты:

- Жаракат алгандардын бири Улуттук госпиталга, экинчиси Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Улуттук госпиталдагы жаранга башына операция жасалып, андан кийин кайтыш болуп калды. Экинчи адам дарыланууда.

Орус элчилигине тиешелүү машинедеги адамдар тууралуу эки ача маалыматтар чыкты. Алардын бири “Роснефть” компаниясынын жетекчисинин орун басары экени айтылууда. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова рулду дипломат башкарганын “Азаттык” радиосуна ырастады:

- Рулда элчилик кызматкери, дипломат болгону анык. Учурда анын абалы жакшы болуп калды. Бизде ушул эле маалымат бар. Машинеде дагы башка жүргүнчүлөр болгонбу же ал жалгыз беле, муну айта албайм.

Видеону көргөңдөр арасында автокырсыкка жолтандабастын айдоочусун айыптагандар арбын. Азыр окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Мындан тышкары айдоочу мас абалында болгону да айтылууда. Шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев кырсыкка ким күнөөлүү экени иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин жарыялана турганын белгилейт:

- Кимиси мас, кимиси соо болгонун соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Машинелердин кандай ылдамдыкта келе жатканы боюнча атайын техникалык экспертиза дайындалды. Ошонун жыйынтыгы чыкмайынча болжолдоп айтуу кыйын. Эгерде күнөөсү аныкталса, мыйзамга ылайык жооп беришет. Дипломаттардын кол тийбестиги бар. Бирок бул жерде адам өмүрүн алган жол кырсыгы болуп жаткандан кийин мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш.

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Чет жердеги кыргыз элчиликтеринде иштеп жүрүп, Кыргызстандын беделине көлөкө түшүргөн дипломаттардын кылык-жоруктары иликтенет. Пара алган, аткезчилик менен алектенген же бейбаштык кылык-жоругу ашкереленген дипломаттар аныкталган.

Кыргызстандагы чет элдик дипломаттардын жол эрежесин бузган учурлары буга чейин да бир нече жолу катталган. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков алар кол тийбестик макамы бар болгондуктан жазага тартылбай келе жатканын айтат. Ошол эле учурда өз өлкөсүндө тиешелүү жоопкерчилик тартышы керек деген пикирде:

- Ар бир дипломат кайсы мамлекетте иштебесин, ошол өлкөнүн мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Ар бир мамлекет өз дипломаттарын кызматка жөнөтүп жатканда алардын такшалганына, тажрыйбасына көңүл бурат. Дипломатиялык иммунитет ушул максатта берилет. Мамлекет ишенген адамдарын дипломаттык кызматтарга жиберет. Ошондой эрежени бузуп жаткандан кийин өз мыйзамдарына жараша жаза алышы керек. Буларды мындан кийин дипломатиялык кызматтардан четтетүү маселесин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги көтөрүшү зарыл. Бирок ал маселени орус тарап коебу, же жокпу алардын чечимине көз каранды.

Жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 17-февралда Орусия элчилигинин Бишкектеги өкүлү Алексей Мзареуловду чакыртып, укук коргоо органдары менен кызматташуу боюнча нота тапшырды. Орус тараптын маалыматына таянсак, маркумдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлүүдө, милиция менен биргеликте иш жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG