Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Бишкектеги жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды


Борбор калаадагы жол кырсыгы 5-ноябрь күнү таңкы саат бештер чамасында болгон.

Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде ("Азия молл" соода борборуна жакын) эки автоунаанын кагылышынан беш киши каза болду.

Кырсык 5-ноябрь күнү таңкы саат бештер чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кара түстөгү «Тойота Кэмри» алдында бараткан «Тойоту Витц» унаасын сүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен да алдыда келе жаткан башка бир «Тойота Кэмри» машинеси менен кагышкан. Сүзүшкөндөн кийин кара түстөгү «Тойота Кэмри» күйүп кеткен.

Патрулдук милиция башкармалыгынын орун басары Иманалы Саркулов “Азаттык” радиосуна өлгөндөрдүн тек-жайы такталып жатканын маалымдады:

- Мендеги маалымат боюнча үч машине кагышып, беш киши каза болуптур. "Тойота" үлгүсүндөгү машине катуу ылдамдыкта келе жатып биринчи алдындагы автоунааны артынан сүзөт. Анан каршы тилкеге чыгып, каршысында келаткан автоунаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан кийин өрт чыккан. Натыйжада беш киши каза болду. Азыр сөөктөр өлүкканада, алардын тек-жайы такталып жатат. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова мурдагы жана азыркы өкмөттөр жол кырсыктарын азайтуу боюнча бир катар демилгелерди көтөргөнү менен алар ишке ашпай келе жатканын токтолду:

- Башка өлкөлөрдөгү жол кырсыктарында жаракаттар азырак болуп, өлгөндөр катталбаса, Кыргызстанда дароо адам өмүрүн алган катуу кырсыктар болуп жатат. Өкмөттүн жасап жаткан программалары чукул убакытта жыйынтыгын берет дегенден алыспыз. Анткени жол кырсыктары өтө өрчүп кеткен маселе болуп жатат. Буга тиешелүү министрликтер катуу көзөмөл кылбаса, азыр ал оңой менен чечиле койбойт.

Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 603 адам каза таап, 6 798киши ар кандай жаракат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG