Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Көчө чырынан кийин мигрант жарадар болду


27-октябрда Москвада кыргызстандык мигрантка ок атылды. Көчөдө кер-мур айтышуудан Орусиянын жараны травматикалык тапанчасын алып чыгып, кыргызстандыкка ок чыгарган.

Кечинде иштен кайтып келе жаткан үч кыргызстандык дүкөнгө ичимдик алууга киришкен. Теңтуштардын бири Марсел Даткаев сыртта турган жергиликтүү жашоочу менен сөздөн сөз чыгып, досуна ок атылганына өзү күбө болгон.

- Үйгө кетип баратып, жолдон «Пятерочкага» киргенбиз. Бирден сыра алалы дегенбиз. Көчөдө бир орус турган. Чыгып баратып, балдар аны менен туруп калышты. Мен бери жакка басып кеткем. Сүйлөшүп турушкан, мен алардын урушун деле уккан жокмун. Бир убакта берки орус тапанчасын алып чыгып эле курбумду аткылай баштады. Огу түгөнгүчө атты. Үч ок тийди окшойт. Дароо полиция, милиция чакырдык. Досумду ооруканага, бизди болсо полиция бөлүмүнө алып келишти. Полицияда орус бизди күнөөлүү кылып жатат.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча 31 жаштагы Д.Ж. аттуу кыргызстандыктын башына жана сол бутуна ок тийген. Учурда ал Н.И.Пирогов атындагы 1-шаардык ооруканада дарыланууда.

Кыргыз элчилигинин юристи Мирбек Токтошев жана Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн кызматкери дароо окуя болгон жерге барышкан.

- Полиция бөлүмүндө күбө катары эки кыргызстандык жарандын документтерин текшерип, суракка алышты. Черемушки району боюнча бөлүмдө бул ишти объективдүү карап чыгууну убада кылышты. Орусиянын Кылмыш кодексинин 112-беренеси (адам өмүрүнө атайлап зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми жабыр тарткан адам ооруканада.

Эки кыргызстандык күбө катары көрсөтмө бергенден кийин бошотулган, ал эми орус жараны камакта. Учурда бул окуя боюнча тергөө иши жүрүүдө.

Кыргызстандын ИИМи жыл башынан бери Орусияда кыргызстандыктарга карата жасалган 214 кылмыш иши катталганын маалымдаган. Ошондой эле Орусияда кыргызстандыктар 256 кылмыш ишине айыпкер болушкан. Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Олег Баранов шаарда он ай ичинде чет өлкөлүктөр тарабынан 4,5 миң кылмыш иши жасалганын, кылмыштардын көбүн Кыргызстан, Украина жана Өзбекстандан келгендер жасай турганын билдирген болчу.

Орусияда жылына үч жүздөй мигрант ар кандай себептерден улам каза табат. Быйыл январь-август айларынын ичинде бир гана Москва жана Москва облусунан каза болгон 122 адамдын сөөгү мекенге жөнөтүлгөн. Алардын көбү жол кырсыктарында жана оору-сыркоодон көз жумган, сегиз мигрант киши колдуу болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG