"Азаттык": Каана айым, эмне үчүн 2010-жылкы окуялардан кийин ассоциация түздүңөр? Ага чейин зарылчылык жок беле?
Каана Айдаркул: 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин милиция оор күндөрдү баштан кечирди. Андан алган жараат айыга электе июнь коогасы чыкты. Анда да милиция кызматкерлери өлүмгө дуушар болду. Ошол учурда милициядагы аял кызматкерлер моралдык жактан кыйла жабыркады. Ушундан кийин Милициядагы айымдар ассоциациясын түзгөнбүз. Бул ишибизди министрлик да, мамлекет жетекчилиги да колдоого алды. Андан кийин ар бир облуста бөлүмдөр ачылды.
Жети жылдан бери кыздарыбызды кесибине байланыштуу бир топ окуттук, үйрөттүк. Алар менен кошо өзүбүз да окуп, үйрөндүк. Бизге БУУнун кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жардам берди. Алардын көмөгү менен бир топ долбоорлорду ишке ашырдык.
Милициядагы аялдардын басымдуу бөлүгү жашы жете элек балдар менен иш алып барат. Мектеп рэкетчилиги, диний экстремизм азгырыгы, уурулук жана башка кылмыштардын алдын алуу үчүн балдар менен иштеген кызматкерлер бул маселелерди жакшы билүүгө тийиш. Аталган башкармалыктын жардамы менен милиционер айымдарыбыздын бул көйгөйлөр боюнча билимин кеңейтип, окутуп жатабыз.
Жакында дагы бир "Устат" деп аталган долбоор ишке ашканы турат. Анда ички иштер тармагына өмүрүн арнап, көп ийгиликтерге жетишкен айымдар бул кесипте жаңы иштей баштаган кыздарыбызга өз тажрыйбасын үйрөтүп, таалим-тарбия бермекчи.
"Азаттык": Түрдүү чыр-чатактар чыккан кезде, өзүңүз айткандай, апрель, июнь окуяларында милицияда иштеген айымдар да эркек кесиптештери менен катар тартип сакчылыгында жүрүштү. Бала-чакасын калтырып коюп, түнү-күнү өзгөчө кырдаалдарда иштөө оңой эмес. Кандай кыйынчылыктар болду?
Каана Айдаркул: Форма кийгенден тарта милиция кызматкерлери аял же эркек деп бөлүнбөйт. Нөөмөттө турабы, кандайдыр бир нааразылык акциялары, чыр-чатактарды жөнгө салууда болобу, бардыгына бирдей тапшырма берилет. Погон тагынгандан кийин "мен аялмын" дебей түндө да милдетти аткаруу керек. Эгер жетекчилик "кыздар барбай эле койсун" деп чечим чыгарбаса эч ким суранып, "мен аялмын, бара албайм" деп айтпайт. Экинчи жагынан биз түшүнүп мамиле кылабыз, оор кырдаалдарда эркек кызматкерлерди өлтүрүп кеткен учурлар болгон. Андай учурда кыздарга да ырайымсыз мамиле жасалышы ыктымал. Ошондуктан, апрель окуясынан кийин биз "биригели" деген ниет менен ассоциация түзгөнбүз. 2005-жылы март окуясынан кийин деле ошондой ой болгон, бирок быша элек болчу.
"Азаттык": Ошентсе да, милиционер айымдарга коомчулукта мамиле өзгөчө экени сезилет...
Погон тагынгандан кийин "мен аялмын" дебей түндө да милдетти аткаруу керек. Эгер жетекчилик "кыздар барбай эле койсун" деп чечим чыгарбаса эч ким суранып, "мен аялмын, бара албайм" деп айтпайт.
Каана Айдаркул: Ар бир кесиптин өзүнө жараша түйшүгү болот. Милиция болуп иштөө эркектер үчүн деле оор. Аял үйүндө үй-бүлөсүнө көңүл бурууга тийиш, ишин да кынтыксыз аткарышы керек. Бул жалаң эле Кыргызстанда эмес, бардык жерде ушундай.
Биздин ассоциация 2011-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк полиция уюмуна мүчө. Биз дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө полицияда иштеген айымдар менен сүйлөшүп, үйдүн түйшүгү менен иштин түйшүгүн кантип чогуу алып жүргөнүн сураганымда, "биздин ишибиз - жонглёрдукундай" деп жооп беришчү. Эки жакка тең жетишүү үчүн чуркап жүрөбүз.
Учурда бизде милицияда иштеген кыздарга мамиле өзгөрдү. Коомчулукта айым милиционерлерге ишенич бар. Көчөдө формачан бара жатсаң, кээ бирөөлөр келип, учурашып, суктанат. "Биздин кыздар да сиздердей болушса" деген тилектерин билдиришет. Учурда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен да күч түзүмдөрүнө иштөөнү эңсеген кыздарыбыз көп экенин жер-жерлерге чыккан учурларда байкап, көңүлүм кубанат.
"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!