Сирияга Кыргызстандан кимдер, кайсыл аймактардан, кандай жолдор аркылуу кетип жатат деген суроолорго Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев жооп берди.
“Азаттык”: Кайсыл себептерден улам жарандарыбыз Сирияга кетип жатат? Акчанын таасири болуп жатабы, же диний идеологиябы?
Мамбеталиев: Баштапкы мезгилдерде биздин жарандарды алдоо менен, акча убада кылуу аркылуу алып кетишчү. Бирок азыркы учурда материалдык кызыкчылык менен эмес, идеологиялык чакырыктар менен алдап, азгырып жатышат. Ушундай жалган азгырыктарга алданып, керек болсо үй-бүлөсү, бала-чакасы менен ал жакка кеткендер бар. Албетте аймактардагы социалдык-экономикалык муктаждыктар да буга түрткү болууда. Көптөгөн жарандарыбыз чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт. Алардын кээ бирлери ошол жактагы ар түрдүү агымдардын тузагына түшүп калууда.
“Азаттык”: Экстремизм менен күрөшүүдө кандай жумуштар аткарылып жатат? Кырдаалды жакшы жагына өзгөртө ала тургандай кандайдыр бир ийгиликтерге жетише алдыкпы?
Мамбеталиев: Бул жумушту аткарууда биздин башкармалык жалгыз эмес. УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, муфтият жана жергиликтүү бийликтер менен биргеликте иш алып баруудабыз. Коргоо кеңешинде бизге аябагандай чоң жоопкерчиликтер, тапшырмалар жүктөлгөн. Алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Бир жылдын ичинде бир катар райондордо, айыл өкмөттөрдө, окуу жайларда, мектептерде алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
“Азаттык”: Ал эми мамлекет өзүнүн жарандарын Сириядан алып келгенге аракет кылып жатабы?
Мамбеталиев: Мыйзам бузса да, кылмыш кылса да ал жарандар биздин атуулдарыбыз. Бирок биз азыркы мезгилде ушундай согуштарга жана кагылышууларга катышкан жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү, аларга чара көрүү боюнча мыйзамдык алымча-кошумчаларды даярдап жатабыз. Анткени алар эртең өлкөбүзгө кайтып келип, ар түрдүү мыйзамсыз иштерди жүргүзө баштаса, биз аларды мыйзам чегинде жоопко тартышыбыз керек.
Бул маселе боюнча Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан атайын мыйзамдарын күчөтүп, иштеп жатышат. Ал эми биз дагы деле болсо түшүндүрүү, алдын алуу, каттоо иштери менен алекпиз. Экстремизм менен күрөштү жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек.
“Азаттык”: Сирияга кетсемби дегендерге эмне деп айтаар элеңиз?
Мамбеталиев: Биздин жарандарыбыз түшүнбөстүктөн, билбестиктен кетип жатышат. Кээ бир жарандарыбыз ата-энесин да, бизди да укпай, самолёттон түшүрсөк да болбой кетип калып, баргандан кийин ал жердеги абалды көрүп, кайра өкүнгөндөр бар. Бирок баргандан кийин кеч болуп калууда. Кээ бирлери ал жактан качып келүүдө. Бирок жарандарыбыз унутпашы керек, Сирияга барып келген ар бир адам жоопко тартылат. Жакында бир жараныбыз Сирияга барып, согушка катышып келгендиги үчүн соттун чечими менен 4 жылга эркинен ажыратылды.
“Азаттык”: Сирияга кеткен жарандарыбыз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз. Кимдер кетип жатат? Жашы, жынысы, улуту, аймактык өзгөчөлүгү жагынан кандай айырмачылыктар бар?
Мамбеталиев: Бул үчүн атайын топ түзүп анализ жасадык. Көйгөй жаратып жаткан райондорго бардык. Жасалган анализдин натыйжасында айтсак, учурда биздин 200гө жакын жараныбыз Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышып жүрүшөт. Алардын 152си өзбек улутунда, 23ү кыргыз, 15и тажик, ал эми калгандары башка улуттагы жарандарыбыз. Кеткендердин арасында 30га жакын аял бар. Айта кетүүчү нерсе, экстремисттер жаш кыздардын башын айлантып, алдап алып кетип, талаа командирлерине нике кыйып коюшкан. Кыздар ал жерден кете да алышпайт. Нике кыйган кишиси өлүп калса, анда кызды ошол жердеги дагы башка бирөөгө никелеп койот.
Сирияга көбүнесе түштүк аймактарыбыздан кетип жатат. Ош облусунун Кара-Суу, Араван, Өзгөн райондорунан, Жалал-Абад облусунун Сузак районунан, Баткен облусунун Кызыл Кыя шаарынан, Кадамжай районунан, Чүй облусунан Кара-Балта шаарынан кеткендер бар.
Сирияга кетүүдө колдонулган төрт багытты аныктадык. Алар: Кыргызстан-Түркия-Сирия, Орусия-Түркия-Сирия, Украина-Түркия-Сирия жана Грузия-Түркия-Сирия багыттары.