Буга улай эле интернетте өзбек тилинде сүйлөп, беткап тагынган куралчан жигиттердин Борбор Азияга келүү планын билдирген видеосу жарыяланды. Диний серепчилер Борбор Азия бийликтери бул сыяктуу олуттуу коркунучтарга жетиштүү чара көрбөй жатат деген пикирде.
Диний эксперт Кадыр Маликов Борбор Азия чөлкөмүндө диний радикалдашуу тездик менен өнүгүп баратканын айтып, анын ичинде "Ислам мамлекети“ тобунун ишмердиги жанданганы байкалат деп тынчсызданды.
Түпкүлүгүндө Өзбекстанды бүлүнтүүнү каалаган топтун аракеттеринен биринчи кезекте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан запкы тартышы мүмкүн дейт Кадыр Маликов:
- Бизде азыр абдан аялуу катмар деп Кыргызстандын түштүгүн да, Фергана өрөөнүн да айтсак болот. Азыр "Ислам мамлекети" тобу Борбор Азияга белгилүү бир суммадагы каражат багыттаганы тууралуу маалымат бар. Максаты - Өзбекстанды бүлүнтүү, бирок ойлонуп көрсөк ал жакты дестабилдештирүүдө Кыргызстан же Тажикстан да кошо жабыр тартышы мүмкүн.
Кадыр Маликов "Ислам мамлекети" тобу жакында эле Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан барган жихадчыларды бириктирип, “Борбор Азия” деген атайын топ түзгөнүн да кабарлады. Мындай маалыматтардын чын-төгүнүн билүү максатында жана анын алдын алуу иштери кандай жүрүүдө деген сурообузга тиешелүү күч органдарынан жооп ала алган жокпуз.
Анткен менен коопсуздук жана дин маселелери боюнча эксперт, “Ыйман” фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулу саясий, социалдык туташ проблемалары көп өлкөлөргө радикалдуу уюмдар тез сиңерин айтып, бирок мындай коркунучтарга бүтүндөй коом каршы турушу керек деди “Азаттыкка”:
- Мамлекеттин гана чара көргөнү жетишсиз. Буга коомдун бирдиктүү позициясы болушу керек. Күч органдарына же диний кызматкерлерге гана эмес, мындай жоопкерчилик коомдун бардык катмарында болушу зарыл. Ата-эненин, мектептин, журналисттердин, интеллигенциянын жоопкерчилиги бар. Негизи мындай маселеге масштабдуу, системалуу чара - бул диний билимди заманбап талаптарга ылайык жаңылоо деп айтаар элем.
Искендер Ормон уулу кыргыз бийликтери бат-баттан коопсуздук кеңешине чогулуп, коркунучтардын алдын алууга жетиштүүгө көңүл бөлүүдө эсептейт.
Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу
Ал ортодо Эл аралык кризис тобу «Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу» деп аталган отчетун жарыялап, анда "Ислам мамлекетинин" согушкерлери көзөмөлдөп турган аймактарга кеткен же бул экстремисттик топту колдогон борбор азиялыктардын саны 2-4 миңге чейин жетерин шардана кылды. Кризистик топ аймактагы өкмөттөр жарандык эркиндиктерди чектеп, коопсуздук чараларын күч алдыруу менен радикалдаштыруунун отуна кайра май чачып жаткандыгын кошумчалайт. Башка чаралар менен катар бул уюм жаштарга көбүрөөк экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө чакырды.
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Марат Иманкулов “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин катарын тыюу үчүн Борбор Азия мамлекеттери коопсуздук маселесинде тыгыз кызматташуусу керектигин айтты:
- Кошуна мамлекеттер, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен биргеликте, аймактык уюмдар менен чогуу машыгууларды өткөрүү зарыл. Алардын кирип келип жаңжал баштаганын күтүп отурбаш керек, алысты көрө билип иш кылып, биз аларды Тажикстандын чек арасынан тоскудай болушубуз абзел. Азыр көңүл бурбасак, кийин мунун кесепеттери чоң болушу ыктымал.
Эл аралык кризистик топ да Сириядагы соңку окуялар Борбор Азиядагы диний радикалдашуу үчүн өтө кооптуу экенин белгилеп, бул өлкөлөр коопсуздук боюнча атайын көп багыттуу программаларды иштеп чыгышы керек деген кеңеш берди.
Диний эксперт Кадыр Маликов кыргызстандык мусулмандар арасында муфтияттын кадыры улам жоголуп баратканы, ишенимге ээ болбой жатканы, алардын бийлик тараптан көзөмөлдөнүшү жарандардын башка агымдарга кошулуусуна түрткү болууда деген пикирде.
“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин катарына же Сириядагы кандуу кагылышка баргандар интернетке тараткан видеолордун каармандары көбүнесе казак же өзбек улутундагылар болгону менен, Кыргызстандын коопсуздук кызматтары өлкө түштүгүнөн экстремисттик топтордун катарына барып кошулгандар бар экенин белгилеп келишет.