Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

"Дин жаатындагы коркунучтар босогобузда турат"


Сүрөттө: Айт намазга келгендерди милиция текшерүүдө.
Сүрөттө: Айт намазга келгендерди милиция текшерүүдө.

Ушул аптада Чехиянын борбору Прага шаарында “Улуттук коопсуздук жана диний көп түрдүүлүккө мамлекеттердин мамилеси” аталышындагы эл аралык конференция уюштурулду. Ага катышкан дин маселелери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов Прагадагы студиябызда маек курду.

“Азаттык”: Сиз бул тармакта көп жылдардан бери изилдөө жүргүзүп, байкоо салып келе жатасыз, экспертсиз. Азыр Кыргызстанда ушул диний көп түрдүүлүккө мамиле, диний көп түрдүүлүктү чыңдоо саясаты кандай абалда?

Канатбек Мурзахалилов: Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы диний жагдайды "стабилдүү чыңалуу абалында" десек болот. Ошол эле учурда диний абал мамлекеттик органдар жана диний уюмдар тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний уюмдардын жана диний объекттердин саны көбөйдү. 1990-жылдардын башында алар төрт гана багытта иш алып барчу: ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер. Бүгүнкү күндө 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана 3 миңден ашуун диний объекттер бар. Ошол эле протестант багытындагы диний уюмдардын 16 агымы расмий каттоодон өткөн.

Исламдын ичинде да ар кандай жамааттар бар. Алар Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгына баш ийет. Муфтиятка баш ийбеген да ар кандай жамааттар, 20дай ар түрдүү террористтик жана экстремисттик багыттагы уюмдар мамлекет тарабынан аныкталып, 2003-2017-жылдар ичинде ушунча уюмга ар түрдүү соттук инстанцияларда тыюу салынган. Бул уюмдардын көпчүлүгү сырттан каржыланып, тамыры чет жактарда.

Ал эми диний көп түрдүүлүк маселесинде толеранттуулук, бирин бири түшүнүү, диний чыдамкайлуулук маселелери да өз жолуна коюлган, бирок бүгүнкү күндө кээ бир гана локалдуу чыр-чатактар чыгууда. Бул башка динге өткөн маркумдарды көрүстөнгө жашыруу, өздөрүнүн маданият-салтын таркатуудагы тоскоолдуктар, бир динден экинчи бир динге өткөндөрдү коомчулук терс кабыл алганына байланыштуу маселелер.

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан окуяларды эстесек: жакында Жети-Өгүз районундагы Тамчы айылында башка динге өткөн жигитти сабап кетишкени чоң маселе жаратты. Ала-Букада бир байбиченин сөөгүн казып алышып кайра-кайра ар кайсы жерге көмүштү. Ушундай сабырсыздык кыргыз коомчулугуна мүнөздүү болбогон көрүнүштөр эмеспи? Анткени чет элдик эксперттер англис тилдүү басылмаларда "Кыргызстан башка коңшу өлкөлөргө караганда диний көп түрдүүлүккө толеранттуу мамиле жасайт" деп айтканын, жазганын окуп калабыз. Ошол эле учурда ушундай окуялар болуп жатат. Бул эмненин белгиси, сабырсыздык айрыкча жаштар арасында күчөп бараткан жокпу?

Канатбек Мурзахалилов: Ушундай чакан аймакта чыккан чатактар коомчулукта резонанс жаратуусунун себеби - Кыргызстанда ачык коом бар экенинин белгиси. Ушундай эле маселелер Борбор Азияда, башка өлкөлөрдө болсо жабылуу бойдон айтылбай эле калууда. Ал эми биздин ачык коомдо демократиялык принциптердин бар экенин кабарлайт.

Ошол диний чыдамсыздыкка болгон мамиле, жогоруда аталган Ала-Букадагы байбиченин сөөгүнүн бир нече жолу казып алынып кайра көмүлүшү - бул биздин жергиликтүү деңгээлдеги диний кызматкерлердин, ошолорго барып жүргөн жамааттардын диний көп түрдүүлүк, мамлекеттеги секулярдуулук принциптерин түшүнбөгөндүктөн болуп жатат деп ойлойм. Бул үчүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы эл ичинде көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушу керек. Бул жагынан биз аксап жатканыбызды мойнубузга алуу керек.

Ала-Букада сөөк казгандар жазага тартылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Мамлекет диний чөйрөдөгү концепция кабыл алып, анда 80ден ашуун иш-чаралар планга киргизилген. Акыркы эки жылда бул маселелер да аксап калгандай сезилүүдө. Себеби финансылык маселелерден улам жана ошол концепцияны аткаруудагы кээ бир мамлекеттик органдардын алешем көз караштарынан болуп жатса керек деп ойлойбуз.

Жакында эле болуп өткөн “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу жыйында да президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет диний маселелерге катуурак көңүл бөлөөрүн белгиледи. Негизгиси мамлекеттин принциптерин, конституциялык норманын принциптерин сактап, бир эле динге артыкчылык бербей, бардык диндерди тегиз кароо керек. Себеби башка диндерди карманган Кыргызстандын жарандарынын тең укуктуулугун сактоо зарыл.

“Азаттык”: Сабырдуулукту, диний маданияттуулукту жайылтууга биздин диниятчылардын, ошол эле мечиттерде иштеген имам, молдолордун сабаттуулугу, илим-билими жетеби?

Канатбек Мурзахалилов: Диний маселелерди көтөргөндө эле диниятчылар, имамдар, мечиттерге эле басым жасап калганыбыз туура эмес. Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы 30 багыттагы диний агымдардын ичинен бирөөсү гана. Ошол эле мезгилде башка диний уюмдардын өкүлдөрү, протестант багытындагы, орус православ чиркөөсүндөгү, дагы башка диний багыттагы агымдардын жетекчилери дагы мунун үстүнөн иштөөсү керек. Атайын дин аралык кеңеш түзүлгөн. Анын ишин да активдештирип, диний лидерлердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн мамлекет кандайдыр бир чоң жыйындарды өткөрүп, алардын башын бириктирсе, түрдүү динге ишенген адамдар, алардын лидерлери бир столго отуруп пикир алмашып жатканын эл көрсө, калктын ар кандай катмарына сиңип, ынтымак, түшүнүшүү принциптери тереңдеп калат эле.

Моюнга алуу керек, радикализмдин жайылуусунун эң негизги себеби диний билимдин жана жалпы эле билимдин начардыгы. Бул маселе да Бишкекте өткөн конференцияда көтөрүлдү. Бул бир гана Кыргызстанга эмес, бардык постсоветтик өлкөлөргө, Чыгыш Европа мамлекеттерине да тиешелүү маселе болуп жатат.

“Азаттык”: Радикалдашуунун факторлору деп айтып калдыңыз. Мисалы, былтыр Сирияда согушуп жүрүп кыргыз тилинде видео тараткан жигитти көрдүк. Ал “Кыргызстандагы мусулманчылыкты, исламды туура багытта жайылтпаган, тескери иштерди жүргүзгөн адамдарга каршы аёосуз күрөшөбүз” деп айтты. Ал жигиттин таржымалын тактай келсек, бир нече жыл мурда Бишкектеги Жал кичирайонундагы медреседе окуп кеткен экен. Бизде көп эле жолу айтылат, ошол эле өкмөткө караштуу мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү да айткан учурлар болду: Кыргызстандагы медреселердин 70-80 пайызы мыйзамсыз эле иштеп жатат, аларда балдар-кыздарга эмнелерди окутуп жатканы белгисиз деп. Ушул диний билим берүүнү реформалоо мезгили бышып жеттиби? Кандай кылып реформалоо керек?

Канатбек Мурзахалилов: Бүгүнкү күндө диний билим берүүнү реформалоо иши бышып жетилмек тургай, биз абдан артта калдык. Мурдагы чакырылыштагы парламентте диний билим берүү жаатындагы мыйзам мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев тарабынан көтөрүлүп, биринчи окууда гана калып кеткен. Үч жыл өтсө да бул маселе кайра-кайра артка жылып, талкууланбай келет.

Бул маселени дагы тереңирээк изилдеп, тиешелүү комитеттер бул маселенин актуалдуулугун кайра көтөрүп чыгышы керек. Эң негизгиси бул маселеде мамлекет четтен байкоочу катары карабай, оюндун эрежесин өз колуна алуусу маанилүү. Себеби жагдай азыр ошол эле радикалдашуу, диндеги чыдамкайлыктын жоктугу, диний сабатсыздык маселесине келип такалды. Башка Борбор Азия, Европа мамлекеттеринде бул маселе бышып жетилип кандайдыр бир жолго салынып калды. Казакстанда 2004-жылы эле жалпы билим берүү мектептеринде "Диний негиздер" сабагы киргизилген. Бизде пилоттук түрдөгү окутууну киргизгенине эки жарым жыл болду. Бул маселеде биз артта калдык. Муну тездетүү керек.

“Азаттык”: Мисалы, мен 1980-жылдары Бишкектеги атайын мектепте окугам. Анда бизге "Диндер тарыхы" деген сабак окутулчу. Слайддар көргөзүлүп, ислам, христианчылык, буддизм, иудаизм кандай жаралганы, кандай жолдор менен жайылтылганы, күч менен, куралдын күчү менен таратылганын окуганбыз. Ал эми азыр ошол "Дин негиздери" деген сабакта эмнелер окутулат?

Канатбек Мурзахалилов: Пилоттук негизде окутууга келсек, азыр бизде ислам багытындагы теологдор даярдалып жатат. Ошол эле учурда бир диндин үстөмдүгүнө басым жасалбашы керек, себеби антсек биз секуляризм, демократия принциптерин четке кагып салган болобуз. Бул жерде ошол сабак окутулганда балдарга ким сабак берет, билим деңгээли жетеби, окуу куралдары жетиштүүбү деген маселелер коомчулукта талаш-тартыш болуп жатат. Бул окуучулардын, эксперттердин, билим берүү чөйрөсүндөгү адамдардын арасында да талаштуу маселе. Коомдук илимдер, коомдук дисциплиналар боюнча сабак берген мугалимдерди балким кайра даярдаш керекпи, ошол эле теологдорду эмес, дин таануучулардын категориясын, квалификациясын жогорулатуу керектир. Кыргыз-орус славян университети, Улуттук университеттеги дин таануучулардын санын көбөйтүп, ошолор сабак берүүсү керек. Маяна маселесин да кароо керек. Анткени маяна маселесинен улам мектептерге билимдүү адистер барбай жатат.

“Азаттык”: Акыркы убакта угуп калып жатабыз, "Ыйман" фондунун жетекчиси да “мектептерде диний сабактар окутулушу керек” деп айтып кетти. Бул кандай дин сабактары болот, өкмөттө атайын концепция барбы? Бул жөнүндө маалыматыңыз барбы?

Канатбек Мурзахалилов: Мен үчүн да бул маселе караңгы болууда. Себеби биз маселени алдын алуу жагында эмес, көбүнчө артында иштеп жатабыз. Алдын алуу иштерин баамдабай калып жатабыз. Бул мамлекеттик органдардын кайсы бир деңгээлдеги ыкшоолугу, мамлекеттик аппараттын жай кыймылдашы, кандайдыр бир окуяларга моменталдуу реакция жасабаганынын кесепети деп ойлойм. Бул маселе 5-6 жылдан бери көтөрүлүп келатат. Муну мыйзам чегинде гана жөнгө салып туруп жасаса тезирээк чечилмек.

“Азаттык”: Көп учурда радикал, экстремисттик идеялардын жайылышына чындыгында эл арасында дин жөнүндө, ошол эле ислам жөнүндө билимдин жоктугу же төмөндүгү себеп болуп жатат. Ошол диний сабаттуулукту кантип көтөрсө болот?

Канатбек Мурзахалилов: Диний сабаттуулукту жалпы билим берүү мекемелеринде, орто окуу жайларында, жогорку окуу жайларында, мечиттерде имам, молдолордун өздөрүнүн билимин жогорулатуунун үстүндө көбүрөөк иштеп, жамаат менен да иштеп, жалпы эле диний негиздеги насааттарда көбүрөөк айтылса жакшы болмок.

Ошол эле учурда мамлекеттик органдар тарабынан, жогорудагы айтылган "Ыйман" фонду тарабынан көп иш-чаралар болуп жатат. Булардын жыйынтыгы да жакын арада сезилет деген ойдобуз. Себеби ушунча иш-чарадан кийин жыйынтык болушу керек. Ошол эле имамдарга "Ыйман" фонду тарабынан маянанын берилүүсү да алардын өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылышына түрткү болот.

Ошол эле мезгилде Мусулмандардын дин башкармалыгы, муфтият тиешелүү органдар менен да бул багытта тыгыз байланышта иштеши керек. Тыгыз иштебесе радикалдашуу коркунучу, диний чөйрөдөгү терс фактылар биздин коом үчүн коркунуч жаратууда. Бул коркунучтар бизге азыр каалгабызды кагып, босогобузда турат. Ошондуктан бул маселени чечүүдө атайын иштерди колго алуубуз керек.

Тасмада: Сирияга кеткен 29 тоңдуктун кийинки тагдыры

Сирияга кеткен 29 тоңдуктун кийинки тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:03 0:00

“Азаттык”: Ошол эле диний билим берүүнү реформалоо керек деп айта кеттик. Диний билим берүүнү реформалоо маселесине кимдер катышышы керек?

Канатбек Мурзахалилов: Бул жерде эң негизгиси бул Билим берүү министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Билим берүү министрлигине караштуу ар кандай академиялык мекемелер, жогорку окуу жайлары, башка диний уюмдардын мүчөлөрү, дин таануучуларды тартуу керек. Андан соң бир чоң жумушчу топ түзүп, мыйзамды иштеп чыгып, эксперттик топ түзүп иштеш керек.

Азыр диний билим берүүнүн концепциясы кабыл алынды, бирок ишке ашыруу механизмдери реалдуулукка шайкеш келбей жатат. Мунун артынан сая түшүп иштөө керек. 2014-2020-жылдарга кабыл алынган диний чөйрөдөгү концепциянын 80ден ашуун иш-чарасынын ичинен бүгүнкү күндө 30у гана ишке ашты. Азыр коомчулукта талкуу жараткан "Диний уюмдар жана дин эркиндиги жөнүндө” мыйзам да концепцияда 2016-жылы даярдалып бүтүп, Жогорку Кеңешке тапшырылышы керек эле. Азыр 2018-жылдын аягы болсо да, эми гана коомдук талкууга чыгарылып жатат. Бул маселеде да кечигип жатабыз. Коркунучтарды алдын алыш үчүн мамлекет тезирээк реакция кылып иштеши керек. Анткени дүйнөлүк тажрыйба кечиксек, арты кандай болорун көрсөтүп жатат.

Кыргыз коомчулугунда азыр дин жаатында билимдүү адистер, эксперттер, дин таануучулар бар. Ошолордун баарынын кандайдыр бир идеянын негизинде башын бириктирип, чоң жумушчу топ түзүп, талаштан тактык жаралат дегендей биргелешип иш алып барса жакшы болмок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG