Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Кыргызстандагы буддизмдин издери

1
Кызыл - Өзөн байыркы шаарындагы төрүндө Будданын чоң айкели турган, жаңы табылган үчүнчү храмдын жалпы көрүнүшү.

2
Храмдын төрүн ээлеген беш метрлик бул Будданын тегереги бир кездерде абдан жасалгалуу жана кооз болгону анын тегерегиндеги калдыктардан улам белгилүү болуп отурат.

3
Жаңы табылган үчүнчү кечилкананын храмындагы беш метрлик Будда. Ал түштүк-чыгышты карап, мандаш токунуп отурган калыбында белинен ылдый гана сакталып калган. Башы храм ураганда талкаланса керек.

4
Будданын алдына коюлган идиш жана бир кездеги кооз жасалгалардан калган калдыктар.

5
Үчүнчү храмдын ичинде, беш метрлик Будданын алдынан табылган фрагменттер.

6
Ушул тегеректе, чоң аймакты ээлеп жаткан байыркы чоң шаар - Кызыл - Өзөндүн чыгыш тарабынан табылган Карахан мезгилиндеги турак-жай калдыгы. 9-11-кылымдарга таандык.

7
7-8-кылымдардагы Будда храмы. Бул - археологдор 1960-жылдары тапкан экинчи храм. 80-90-жылдары үстү жабылып, мамлекеттин коргоосуна алынган.

8
7-8-кылымга таандык экинчи храмдын чыгыш капталы.

9
Экинчи храмдын дубалдары.

10
7-12-кылымдардагы археологиялык эстеликтин бири - шаардын бийик чеби, сепил. Чынында эле бийик кырдын башында ушундай курулуш бар экен.