Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:57

Багбанчылыктан баар тапкан аксакал


Нармухаммад аксакал жубайы Замира эне менен.
Нармухаммад аксакал жубайы Замира эне менен.

Ноокаттык 67 жаштагы багбан Нармухаммад Тажиматов өз үйүндө мөмө-жемиштин түрүн өстүрөт.

Багбанчылыктан түшкөн киреше менен уул-кызын үйлөп-жайлап, кемпири менен ажылыкка да барып келген. Тамаркасында Кыргызстандын шартына ылайыкташкан алма-өрүктөн тышкары банан да бар.

Ноокат шаарына жакын Шекер-Кыштак айылында жашаган Нармухаммад абанын тамаркасында жыйырмага жакын мөмөлүү дарак бар. Дарбазадан киргенден эле мүшөккө салынган алмаларга көз урунат.

Нармухаммад аба алма терип жатат.
Нармухаммад аба алма терип жатат.

Биз барган кезде аксакал бийиктиги 15 метр болгон алмурутка тепкич менен чыгып түшүм жыйнап жүргөн экен:

- Бул алмурут 63 жыл мурун тигилген. Менден төрт жашка кичүү. Бала кезимде атам тиккен дарак. Анын мөмөсүн колдо жасалган 13 метрлик тепкичке чыгып теремин. Дарактын өзүнө чыкпаш керек. Бутагы морт болот, жыгылып кетесин. Белиме жипти байлап, коопсуздук чараларын көрүп, анан өзүм бийикке чыгып мөмөсүн терем.

Жетимишке таяп калган менен жаш жигиттердей шамдагай кыймылдаган Нармухаммад Тажибаев бир колунда челек, бир колунда мөмө жыйнаганга ылайыкташкан зым менен күнүгө жүздөгөн килограмм түшүм жыйнайт.

- Багбанчылык менен жаш кезимен бери алектенем. Колхоздо 43 инженер-энергетик болуп иштедим. Пенсияга чыккандан кийин биротоло багбанчылыкка өттүм. Азыр тамаркамда 17 түрдүү мөмө-жемиш бар. Алманын түрлөрү, анар, алмурут, жүзүм жана башка бак-дарактарым мөмө берет. Багбанчылыкка кызыгам. Каерде мөмө көрсөм, сатып алып, тиге берем. Мисалы, бул алмурутту Башкырстандан алып келгенмин. Тагыраак айтсам, ошол жактан үч түрдүү алмурутту алып келип, бири-бирине улап, бир даракка кыйыштырып койгом. Үч түрдүү мөмө берет. Кызыл, жашыл жана сары. Кары кишилер жей турган жумшак алмурут.

Быйылкы түшүмдүн бир бөлүгү.
Быйылкы түшүмдүн бир бөлүгү.

Нармухаммад Тажиматов алма-өрүктөрдүн ортосунда банан да өстүрүп жатат:

- Кызым Ферганада жашайт. Анын үйүнө барсам, күйөө балам банан өстүрүп жатыптыр. Ошол жерден кичинекей көчөтүн алып келдим. Ошто бир аял банан өстүрөт деп угуп, ага барып кеп-кеңеш сурадым. Алар күнөсканада чоңойтушат экен. Мен күнөскана кылбадым. Кышында тамыры менен көчүрүп, жертөлөдө сактайм. Жазында алып чыгам. Быйыл жети жыл болду. Мөмө бере баштады. Бирок ар бир мөмөлүү дарак өзүнө ыңгайлуу климатта жакшы өсөт экен. Кыргызстан банандын мекени болбогондуктан, түйшүгү көп.

Нармухаммад аванын бананы.
Нармухаммад аванын бананы.

Нармухаммад аксакалдын үйүнүн тамаркасы 13 сотых. Ал жерден жылына эки жүз миң сомдон ашуун киреше алат. Андан тышкары, тоонун түбүндөгү 50 сотых жерге да бак тиккен. Аны төрт уулуна бөлүп бериптир.

- Быйыл 5 тонна алма саттым. 70 миң сом акча болду. Эми бийалма, алмуруттарды жыйнап жатам. Алар бир аз кымбат баада болот. Оштон ишкер балдар келип алмурутту 20 сомдон алып кетебиз дешти. Берген жокмун, бир аз убакыттан соң андан эки эсе кымбат сатам. Тиричилигибиз ушул.

Нармухаммад Тажиматов өстүргөн бийалма.
Нармухаммад Тажиматов өстүргөн бийалма.
P.S.: ​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG