Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Министр Бороновдун жети анты


Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Ак үйдөгү “Азаттыктын” ишенимдүү булактары эгер техникалык өкмөт түзүлө турган болсо аны Кубатбек Боронов башкарышы мүмкүн экенинин айтышат.

2011-жылдан бери чукул кырдаалдар министри болуп келе жаткан Бороновду президент Алмазбек Атамбаев да жактырары белгилүү.

Жогорку Кеңеште аны атүгүл Орусияда бир канча жылдан бери өкмөттө жүргөн Сергей Шойгу менен да салыштыргандар болгон.

Анткен менен көптөн бери ээрден түшпөй жүргөн, репутациясы мыкты делген министр Боронов Дача-СУдагы учак кырсыгына байланыштуу күмөндүү фактыларды жайгарууда негизги ролду ойноп жатканы айтылып келет. Президенттин эң көп кабыл алуусунда болгонунун башкы себебин ушул жагдай менен түшүндүргөндөр болгон.

Ак үйдөгү “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынан эгер азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе же президенттикке талапкер болуп калса техникалылык өкмөт түзүлүп, аны Кубатбек Боронов башкары маалым болду.

Кыргызстандын Шойгусубу?

Кубатбек Боронов министр катары жалпысынан жети жолу ант берди. Дээрлик ар жылда эле премьер-министр алмашып, өкмөт курамы жаңырган сайын кызмат ордунда калды.

Ноябрь айында парламентте өкмөттүн жаңы түзүмү каралып жатканда “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Бороновду Орусияда 20 жылга жакын министр болгон Сергей Шойгу менен да салыштырып жиберген жайы бар.

- Эски министрлерден мына урматтуу чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Орусиядагы министр Сергей Шойгудай болуп буюрса дагы 17 жыл министр болот го деген үмүт бар. Сиз жаңы келген министрлерге баш-көз болуп айтып турсаңыз.

Алмазбек Атамбаев Кубатбек Бороновду тез-тез кабыл алып турат
Алмазбек Атамбаев Кубатбек Бороновду тез-тез кабыл алып турат

Генерал-майор Кубатбек Боронов 53 жашта, Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1986-1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун айыл чарба курулушу адистиги боюнча билим алган. 1991-жылдан 2000-жылга чейин негизинен курулуш тармагында иштеген.

Чукул кырдаалдар министрлигине 2003-жылы келген жана 2011-жылга чейин бөлүм башчылык кызматтан министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

Боронов чукул кырдаалдар министри болуп 2011-жылы Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын квотасы менен дайындалган. Гезиттердин бирине берген маегинде анын бул кызматка келишине ошол кезде “Республика” фракциясынан депутат болуп отурган, азыр “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин салымы чоң экенин ыраазы болуу менен эскерген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарыхында Боронов ошол системадан чыккан жападан жалгыз министр.

Алтынга байланыштуу айтылгандар

Кубатбек Боронов тууралуу 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ушул тушта бозгунда жүргөн Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл” деп аталган чуулгандуу китебинде сөз болгон.

Китепте 2011-жылы күзүндө, президенттик шайлоо маалында үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткен деп жазылган. Жапаров алтын зилзаладан жабыр тарткан Түркияга гуманитардык жардамдын арасына катылып алынып барылган жана бул тууралуу атайын кызматтын өкүлдөрү тымызын маалымат берген деп айткан.

Алтын тууралуу ошол кезде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп турган Кубатбек Бороновго айтылганы белгиленген. Боронов жүктү Түркияга коштоп барбаганын, бирок анда алтын болбогонун айтып келет:

- Түркияга мен барган эмесмин. Министр ал убакта Болотбек Борбиев болчу. Жүктү Борбиев коштоп барган. Алтын алынып бараткан болушу мүмкүн, ушундай маалымат бар деп бизге айткан. Биз жүктүн баарын текшергенбиз, андай алтын табылган эмес. Садыр Жапаровдун алтын тууралуу мага маалымат берип, "этият болгула" деп эскерткени чын. Өкмөттүн биринчи токтому боюнча Түркияга мен барышым керек эле, бирок кийин Борбиев жөнөп кеткен. Бирок жүктү биз тыкыр текшерип туруп, учакка жүктөп бергенбиз.

Садыр Жапаровдун китебиндеги алтынга байланыштуу айтылгандарды Башкы прокуратура да текшерген жана мындай факт аныкталган жок деген корутунду чыгарган.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин тарыхында Боронов ошол системадан чыккан жападан жалгыз министр. Медиа чөйрөсүндө ачык, суроодон качпаган, элпек өкмөт өкүлү катары таанымал жана журналисттер дагы анын ушул сапатын өзгөчө баалашат

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG