Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Идеологиясы жок өлкөнүн жаштары радикалдашат


Бүгүн "Ачык сөз", "Азия ньюс", "ПолитКлиника" гезиттери жарык көрдү.

"Ачык сөз" гезити Жора Сулаймановдун "Лидерлер тегерегине кимдерди топтойт?" деген макаласы менен жаңы санын ачып, аты бар, заты жок партиялар жана алардын башчылары тууралуу сөз кылды.

Гезитте илимдин доктору Сыртбай Мусаевдин "Касым Тыныстанов жана Болот Юнусалиев" деген орус тилиндеги макаласы, жазуучу Төлөнбай Абдыразаковдун жаңы китебинин бет ачары тууралуу сөз, белгилүү адабиятчы, жазуучу Абдыкерим Муратов тууралуу ой-пикирлер, айыл чарба адиси Кемелбек Ниязовдун "Элдин тынчтыгы, бакубат жашоосу баарынан жогору туруш керек" аттуу макаласы, жазуучу Жумабек Токтогазиевдин "Чекеңден Кудайдын мөөрүн көрбөдүм" деген, Конуш Жетишиковдун "Абдрашит ырчыны көрүп калдым" деген, таланттуу жазуучу Тойчубай Субанбековдун "Эр Садыр" романы тууралуу мугалим ардагер Сексенбай Турдукожоевдин пикири жарык көрдү.

"Азия ньюс" гезити илимдин доктору Курманбек Абакировдун илимпоз Гүлбара Орозованын илимий чыгармачылыгы жөнүндө оюн, эл акыны Сагын Акматбекованын эсселерин, белгилүү акындар Тынчтыкбек Нурманбетов менен Өзүбек Абдыкалыковдун жаңы ырларын жарыялады.

Булардан тышкары Өмүрбек Текебаевдин аялы Айгүл Текебаеванын маеги, илимдин доктору Жеңиш Чымановдун жазуучу Бейшебай Усубалиев тууралуу макаласы, депутат Жанар Акаевдин "Мен Атамбаевге чыккынчылык кылган жокмун" деген, генерал Ашырбек Бакаевдин "Темир мырзанын эрктүүлүгү, темирдей бекем тартипти туу тутканы жагат" деген, Аликбек Жекшенкуловдун "Улуттук идеология жок болсо жаштар радикалдаша баштайт" деген маектери жана башка макалалар, майда кабарлар басылды.

"ПолитКлиника" гезити "Сентябрь" телеканалы тууралуу анын башкы редактору Канышай Мамыркулованын жана КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун айткандарын басты. Аталган гезиттен Нариман Түлеевдин "Соттун өкүмүндө конфискациялоо тууралуу айтылган эмес" деген, Мамлекеттик мүлк башкармалыгынын төрагасы Болсунбек Казаковдун "Жогорку Кеңештин чечимине чейин Түлеевдерге тиешелүү "Караван" соода борбору мурункудай эле иштей берет" деген макалаларды, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин "Кыргызстандагы саясый чыңалууну жана тирешүүнү жөнгө салуу керек" деген маегин окуйсуздар.

Журналист Үсөн Касыбеков "Журналисттерге тиш кайраган Акылбек Жапаров" деген макаласында Жапаровдун айтканында чындыктын үлүшү жок эместигин кеңири талдоого алып, бирок аны менен бирге эле Жапаров өзү да "өз башындагы төөнү көрбөй, журналисттердин башындагы чөптү көрө коем" деп кутулбай турган балээге калганын кеп кылды.

Ушул эле "ПолитКлиника" гезити Эмил Каптагаевдин сандан санга жарыяланып жаткан "Референдум сабактары" баянын улантты. Ошондой эле сүрөтчү Азамат Жаналиевдин, Айгүл Текебаеванын маектери, диний билим берүүнүн көйгөйлөрү тууралуу ой-пикирлер топтому, жазуучу Жеңишбек Эдигеевдин "Үн катпаган саптар" аттуу баяны, журналист Айгүл Бакееванын "Бизнестеги каталыктар" деген, СССРдин спорт чебери Руслан Искеновдун "Темир Сариевдин кичинесинде эле лидерлик сапаты бар болчу" деген макаласы, ырчы Айпери Сыдыкованын маеги жарык көрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG