Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Гезиттер: "турист" ажылар, так талаш


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн "Ачык сөз", "ПолитКлиника", "Азия ньюс" гезиттери жарык көрдү.

Бийликтен кеткен Атамбаевдин тагдыры кандай болоруна кызыккан "Ачык сөз" гезитинин автору Улукшердин пикиринде, Атамбаев тобокелчиликке барып, "өзүн эр ойлогондорду деле мыйзам чегинде ойрондотууга жетишти. Алыстан гитарасын чертип келип өзүм билемдик менен шугулданам дегендерди да ээк талаштыра коюп эсин оодарды. Антпесе өлкөнү майкандап сазга айландырып бакача бакылдап кетишери калп эместир. Көксөгөн максаттары ойрондолгон "шерлер" балээни тынч жатабы. Бирок дөөсү кокуйга калган соң беркилеринде анчалык кубат жок болуп калганы айкын көрүндү",- деп жазат автор. Улукшер "Атамбаев эл ичинде падышалыктан кеткенден кийин да өмүрүн бакубат өткөрө алат" деп ишенет.

Журналист Жора Сулайманов "социалдык жарылууну кимдер жараткысы келет?" деген суроосуна жооп издеген. "Капыстан оппозициянын "бакандай" кишисинин жашыруун кеби өтө жакындарына айтылыптыр. Көк жалдарым, эптеп күзгө чейин чыдагыла! Анан өзүнөн-өзү социалдык жарылуу пайда болот. Жүз миңден ашуун адамдар жер бербедиңер деп бийликтин мойнуна чынжыр байлайт. Ошондо азыркы билермандардын бутуна кишен салынат. Булар көлөкөсүнөн корккон байкуштар! Силер тынбай жер мафиясы тууралуу айтып элдин кулагын бышыра бергиле. Тилинде "мөөрү" барларды чабуулга киргизгиле. Мына ошолордун кудурети аркылуу көксөгөн пландарыбыз ишке ашат. Анан шайлоонун ойрону тос-тополоңдон чыгып, бийликтин бели омкорулат. Азыр кулдай жүгүрүп ажого кошомат кылгандар биздин бутубузга жыгылат. Алардын жүзү жок, шамал кайсы тараптан соксо ошол жакка ыңгайлашып жашашат. Буйруса жыл аягында мына биз келип, бийликтин өкүмүн жүргүзөбүз. Жерди "былк" эттирбей элге кестирип берип абалыбызды бекемдейбиз. Көрөбүз ошондо, Кой-Ташта ким жашарын деп беркилерди белсендирип коюптур. Бул сөздүн чындыгы бар", деп жазат Жора Сулайманов.

Басылманын жаңы санында белгилүү окумуштуу Сыртбай Мусаевдин "Касым Тыныстанов жана Болот Юнусалиев" деген макаласы да чыкты. Бийлик кысымына кабылган дагы бир кыргыз аалымы Ташым Байжиевдин кайгылуу тагдыры Жайна Садыкбек кызынын "Өкүттө кеткен өмүр" деген макаласында козголгон.

Токтогул районундагы Чоң-Арык айылындагы Коргоол Досуевдин музейинин башчысы Турсункан Досуеванын кайрылуусу "Аукционго коюлган арбактар же элди экиге бөлгөн жер адиси" деп аталат. Анда 1994-жылы Корголдун музейине деп 2,5 гектар жер бөлүнгөнү айтылат. Кийин ал жер музейге ижарага берилген. Он жыл өткөндөн кийин айыл өкмөтүнүн жер адиси ал жерди музейге бере албасын билдирип, аукционго коюларын ырастаган. Кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу акындын музейин бала-чакасы карап, ага караштуу жерди гүлдөтүп, бак-дарак өстүрүп койсо, аны аукционго коюп акчага саткысы келген жер адисинин мындай аракетине нааразы болгон музей башчысы элге кайрылган.

Ушул эле гезиттеги Зулхабира Ажыматованын макаласы териге жан киргизип, керемет өнөрдү аркалап келаткан сүрөтчү Шераалы Сооронбаевдин чыгармачылыгына арналган. Макала "Шераалы жараткан шедеврлер" деп аталат.

"ПолитКлиника" гезити КСДП партиясы президентке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду алдыга сүрөп чыкканын жазды. Ушул эле гезитте экс-президент Роза Отунбаеванын "Шайлоого душмандар катары эмес, атаандаштар катары барууну сунуш кылам" деген жыйында сүйлөгөн сөзү жарыяланды. Отунбаеванын ырасташынча, Кыргызстан кедейликти азайтуу боюнча олуттуу иш жүргүзө алган жок. Калктын 32 пайызы кедей жашайт.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин "Референдум сабактары же өлкөнү "жиндичиликтен" коргоо зарылдыгы жөнүндө" деген сандан-санга жарыяланып келаткан макаласынын уландысы да ушул гезитке чыкты. "Президент Атамбаевдин турмушка ашуусу күмөн болгон, шашылыш түрдө чийки даярдалып жаткан "2040" деген стратегиясында жазылып жатат деп эле, ал жерде "кыргыз жараны" деген түшүнүктү калыптандыруу идеясы айтылып калды деп эле паспорттон "улуту" деген маанилүү жерин алып салышты көрүнөт" деп жазат макала автору.

Гезиттеги Айгүл Бакееванын "Бала чагында актер болгондор" деген макаласында Чыңгыз Айтматовдун айтылуу "Жамийла" повести боюнча тартылган кинодо Сейиттин ролун Назрет Дубашев, ал эми "Саманчынын жолу" киносундагы Жайнактын ролук Токтогул Какчекеев ойногону баяндалган. Айтылуу кинорежиссёр Болот Шамшиевдин маеги "Сариев убадаларын аткарат деп ишенем" деп аталат.

КСДП партиясынын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековду колдогонун "Азия ньюс" гезити да жазды. Ноокенде элүүдөн ашуун бала ууланганы, Тоскоол айылындагы Токторбаев атындагы мектептин ичин текшертүү керектиги парламент депутаты Айтмамат Назаровдун "Ноокенде балдар эмнеге ууланды? Себебин ачыктайлы!" деген маегинде козголгон.

Парламенттин дагы бир депутаты Аида Салянованын "Атамбаев көптөгөн адамдардын убалына калууда" деген маеги да гезиттин ушул санында. "Тергөө бүттү. Бир далили жок сот процессин баштаганы турушат. Эртеби-кечпи, алар мыйзам алдында жооп берет деңизчи, буга күмөнүм жок. Бирок мамлекеттин мыйзамынан дагы улук Кудайдын мыйзамы бар. Жалаа жабуу чоң күнөө. Мындай күнөөгө Атамбаев көптөгөн адамдарды түртүп, алардын да, ошол эле сот, прокурор, тергөөчүлөрдүн да убалына калып жатат", дейт Аида Салянова.

Басылмада Анарбек Усупбаевдин "Абдышүкүр, Чубак, Өзбек, Турсунбай сыяктуу "турист" ажыларга эскертүү" деген кайрылуусу, Нургул Сулайманованын "Балдарыбыз 1890-жылы курулган мектепте билим алууда", Чолпонбек Сыдыкбаевдин "Айрымдар мүнөздөгөндөй Сапар Исаков мадыра баш эмес, Путин сымал келечектүү саясатчы" деген маеги жарык көрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG