Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Баш мыйзам өзгөрүүгө муктажбы?


Көп күндүк майрам менен дем алыштардан кийин өкмөттүк гезиттер жарыкка чыккан жок. Эркин басылмалардан “Алиби” менен “Фабула” гезиттери күркөлөргө түштү.

“Алиби” гезити Аида Асанбек кызынын “Реймандын “Мегакомду” басып алуу аракети кыйрады” деген макаласын тартуулады.

Автор “Кыргызстандын Юстиция министрлигинин чечимине ылайык, Максим Бакиевдин жан-жөкөрү Реймандын “Мегакомду” 3-ирет тартып алууга болгон аракети кыйраганын, бул жолу кыргыз фемидасы болуп көрбөгөндөй психологиялык басымга карабастан, мыйзамдуу жана адилет чечим кабыл алып бергени жаш кыргыз демократиясынын эл аралык аброюн арттырары анык” деп баалады.

Журналист Адилет Айтикеев макаласында президент Роза Отунбаеванын Баткен дубанынын эли менен жолугушуусун баяндады. Баткендин эли үч президентке тең ыраазы экендигин облустун басма сөз катчысы Мамажан Бердишевдин сөзүнөн улам билген автор Самаркендек айыл тургуну Алпиниса Талипованын айткандарын жарыя кылды.

Талипова Алпиниса кабарчыга: 25 сомдон солярка беребиз деген өкмөттүн убадасы аткарылбай, солярка тургай таш-балакет да жок. Баткенге келген солярканын көбүн Тажикстанга сатып жатышат. Тажикстан 42 сомдон сатып алып, кайра кыргыз тарапка 47 сомдон сатат. Өкмөт 1 млрд. сомду дыйкандарга 9 проценттен кредит катары бөлдүк деди эле. Аны биз телевизордон уккан бойдон жүрөбүз. Балээнин баарын Бакиев кылып атат дешти эле, Бакиев кетти, кана кыйратканы?-деп суроо койгон.

“Алиби” гезити муну менен бирге эле “Президент парламентти неге шаштырууда?”, “Баш мыйзам өзгөрүүгө муктажбы?” деген макалаларга орун берди.

Жаңы Баш мыйзамга да эртеби-кечпи, өзгөртүү киргизүү эч кимде талаш-тартышты жаратпай калганын белгилеген автор, мына ушул Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоого Конституция дегенден таптакыр түшүнүгү жок өкмөттүк эмес уюмдардан, жарандык чөйрөдөн жана молдоке-солдокелерден турган топтор катышканын, ошондо молдокелер Кыргызстанды исламий мамлекет кылабыз деп бакырып атканда эле коомчулук бул Баш мыйзам да жыргатпай калды деп Конституциядан түңүлгөнүн эске салды.

Жакында өлкөнүн 1-адамы, президент Роза Отунбаева Конституцияга өзгөртүү кийирүү керек деген оюн ачык билдиргенин, эми Кыргызстандагы мыйзамдардын эң эле көбүнүн автору болгон Өмүрбек Текебаев “Баш мыйзам жайыл дасторкон же болбосо сыйкыр таяк эмес” деп жооп бергенден качкандын ордуна, расмий билдирүүгө расмий жооп бериши керектигине, эгер өзгөртүү киргизиле турган болсо, мурдагыдай коомчулуктун талкуусуна алып чыгабыз деген жалган демократияга жамынтып албастан, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей адистердин колуна берүү зарылдыгына токтолду.

Ушул эле маселеге макаласын арнаган баяндамачы Папан Дүйшөнбаев “Эгер мындан ары да парламенттик башкаруу сактала турган болсо, анда президенттин үч бийлик бутагынын ортосундагы арбитрдик функциясы калтырылып, ички жана тышкы саясатты жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктар толугу менен өкмөт башчысына өткөрүлүүгө тийиш. Жергиликтүү өз алдынча башаруу, саясый партиялар жана бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдар президенттик шайлоого чейин жаңыча формадагы башкаруу принциптерине, талаптарына ылайык келтирилиши керек. Дал ушул маселелер боюнча президенттин парламентти шаштырганы эң туура деп ойлойбуз” деп жазды.

7-апрелде курман болгон Таалайбек Сарыбаевдин апасы Сыйна Жумакаирова менен келини Нуржан Асаналиеванын ортосундагы үй талаш маселесине жакын арада чекит коюлбай турганын, чындык ким тарапта экенин акыры мезгил аныктарын белгилеген “Фабула” гезити бүгүнкү санына буга байланышкан үч тараптын ой-пикирин ортого салды.

Окко учкан Таалайбектин апасы Сыйна Жумакаирова маегинде абышкасы экөө тең оорукчан экенин, уулу каза болгондон кийин эзели тааныбаган каяктагы Нуржан Асаналиева деген келин Таалайбек үчүн берилген үйдү “Мен Таалайбектин аялы болчумун” деп алып койгонун, “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев чуркап жүрүп, үйдү Нуржанга алып берип койгонун, Нуржан деген “Таалайбек менен жашагам” деп жөн эле догурунуп атканын, өзүнүн Айзада деген келини, уулунан калган туягы Элдияр деген баласы барын, ал эми Нуржан деген азыр Нурлан Дүйшеев деген менен жашарын айтса, Нуржан Асаналиева, кайын энеси Сыйна Жумакаированын бул айткандарынын баары карандай калп экенин, жолдошу Таалайбек менен түтүн булатып, 9 жыл чогуу жашап, 2 кыздуу болушканын, маркумдун көзү тирүүсүндө “кайын ата, кайын эне” болуп, жакшынакай эле жашап келишкенин, буга бүтүндөй Чоң Өрүктү айылы күбө болорун, эми азыр болсо телефон чалып “өлтүрүп кетем” деп коркутуп атканын айткан.

Ал эми “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев буга:

- Мындай үй талашып, ызы-чуу болгон үй-бүлөлөрдүн бүгүн 7-8и бар. Баарын комиссиянын негизинде карап чыксакпы деп жатабыз. Ал эми Таалайбек Сарыбаевдин жубайы менен жашаганын иликтеп чыктык. Ошол иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маркумдун жакындарына берилген үйдүн 2 бөлүгүн жубайына, 1 бөлүгүн ата-энесине тапшырдык. Анткени 1 млн. сомду да маркумдун ата-энеси алган,-деп жооп берди.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын төрагасы Бексултан Жакиев менен маек жарыяланды.

Ош окуясын 7-апрелдеги революцияга каршы чыккандар чыгарганын айтып келаткан Кыргыз эл жазуучусу бул окуя мындан ары кайталанбашы үчүн кыргынды уюштургандардын бетин ачып, жазага тартуу керектигин айтты.

Курултай маселесине токтолгон Бексултан Жакиев акыркы кездери курултайлар кызматка жетпей калгандардын курулай жыйындарына айланап баратканын, өткөндө Шамшыбек Медетбековдун филармонияда өткөргөн курултайына барып катышканын, айрым курултайчылар “өкмөттү таркатып, керек болсо президентти кызматтан алып, парламентти таркатып ийгенге укугубуз бар” деп дүкүлдөгөнүн, анан аларга: “Курултай бул бийлик башында турган адамдарга кеңеш бере турган уюм катары түзүлүш керек” деп айтканын, курултайчылар анысы аз келгенсип “Манаста” мындай болгон деп, “Манас” эпосун мисалга ала жыгылганын, бирок “Манаста” эч кандай курултай жоктугун, жөн гана эл чогулуп Манасты хан көтөрүп алганын дагы бир жолу таанытып өттү.
XS
SM
MD
LG