Муну жергиликтүү укук коргоочулар кубаттап, президентти мындан ары да маалымат каражаттарынын ишине кийлигишпөөгө жана басым кылбоого чакырып жатышат.
17-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго каршы беш млн. сом доосунан баш тартты. Ошону менен катар айыпкердин өлкөдөн чыгышына тыюу салган чечим да жокко чыгарылды.
Журналист Кабай Карабеков акыркы жылдары сөз эркиндигине бийликтин басымы күч алып кеткенин белгилеп, жаңы президенттин бул кадамы массалык маалымат каражаттарына карата кысым токтотулат деген үмүттү пайда кылаарын билдирди.
- Акыркы жылдары ММКдагы эркиндик, демократиялык баалуулуктар начарлап кеткен. Бүгүнкү президенттин кадамы баары оңолооруна үмүт берди. Бул алдыга ташталган чоң кадам. Биз "мындан кийин оң жол менен кетебиз" деп ишенишибиз керек. Мурунку бийлик тебелеген "демократиянын аралчасын" кайра алып чыгышыбыз керек.
Ал эми 19-апрель күнү Жогорку сот “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүн кайра кароого жиберди. Буга чейин Бишкек шаардык жана райондук соту Жакуповага коюлган айыпты бөлүп төлөөгө тыюу салган чечим чыгарган болчу.
Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековдун Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан чечимин кубаттады. Комитет экс-президент Алмазбек Атамбаевди да укук коргоочу, журналист, юристтерге карата ири өлчөмдөгү доолорунан баш тартууга чакырды. Комитеттин өкүлү Адил Турдукулов мындай деди:
- Ал абдан жакшы үлгү көрсөттү. Атамбаев эле эмес, башка да мамлекеттик аткаминерлер, депутаттар соттошуп, доо коюу жолу менен журналисттердин оозун жабышы туура эмес экенин белгиледи. Бул абдан жакшы жөрөлгө болду.
Медиа жаатындагы адистер сөз эркиндигин колдоо ишараты бийликтин өзүнө да утуш алып келип, коомчулуктун ишенимин арттыраарын белгилешет. Медиа-эксперт Марат Токоев бул кадамдын саясий маанисине токтолду:
- Мунун саясий да жагы болуп калды окшойт. Жээнбеков Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугуп келгени таасир этти. Анткени анын алдында журналисттер менен жолугуп жатканда Карабеков боюнча башкача мааниде айтып жаткан. Эми болсо доосун алып койду.
Ошол эле учурда талдоочулар арасында азыркы сөз эркиндигине карата мамиленин жумшарышын бийлик алмашкан учурдагы убактылуу көрүнүш катары сыпаттагандар бар. Алар мурдагы бийлик башчыларынын тушундагы миллиондогон доо коюу өнөкөтү түптөлүп калгандыктан, бийлик башындагылар бул жолго кайра кайтып барбайт деген кепилдик жок экенин эскертишет.
- Мындай нерселер өзүнө упай алып келип жатат. Азыр коомчулукта ишеним артылып, эл үмүт кылып турат. Бирок бийлик алмашкан учурда ушундай болот. Башында үн катпай, элге жага турган пиар кадамдарды жасайт. Өзүнүн бийлигинин чыңдап алгандан кийин башкача мамиле кылышы мүмкүн, - деди саясат талдоочу Сейтек Качкынбай.
2017-жылдын 11-сентябрында 24.kg сайтында Кабай Карабековдун чыккан макаласы боюнча ошол кездеги талапкер Жээнбековдун штабы моралдык зыян иретинде макаланын автору менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнүп сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары ишти Жээнбековдун пайдасына чечип берген. Бирок быйыл 5-февралда президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү тууралуу доосунан да баш тарткан.
Ушул тапта мурунку азыркы экс-президент Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө ал бийликте турган убакта башкы прокурор берген доо арызга ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими күчүндө турат. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.