Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Бекматов: БШК шайлоо өткөрүүгө толук даяр


Кыргыз парламенти президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ошентип, буга чейин белгисиз болуп келе жаткан президенттик шайлоо күнү расмий жарыяланды. Эми шайлоого даярдык көрүү боюнча кандай жараяндар башталат? "Азаттык" радиосунун суроолоруна БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди.

"Азаттык": Жогорку Кеңештин президенттик шайлоо күнү боюнча атайын токтомунун негизинде добуш берүү 15-октябрда өтмөй болду. БШК даярдык иш-аракеттерин эмнеден баштайт? Жол-жоболору кандай болот?

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

Абдыжапар Бекматов: Токтом жарыяланган күндүн эртеси талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталат. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук иш-чаралардын календарлык планын түзүп бекитебиз. Андан тышкары шайлоого кетүүчү каржылык чыгымдардын сметасы бекитилет. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар, участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары менен биргеликте шайлоону даярдоо, өткөрүү багытындагы иш-аракеттерди жүргүзөбүз.

Этаптарга бөлүп айтсак, шайлоо күнүн белгилөө тууралуу чечим жарыяланган бир күн өткөндөн кийин саясий партиялар жана Кыргызстандын жарандары президенттикке талапкерлерди сунуштай баштайт. Андан кийин жылдырылган талапкерлер өз пайдасына, өзүн колдогон 30 миңден кем эмес кол топтоого тийиш. Топтолгон кол менен бирге мыйзамда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.

"Азаттык": Талапкерлерди көрсөтүү этабы качан аяктайт жана болочокто президент болгусу келгендерге коюлган талаптар кайсылар?

Абдыжапар Бекматов: Булар шайлоо күрөөсү боюнча, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин, өзүн өзү көрсөткөндөр болсо алардын тиешелүү арызын, белгиленген формада толтуруп БШКга тапшырышы керек. Мындай талапкерлерди жылдыруу эки субъектке тиешелүү: саясий партияларга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына.

Талапкерлерди көрсөтүү өзүнчө чоң этап. Шайлоого 75 күн калганга чейин жүргүзүлөт, 75 күн калганда талапкер көрсөтүү жараяны аяктайт. Шайлоого 45 күн калганга чейин Боршайкомго тиешелүү документтерди тапшыруу этабы башталат. Документ тапшырылгандан кийин 10 күн ичинде БШК көрсөтүлгөн талапкерди каттоо же андан баш тартуу боюнча чечим кабыл алат. Шайлоого 35 күн калганда талапкерлерди каттоонун мөөнөтү соңуна чыгат. Ошол мөөнөт бүткөндөн тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

"Азаттык": Президенттик шайлоого төрт ай калды. БШК бардык иштерди даярдап, аткарып жетишеби?

Абдыжапар Бекматов: Борбордук шайлоо комиссиясы төрт ай аралыгында шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук иштерин, техникалык маселелерди чечкенге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге шайлоо өткөрүүгө даяр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG