Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Өмүрбек Текебаевдин камактагы бир жылы


Август, 2016-жыл.
Август, 2016-жыл.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин камалганына туура бир жыл болду.

УКМК 2017-жылы 26-февралда оппозициячыл саясатчыны "коррупция" боюнча айыптап камакка алган. Текебаев ошол маалда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен тиреши күчөп турган болчу.

Былтыр сот Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөн Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Жогорку Кеңештеги эң тажрыйбалуу экс-депутат, эл арасында "Конституциянын атасы", "түбөлүк оппозиционер" атыккан Өмүрбек Текебаевдин кыргыз саясатындагы орду, келечеги тууралуу пикирлер ар кандай.

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин дээрлик бардык чакырылышында депутат болгон жалгыз саясатчы. Мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда алардын башкы саясий оппоненти болгону белгилүү.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын азыркы лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, өлкөдөгү демократиялык жараяндарда, саясатта анын орду чоң:

- Текебаевдин демократияга, сөз эркиндигине, саясий атаандаштыкты колдогон, авторитардик режимге каршы турган бардык процесстерде Текебаевдин орду опол тоодой. Анын эң ашынган оппоненттери, душмандары дагы бул фактыны жокко чыгара албайт. Текебаев демократияга байланышкан 400гө жакын мыйзамдын автору. Жогорку Кеңештин алты чакырылышында парламентке, парламентаризмге тийгизген таасирин, дегеле эгемендик алгандан кийинки кыргыз саясатындагы таасирдүү фигура экенин эч ким тана албайт. Анын касташы дагы муну андай эмес деп айта албайт. Эл аралык деңгээлдеги саясатчы экени, душманы чачтан көп экени да факт. Анткени 20 жылдан бери саясатта кыл чайнашып жүргөндөн кийин элдин баары эле төргө отургузуп "сен жакшысың" дебейт. Ооз ачпаган, жалтаң, кайдыгер саясатчылардын бир дагы душманы болбойт. Текебаев өз тагдырын, керт башын, ден соолугун тобокелге салып кыл чайнашып жүрдү да. Текебаев деле пендечилик кылып, келген бийликтин этегине суу куюп, мактап, эптеп оокатын кылып, үй-бүлөсүнүн кашында отура берсе болмок. Бирок ал анткен жок, Өмүкенин эрдиги ушунда.

Өмүрбек Текебаевдин аты "Белизгейт" деген ат менен таанылган окуяда да аталды. Атайын кызмат 2016-жылдын аягында Өмүрбек Текебаев баштаган үч "атамекенчи" депутатты “Мегакомдун” 50% акциясын сатууга аракеттенген деп айтып чыккан. Буга байланыштуу Белиз өлкөсүнөн алынган деген документтерди жарыялаган. Текебаев кийинчерээк Белизгейт боюнча атайын кызматтын колундагы документтер жасалма экени аныкталды деп билдирген жана муну саясий куугунтук менен байланыштырып, каралоо деп атаган.

Белизден келген документтердин чоо-жайын иликтөө үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөн, бирок ал топтун иликтөөсүнүн корутундусу эмдигиче коомчулукка жарыялана элек.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери атайын кызмат тараткан маалыматтар далилденген жок деген жүйө менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго каршы сотко арыз жазган. Юристтердин арызын Биринчи май райондук соту тараптардын катышуусуз эле четке каккан. Алар буга макул болбой шаардык сотко даттанарын билдиришкен.

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

"Азаттык" Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы бир катар мурда-кийин үзөңгүлөштөрү, санаалаштары жана оппоненттери менен байланышканда көпчүлүгү Текебаев жана анын саясаттагы орду тууралуу пикирин ачык айтууну эп көрүшкөн жок. Анын бир убактагы партиялашы, кийинчерээк келишкис саясий оппонентине айланган Өмүрбек Абдрахманов Текебаевдин кемчиликтерин атады:

- Анын биринчи кемчилиги - Текебаев Кыргызстанга социализм курам дейт. Социализм дүйнөдө бир жерде да өзүнүн түшүмүн берген жок. Мен аны социализмден кичине ажыратайын деп көп аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Аны билесиңер. Кандай адам болбосун, орду барбы-жокпу анын кылыгына жараша мамиле кылышыбыз керек. Өзүнүн жасаганына жараша өзүнүн баасын бул турмушта алышы керек.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Анткен менен парламентте Өмүрбек Текебаевдин ордун жоктогондор да бар. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин баамында, анын саясаттагы орду ээнсиреп турат:

- Өмүрбектин өзгөчө орду бар. Чынында эле кээде парламентте анын үнү жетишпей калат. Ал аябай бышкан, курч саясатчы болгон. Ал кишини ар ким ар кандай кабыл алат, бирөө мактайт, экинчиси сындайт дегендей. Бирок Жогорку Кеңеште Өмүрбек Чиркешович болгондо аз-маз кыймыл болмок. Аны баары эле бирдей баалабайт, кээ бир сапаттары жакпай калышы мүмкүн. Бирок саясатчынын тагдыры ушундай да. Анын айткан сөзү бирөөгө жагат, башкасына жакпайт. Бул турган иш. Ошондуктан анын саясатта жетишпей жатканы билинип эле турат.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров болсо Текебаевге тарых баасын берет деген пикирде:

- Фракция лидери болуп жүргөндөн кийин албетте анын жоктугу билинбей койбойт. Парламентте ар бир фракция лидеринин өз орду бар. Саясий жагын эми өзүңөр көрүп жатасыңар. Сот боюнча биз эч нерсе деп айта албайбыз. Ушунун баары саясаттын арты менен болду. Эгер орду болбосо мындай нерселерге аралашмак эмес да. Өздөрү ушул системаны түзгөн, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошол Конституциянын негизинде өзгөртүүлөргө бардык. Ошон үчүн саясатта орду бар киши эле. Өзү чыгарган мыйзамдар болду, өзгөртүүлөрдүн башында турду, өзүн "Конституциянын атасымын" деп атады. Ар бир адамдын жасаган кемчиликтерин да, жакшылыктарын да тарых таразалайт турбайбы.

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновду абакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:42 0:00

Эки аптадай мурун Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ абактагы Өмүрбек Текебаевден кабар алып чыккан. Анда кесиптештерине күнү-түнү тартып турган көзөмөл камерасын алып салуу, жүрөгү, буту ооруп жаткандыктан ооруканада дарылануу өтүнүчүнө көңүл бурулбай жатканын айтканы маалым болгон.

Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов былтыр сегиз жылга эркинен ажыратылган. "Орус ишкеринен бир миллион доллар пара алды" деген айып менен ар бири сегиз жылдан абакка кесилишкен. Текебаев муну саясий куугунтук катары баалаган жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөн. Атамбаев болсо "ууру түрмөдө отурушу керек" деген жана бул иште саясат жоктугун бир канча жолу билдирген.

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин эми эл аралык уюмдар карай турганын билдирди. Cегиз жылга эркинен ажыратылган экс-депутаттын иши боюнча доклад жакынкы күндөрү Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет.

"Текебаев эл аралык коргоонун алкагына өтүүдө"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG