Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Апта: Солкулдаган сом, обдулган оппозиция...


Узаган аптада сомдун куну түшүп, 1 доллар 54 сомдон ашып кетти.
Узаган аптада сомдун куну түшүп, 1 доллар 54 сомдон ашып кетти.

Узап бараткан жумада сомдун наркы түшүп кетти. Оппозициялык депутаттар бийлик системасын өзгөртүүнү караштырган концепция жарыялады.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Дүйшөмбү саммитинде Борбор Азиядагы чектеш райондордо ишеним келишимин түзүүнү сунуштады.

Сомду солкулдаткан эмне?

Акыркы мезгилде улуттук валюта - сомдун куну кетип, валюта базарында олку-солкулук пайда болду. Доллар дагы бир психологиялык чекти багынтып, 1 доллар 54 сомдон ашып кетти. Сомдун туруктуулугу үчүн жооп берген Улуттук банк акыркы жумаларда эле 50 млн. доллардан ашуун суммада интервенция жасап, сомдун курсун кармап калууга далалаттанды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсунун олку-солку болушун сезондук фактор катары баалап, Улуттук банк кескин өзгөрүүлөргө жол бербесин билдирди.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров болсо сомдун курсу алсыроо жолунда болорун айтып, азыркы кездеги олку-солкулуктун себептери тууралуу буларды билдирди:

- Эң биринчиден, бул орустардын рублинин 38ден өтүп, бүгүнкү күнү бир доллар 38 руб. 60 тыйынга жетишине байланыштуу. Биздин соода-сатыгыбыздын көпчүлүгү орустар менен байланышкан. Эгерде акыркы жылдарды карап көрө турган болсок, рубль күчүн азайткан сайын биздин сом дагы өзүнүн күчүн жогото баштайт.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Улуттук банктын бир гана монетардык чаралар менен инфляцияны ооздуктап, сомдун курсун кармап калуусу кыйын. Ал өкмөт менен биргелешип иштегенде натыйжа болот.

Кыргызстандын тышкы соодасында тескери сальдо да улуттук валюта - сомго терс таасир эткен факторлордон. Маселен, быйылкы жылдын алты айында жалпы тышкы соода 3 млрд. 700 млн. доллардан ашкан. Анын ичинен 827 млн. доллар экспорт болсо, 2 млрд. 900 млн. доллар импорт болгон. Соода балансынын тартыштыгы 2 млрд. доллардан ашып кеткен.

Мындай тартыштык кыргыз экономикасында өнөкөт көрүнүшкө айланып калган. Бирок ал эмгек мигранттарынын которгон валюталары, Кыргызстанга келген экспорттук товарлардын кайсы бир бөлүгүнүн реэкспортко чыгып кетиши менен кайсы бир деңгээлде теңделип келген.

Эми Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен реэкспорт кыскарып, ал эми Орусиядагы экономикалык абалдын начарлашы менен акча которуулардын азайышы сом үчүн олуттуу сыноо боло баштаганын адистер белгилешүүдө.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов быйылкы жылдын жети айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акча которуулар 1.4% кыскарганын белгилеген.

Кыргызстандын экономикасында да өсүү темпи басаңдаганы маалым. Быйылкы жылдын сегиз айында ички дүң өнүм 103.5% өстү. Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы абалды мындай мүнөздөдү:

Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

- Ички дүң өнүм 3.5% өстү. Бирок ага Кумтөр ишканасы былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк салым кошту. Кумтөрдү кошпгондо ички дүң өнүм 2.8% өстү. Эң өкүнүчтүүсү - быйылкы жылы жети айдын жыйынтыгы менен да, сегиз айдын жыйынтыгы менен да айыл чарбасы артка кетип атат. Жети ай ичинде 98.3% болсо, сегиз айда 97.5% болуп калды. Былтыркы деңгээлге чыкпай атат.

Насирдин Шамшиевдин айтымында, өкмөт азыркы кезде жылдын соңуна карай мурда белгиленген 104.5% өсүштү камсыздоого аракеттенүүдө. Буга түшүмү толук жыйналып бүтө элек айыл чарбасынын эсебинен жетишүү күтүлүүдө. Ал эми өнөр жайы энергетика тармагындагы кризиске байланыштуу азыркыдан көп өсүш бере албайт.

Оппозиция таза парламенттик башкарууга өтүүнү сунуштады

Мына ушундай экономикалык абалда өлкөдөгү айрым оппозициялык депутаттар мамлекеттин башкаруу системасынын структурасын өзгөртүү сунушу менен чыгышты. Азыркы бийлик системасы жоопкерчиликсиз системага айланды деген Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл бийлик системасын өзгөртүп, таза парламенттик башкарууга өтүү идеясын буга чейин да көтөрүп келаткан. Депутаттар Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов тарабынан сунушталган бийлик концепциясы мына ошол оппозициянын ичинде талкууланып келаткан идеянын туундусу экени байкалып турат.

Концепция сунуштаган депутаттар мамлекеттик башкаруунун структурасы өзгөрмөйүн, өлкөдө өнүгүү да, реформа да болбойт деп эсептейт.

Алар азыркы кездеги президент, өкмөт, губернатор, аким жана айыл өкмөтүнөн турган беш тепкичтүү бийлик системасын натыйжасыз дейт. Авторлордун пикиринде, бул системада президент күч структураларын башкаргандыктан ал дагы эле мамлекетте негизги рольду ойноп, өкмөттүн өз алдынча болушуна мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Жаңы концепцияда беш тепкичтүү бийлик системасын кыскартып, үч тепкичтүү - өкмөт, аймак башчысы жана айыл өкмөтүнөн турган система түзүү сунушталган.

Президентти парламент шайлайт. Ал кризистик учурда гана активдүү роль ойнойт. Өкмөт аткаруу бийлигин, анын ичинде бардык күч структураларын толук жетектейт. Өкмөт болсо 11 министрликтен турат.

Жаңы концепцияда сот системасын өзгөртүү каралган. Соттордун биринчи инстанциясы эл тарабынан шайланат. Ал эми облустук соттордун базасында апелляциялык соттор түзүлөт. 9 судьядан турган Жогорку Сот өзгөчө маанилүү маселелерди карайт. Башкы прокуратура болсо юстиция министрлиги менен бириктирилип, өкмөттүн курамында болот. Атайын кызмат дагы реформаланып, ал чалгындоо жана контрчалгындоо бөлүктөрүнөн турат.

Албетте, бул концепция ишке ашыш үчүн Конституцияны өзгөртүлүш керек. Бирок азыркы кезде бизде Конституцияны өзгөртүү эмес, концепцияны коомчулукка жеткирүү максаты турат дейт анын авторлорунун бири Өмүрбек Абдырахманов:

- Биз ушул концепцияны элдин мээсине жеткиришибиз керек. Ушундай гана болсо өнүгүү болорун түшүндүрүшүбүз керек. Анан кийин убакыт көрсөтөт, качан кабыл алынышын. Азыр кабыл алынабы, кийин кабыл алынабы? Ошон үчүн маанисин элге жеткириш үчүн андан ары кетпей, концепция деп атап койдук.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков кандай идеалдуу концепция болбосун коомчулук өзү бышып-жетилбесе иштебейт деп эсептейт:

- Коом өзү ойгонуп, социалдык топторго биригип, өздөрүнүн кызыкчылыктарын, укуктарын так сактаганга үйрөнмөйүнчө баары бир кандай идеалдуу бийлик системасынын концепциясын сунуштаба, ал барып эле азыркы биздин коррупциялык, өзүм билемдик бийлик системасына айланат.

Эркин Алымбековдун пикиринде, азыркы бийлик системасы дагы бир-эки шайлоолор менен телчигип кетет. Ошондуктан азыркы кезде таза жана адилет шайлоону өткөрүү - эң маанилүү маселе.

Көчмөндөр оюнунан дүйнөлүк саясатка

Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш.
Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш.

9-сентябрда Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк биринчи оюндары башталды. Көчмөндөр олимпиадасына айлантуу максаты менен уюштурулган бул иш-чарага бир дагы кошуна мамлекеттин же алыскы дос мамлекеттин башчылары келген жок. Бирок Кыргызстан оюндарды колунан келишинче уюштуруп, ар бир облус кыргыз калкынын каада-салттарынан үзүндү аткаруу менен купулга толуп жатты.

Көчмөндөр оюнун Кыргызстанда өткөрүүнү талаш-тартыш менен жеңип алдык деген сөз чындыктан алыстыгы байкалууда. Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан бул оюндарды жыл сайын өзү өткөрүүгө аракет жасайт деген сөзүнө караганда, оюндарды келерки жылы өткөрүүгө кызыкдар мамлекет жок окшойт.

Дүйшөмбү саммити
Дүйшөмбү саммити

Президент Алмазбек Атамбаев көчмөндөр оюнунан дүйнөлүк саясаттын чордонуна айланган Тажикстанга 11-сентябрда жөнөп кетти. Ал 12-сентябрда Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине катышты. Президент Атамбаев саммитте регион коопсуздугуна диний экстремизм, террордук топтордун кирүү мүмкүнчүлүгү жана баңгизаттарын ташуунун көбөйүшү коркунуч келтирип турганын белгиледи. Ал ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда чектеш райондордо ишенимди бекемдөө боюнча келишим түзүүгө чакырды. Чек арадагы чырлар масштабдуу конфликттерге айланышынан чочулаган Кыргызстан анын алдын алуунун мына ушундай жолун сунуштады.

Президенттин демилгеси кошуна мамлекеттерден кандай колдоо табышын мезгил көрсөтөт. Бирок президент Дүйшөмбүдөгү саммитте кошуна мамлекеттердин президенттери менен отурган күнү Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл Бишкекте билдирүү таратып, анда президент Атамбаевдин 31-августта эгемендүүлүк күнү кошуна мамлекеттердин дарегине карата айтылган сөздөрүн кескин сынга алды.

Улуттук оппозициялык кыймылдын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан президенттерине кайрылуусунда, президент Атамбаев 31-августта элчилер катышкан салтанатта коӊшу мамлекеттерге кайрылып, “кыргыз оппозициясын каржылап, кезектеги революцияга түртүүдөн алыс болгула, коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат, алар биздин энергетикалык, транспорттук эгемендигибизди каалашпайт” деп айтты, биз президенттин бул сөзүнө кошулбайбыз деп белгиленген.

Оппозициялык кыймыл ошондой эле өлкөдөгү ички кыйынчылыктарга кошуна мамлекеттер эмес, азыркы бийлик күнөөлүү деп эсептейт жана кылымдар бою кошуна жашап келаткан мамлекеттерге, элдерге сый-урмат менен мамиле кыларын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG