Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Убадасынан убарасы көп жыл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жыл мурдагыдай эле убадаларга бай жылдардан болду. Узаган жылда президент, премьер-министр, шаар мэрлеринин элге берген кайсы убадасы аткарылып, кайсынысы сөз бойдон калды? "Азаттык" бийлик өкүлдөрүнүн бир жылда элге берген сөзүн тизмектеп чыкты.

“Politmer” долбоору бийликке келген саясатчы, аткаминерлердин, партиялардын убадаларына жана алардын аткарылышына байкоо жүргүзүп келет. Өзгөчө шайлоо алдында айтылган сөздөргө маани берилет. Мында долбоор Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болуп турганда, шайлоо өнөктүгү учурунда жана президенттик кызматка киришкенден кийинки убадаларын топтогон. Жээнбековдун 101 убадасынын 77си байкоодо турса, 14үн ишке ашырган, ону аткарыла элек.

Негизги деп эсептеген он убаданын ичине коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү, ишине туугандарын аралаштырбоо, сот реформасын аягына чыгаруу, 240 миң жумушчу ордун түзүү, Исхак Разаков сыяктуу жигердүү иштөө, ар бир айылды Интернет жана таза суу менен камсыз кылуу, түндүк-түштүк жолун бүтүрүү кирет.

Сооронбай Жээнбеков, 31-декабрь, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков, 31-декабрь, 2018-жыл.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришип жатканда берген алгачкы убадаларынын бири - экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры” эӊ жогорку артыкчылык даражасы, “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен сыйлоо болгон.

- Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан тереӊ ыраазычылык билдирем! Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт! Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыӊыз, эрдигиӊиз, акылман-көрөгөчтүгүӊүз үчүн сиз “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эӊ жогорку артыкчылык даражасына, “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз. Мамлекетибиздин бул эӊ жогорку сыйлыгын сизге элибиздин атынан чоӊ сыймык менен тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи жарлыгым ушул болот.

Президент убадасына туруп, 2017-жылдын 27-ноябрында "эгемендикти, элдин биримдиги менен ынтымагын чыңдоодогу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуудагы сиңирген эмгеги үчүн" Атамбаевге сыйлык тапшыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бирок бул сыйлык Атамбаевге ушул күнгө чейин тапшырыла элек.

Жээнбеков-Атамбаев: бийликти сынаган бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Мындан сырткары коррупцияга каршы күрөшүү мамлекет башчынын жыл ичинде берген убадаларынын сап башында турат. Ал эми инаугурация күнү аткаминерлер арасындагы жемкорлук менен күрөшүү президенттик мөөнөтүндөгү эң артыкчылыктуу багыттардан болорун айткан.

- Бул күрөштүн башкы маңызы - мыйзам алдында бардыгы бирдей болот, - деген ал.

Ушул эле сөзүн президент 27-июнда Жогорку Кеңеште депутаттарга, элге кайрылуусунда да кайталаган. Кийин Жээнбеков Финансы министрлигинин карамагында коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсебин түзгөн.

- Коррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт.

Шайлоо маалында 35 адамдан турган коррупционерлердин тизмеси бар экендиги тууралуу анын айткан сөзү али элдин эсинде. Ал эми 19-декабрдагы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында бул тизме дагы узара турганын айткан. Мунун артында мыйзамсыз байып, аны жашырганды ашкерелөө убадасы да турат.

- 1-июлдан баштап президенттин аппаратынын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, сот жана укук коргоо органдарынын декларацияларын текшерүү башталат. Бул коррупцияга каршы күрөшүүнүн олуттуу компоненти, - деген Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бир жыл ичинде президенттин коррупцияга каршы күрөшүү жараянына берилген баа да ар кандай болду. Саясатчы Равшан Жээнбеков мамлекет башчынын бул багыттагы убадасы толук аткарылбай жатат деп эсептейт.

- Шайлоо маалында “35 коррупционер” дегени шайлоо риторикасы катары айтылган. Ал эми реалдуу түрдө күрөш бир аз бар, бирок аны маанилүү, чыныгы коррупция менен күрөш деп айтууга болбойт, - деди саясатчы.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде азыркы бийликтин жемкорлукка каршы күрөшүн жасалма болуп жатат деп сындаган.

- Чындыгында коррупция менен күрөшүү мурдагыдан эки эсе азайып жатпайбы, - деген ал. - Анткени азыркы бийлик, ошол эле Асылбек Жээнбеков тойлордо ким менен жүргөнүн көрүп жатабыз. "Раим миллион", Акматбек Келдибеков жана башкалар. Бул эч кандай күрөшүү эмес, көз боёмочулук, элди алдоо.

Атамбаевдин билдирүүсү тууралуу саясатчылардын пикирлери
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00

Сот реформасын аягына чыгаруу да бул Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдагы негизги убадаларынын бири болуп эсептелет. Мамлекет башчы инаугурация учурунда ар бир адам өз укуктарын сактоого терең ишенген коомду куруу зарыл экенин, адам укуктарын бузгусу келгендерге аёосуз күрөш жүргүзүлө турганын айткан. Бул үчүн сот реформасын аягына чыгарууга убада берген.

- Ал үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек. Алардын эң маанилүүсү - сот реформасы. Бул өлкөбүздүн келечегин жана жарандардын жашоосун өзгөртө турган, адилет коомду түптөй турган реформа.

Сот реформасы боюнча кеңештин 27-декабрдагы экинчи жыйынында ал реформаны ишке ашырууга тоскоолдук кылгандар катуу жазалана турганын эскертти.

- Сот реформасын ишке ашыруудан башка жол жок. Тоскоолдукка учурап, жүзөгө ашпай калса жөн эле калам деп ойлобогула. Баарыңар жооп бересиңер, - деген эле Жээнбеков.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Коомдук талдоо институтунун жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова соттор дагы эле кысымда экенин айтып, Жээнбековдун убадасы толук аткарыла элек деп эсептейт.

- Биз мурда ачык эле Манас Арабаев деп айтып жүргөнүбүз менен бүгүн анын аты билинбейт, бирок соттор дагы эле УКМКнын кысымында турат. Башкы прокуратура сотторго кылмыш ишин козгоп, беренени туура коюп жатат. Тергөөнү алган УКМК "ал жерде кылмыш жок" деп кетирип жатат. Ошону менен иштер жабылып калууда. Анан кайдагы реформа?

Сооронбай Жээнбековдун коомчулук арасында талкуу жараткан убадаларынын бири - тууган-уругун ишине аралаштырбоо, кландык башкарууга жана жердешчиликке жол бербөө. Эл менен жолугушууларда, соңку басма сөз жыйынында да ал ушуну кайталады.

- Түндүк-түштүк деп бөлгөнгө баары бир жол бербейм, чаранын жолун табам, - деген эле президент. - Менин бир тууганым же жардамчым чечпейт. Бардыгын өзүм чечем. Мына эл көрөт, элдин алдында убада берем. Мен турганда эч качан үй-бүлөлүк башкаруу, кландык башкаруу же бир топтун үстөмдүгү болбойт.

Анткен менен Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин (анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым) бир тууганы Ыктыярбек Абжалиевдин Кыргызстандагы эң кирешелүү компаниялардын бирине кызматка барышы, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин бир тууган таякеси Замир Молдокулов Ош облусунун Алай районунун акими болуп дайындалышы ар кандай талкууларга жем таштаган.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев мурдагы спикер Асылбек Жээнбековдун кудасы, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин бир тууганы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени айтылган. Коомдук талкуудан кийин Абжалиевдин агасы өзү арыз жазып, иштен кеткен.

Мындан улам экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти куда-сөөгүн бийликке алып келип, “Бакиевдин жолуна түштү” деп сындаган:

- Чындыгында ал менин жолума эмес, Бакиевдин жолуна түштү. Биз үй-бүлөлүк башкаруу калыбына келип жатканын, кудаларды, күйөө балдарды, бир туугандарды жана башкаларды көрүп жатабыз. Биз мындан өткөнбүз да...

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков мамлекет башчынын туугандары ансыз деле бийликте деп эсептей турганын айтты:

- Президенттин бир туугандары, кудалары буга чейин эле бийликке келип калган. Азыр алар өз позицияларын жогору көтөргүсү келип жатканда коом ага реакция кылып жатат. Бирок иш жүзүндө алар бийликте отурат, буга президентти күнөөлөгөн да туура эмес болуп калат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгү маалында берген бир катар убадалары элдин эсинде. Алардын катарында элди таза суу менен камсыз кылуу, айлык акыны, пенсияны сезилээрлик көтөрүү, мугалимдин макамын жогорулатуу сыяктуу убадалары бар. “Politmer” долбоорунун өкүлү Наргиза Иманкулова президенттин аткарылбаган убадалары тууралуу буларды айтты:

- Президент Сооронбай Жээнбековдун аткарылбаган убадаларынын ичинде президенттикке талапкер болуп Таласка барган учурда “төө буурчактын баасы түшпөйт, көтөрүлөт” деген убадасы бар. Ал убадасы аткарылган жок. Тескерисинче, азыр баа түшүп жатат. ГЭСтерди куруу, бала бакчаларды эки эсе көбөйтүү, түндүк-түштүк жолунун курулушун аяктоо, темир жолду куруу сыяктуу башка президенттерге да таандык убадалар бул мамлекет башчыда да бар.

Мындан сырткары президент мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүүгө убада берген. Көп өтпөй “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

“Politmer” долбоорунун байкоосуна караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 27 убадасы белгиленген. Анын 17си байкоодо турса, бешөө аткарылып, дагы бешөө ишке аша элек. Өкмөт аткаруу бийлиги болгондуктан убадаларды аткаруу боюнча да өкмөт башчылар салыштырмалуу алдыңкы орунда турат.

Өкмөт башчынын аткарылбай калган убадаларына көмүрдүн баасын жөнгө салуу, "бир жылдан кийин Кыргызстанда авариялык мектеп болбойт" дегени, Кытай ишкерлери Чүй облусунда авгроөндүрүш паркын курарын айтканы белгиленген. Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө авариялык абалдагы 200 мектеп бар.

Мындан сырткары Абылгазиев баштаган өкмөт жаңы ишке киришип жатып бир катар убадаларды берген. Алардын бири - билим берүү тармагын реформалоо.

- Билим берүүнү реформалоо жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу артыкчылыктуу багыт болот, - деген премьер-министр.

Бул багытта Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаевдин пикири мындай:

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

- Биз мектептерге да өз алдынчалык бергенибиз менен, бардык нерсени министрлик, район жана шаар жетекчилиги текшерип турат дегенден эч кандай жыйынтык чыкпайт. Анткени бир да мамлекеттик орган бир тармакты көзөмөлдөп, текшерип, оңдой алган жок.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай билим берүү тармагы боюнча берилген убадалар жакшы жыйынтыгын бербей жатат деп эсептейт.

- Реформанын жыйынтыгы консервативдүү болуп жатпайбы. Мисалы, мектептерде, окуу жайларында ал 10 жылдан кийин байкалат. Канча акча салып жатсак да 27 жылдан бери болуп жаткан реформанын жыйынтыгы жок, - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерликке жагымдуу шарт түзүп, бизнес-омбудсмен институтун уюштурууга, инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылууга убада берген. Бирок 2018-жылы өзгөчө кен тармагында инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан, анын айынан тургундар камалып, инвестор жабыркаган учурлар катталды.

- Ишкерлик жүргүзүү менен инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө көңүл бурулат. Ишкерликти жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү жана бардык мамлекеттик жол-жоболордун ачык-айкындуулугун камсыздоо, бизнес-омбудсмен институтун киргизүү зарылдыгы жөнүндө көптөн бери сөз болуп келатат, - деген эле Абылгазиев.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

Экономист, ЖИА ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов ишкер чөйрө менен бийликтин ортосундагы диалог бар экенин жакшы жышаан катары баалап жатат. Анын пикиринде, ишкерликти жөнгө салуу, ага ылайык мыйзамдарды иштеп чыгуу, бюрократияны жоюу көп убакытты талап кылат. Ошондуктан ал көп жылдан бери талкууланып, бирок өзгөрбөй келаткан маселелер бар деп эсептейт.

- "Ишкерлерге жардам беребиз, ишин жеңилдетебиз" дегендин өзү жеңил иш эмес, - деди ишкер чөйрөнүн өкүлү. - Азыр бул багытта чечкиндүү аракеттер жасалбай жатат. "Ишкерлерге жардам беребиз" деген президенттин да, премьер-министрдин да сөзү болгону менен төмөнкү деңгээлде иш аткарылбай калып жатканын көрүп атпайбызбы. Тилекке каршы, бизнес-омбудсмен институтун түзүү демилгеси да токтоп турат. Бул институт ачылса эле ишкерлердин маселеси чечилип калат деген да туура эмес. Бирок ишеним, үмүт пайда кыла турган кадамдар.

Абылгазиев "мындан ары мамлекеттик мекемелер бала бакчалардын имаратына жайгыштырылбайт" деп убада берген. Бирок Биринчи май райондук соту бала бакчанын имаратына көчө турганы айтылды. Ошондой эле жаңыдан кызматка келгенде өкмөт үй-бүлө институтун бекемдөөгө көңүл бура турганын билдирген. "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова үй-бүлөнү бүлүндүргөн жагдайлар арбын болуп жатканына токтолду:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Баары эле "кыйратабыз, жасайбыз" дешет, бирок чоң жылыш деле байкалбайт. Жарым жылда, бир жылда оңолуп кетпейт. Бирок президент жарандык коом менен жолукканда терс таасир эткен кумар оюндары иштеп эле жатканын айттым эле. Аракечтик, баңгилик, кумарпоздук, жумушсуздук, миграция - ушунун баары эле үй-бүлө институтуна кедергисин тийгизип жатат.

Мындан сырткары, премьер-министр буга чейин өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуш кылууга, Кумтөр боюнча келишимди жакшыртууга, саламаттык сактоо тармагын реформалоого, дарыгерлердин, маданият жана Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө сөз берген. Өкмөттө айдоочулардын, техникалык кызматкерлердин маянасын да 100 пайыз көбөйтүү планы бар. Бюджеттен бул үчүн 220 миллион сом каралган. Бул да жаңырган жылга калган убадалардан болуп калды.

Калган жетекчилердин убадалары анча көп эмес. Мисалы, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков төрага болуп шайланса оппозиция, позиция деп бөлбөөгө убада берген. Кызматташтары анын бул убадасы аткарылып жатканын айтышты. Ал эми анын шайлоо алдында айткан ар бир ымыркайга 50 миң сом төлөп берүү демилгеси ишке ашпай калган.

“Politmer” Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун 16, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашовдун беш убадасын көрсөткөн. Ага ылайык, Суракматов майрамдарга кеткен чыгашаларды азайтууга сөз берген. Бул Бишкекте Жаңы жылды майрамдоого кеткен чыгымды азайтуудан башталды. Мындан сырткары, анын Совет доорундагыдай 800 автобус менен 400 троллейбус жүргүзүү тууралуу убадасы азырынча аткарыла элек. Учурда байкоодо турган убадалардын катарында - магистраль жолдорун жарыктандыруу жана шаардын четиндеги конуштарга көңүл буруу, коомдук транспортту карта системасына өткөрүү, коомдук транспортто электрондук билеттерди ишке киргизүү турат.

Ал эми Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун биринчи кезекте тургундарды таза суу менен камсыз кылуу, шаардагы үйлөрдүн баарын домофон менен жабдуу, жергиликтүү бюджеттен мугалимдерге кошумча айлык төлөө боюнча убадалары да азыр байкоодо турат.

Коомчулуктун көңүлүн бурчу убадалардын катарында президент Сооронбай Жээнбековдун эл оозунда "Раим миллион" аттыккан Раим Матраимовдун байлыгын текшерүү боюнча убадасы турат. Бул тууралуу мамлекет башчы 19-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG