Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Атамбаев президенттик кызматка 1-декабрда киришет


Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка 1-декабрда киришет. Аземди уюштуруу президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевге тапшырылды. Жаңы президенттин алдында кандай милдеттер турат?

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын жардыгы менен жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземи 1-декабрга белгиленди.

14-ноябрдан тарта 1-декабрга чейин өкмөт башчылык милдетин аткара турган Алмазбек Атамбаев кызматка киришүү аземи жупуну болушун сунуштаган. Уюштуруу тобунун мүчөсү Султан Раев инаугурацияны өткөрүүгө даярдыктар башталганын билдирди.

Бул инаугурациянын өзгөчөлүгү өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын жаңы шайланган президентке кызматын өз колу менен өткөрүп беришинде болот. Буга чейин маркум Апсамат Масалиев Жогорку Кеңештеги шайлоонун жыйынтыгы боюнча мамлекет башчысы милдетин Аскар Акаевге салыштырмалуу тынч мүнөздө өткөрүп берген. Ал эми Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин бийлиги андай жөрөлгөдөн куру калды.

Роза Отунбаева ант берүү аземинде, 3-июль, 2010-жыл
Роза Отунбаева ант берүү аземинде, 3-июль, 2010-жыл
Президенттик кызматка киришүү аземинен кийин Атамбаевди шайлоо алдында берген убадаларды аткаруу милдети күтүп турат. Ал эми убадалар өлкө турмушунун бардык катмарын камтыган. Маселен, Атамбаевдин саясий платформасы 8 пункттан туруп, экономикадан тартып, кылмыштуулукка каршы күрөшкө чейин камтыган. Ошондой эле ар бир региондун өзгөчөлүгүнө жараша өнүктүрүүнү караштырган.

Бул убадаларды аткаруу үчүн Конституция президентке берген ыйгарым укуктардан жетишсиздик кылат. Бирок Атамбаевдин парламентте, ошого жараша өкмөттө таянычы күчтүү. Ошондуктан ал өкмөт жана парламенттин ишине олуттуу таасир эте алат.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Алмазбек Атамбаев берген убадаларын аткара алабы деген суроого мындай жообун берди:

- Президент түздөн-түз экономикалык маселелерге кирише албайт. Бирок президенттин колунда да рычагдар бар. Кимге премьер-министрликти же коалицияны түзүүнү сунуштоо президенттин колундагы нерсе. Кимдин колуна ал мандат берилсе, ошол коалицияны чогултат. Ошон үчүн президенттен көп нерсе көз каранды. Бирок Конституцияга туура келбеген убадаларын аткарууга кыйын болот.

Саясат талдоочу Турат Акимов Атамбаев берген убадаларын аткаруусуна күмөнү күчтүү экенин билдирди:

- Бардык убадаларын аткарат деп ишенбейм. Анткени бул киши бир жарым жылдын ичинде өкмөттү нече жолу жетектеп, кайра тапшырып кетип отуруп, эмне болуп жатканын сурап койгон киши жок. Биздин парламенттин начардыгы да ушунда болуп жатат. Бюджет эмне болуп жатат, акча каякта, кайда сарпталып жатат? Сураган киши жок. Башында ал "18 млрд. профицит жасайм" деп айтты эле. Анын ордуна 22 млрд. сом тартыштык болуп отурабыз.

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери болсо Атамбаевдин өкмөт башчылык ишинин ийгиликтүү болгонун айтып, анын далили катары президенттик шайлоодо жеңишке жетишин мисал келтирүүдө. Алар ошондой эле Алмазбек Атамбаев шайлоо учурунда берген убадаларын аткарууга бардык күчүн мүмкүнчүлүгүн жумшарын белгилешүүдө.

Азыркы мезгилде Алмазбек Атамбаевдин алдында жаңы коалицияны куроо, ошого жараша өкмөт башчыны аныктоо милдети турат.

Коалицияны куроо үчүн мандат кайсы фракцияга берилери белгисиз. Ага карабай парламенттеги фракцияларда алдын-ала кеңешүүлөр башталганын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков тастыктады:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков
- Азыркы кезде бардык фракциялар ортосунда кеңешүүлөр, сүйлөшүүлөр башталды. Биз бүгүнкү кырдаалды эске алып, чоң өкмөттү түзсөк деп ойлоп атабыз. Ошого жараша кеңири коалиция түзүлүш керек деп жатабыз.

Кеңири коалиция түзүлө турган болсо, анда өкмөт башчыны аныктоо үчүн жумшак рейтинг ыкмасы колдонулушу мүмкүн. Андай шартта өкмөт башчы болууга умтулган талапкерлер парламенттин кароосуна коюлуп, көп добуш алган талапкер жеңишке жетишет.

Азыркы мезгилде парламентте өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Акылбек Жапаров, Нариман Түлеев, Марат Султанов, Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков аракеттенип жатса, парламенттен сырткары Темир Сариев, Иса Өмүркулов жана башкалардын ысымдары аталууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG