Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Президент саясий элитанын пикирин укту


Сооронбай Жээнбеков жана Медеткан Шеримкулов.
Сооронбай Жээнбеков жана Медеткан Шеримкулов.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен жолугушуусунда Кыргызстандагы саясий кырдаал, камалган саясатчылар, сот, конституциялык реформа, шайлоо системасын өзгөртүү, ири экономикалык долбоорлор тууралуу сөз болду. Мамлекет башчы саясий элита бирин бири сыйлаганды, укканды үйрөнүп, конструктивдүү кызматташа алганда гана өлкө өнүгө турганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен жолугушуусу дээрлик төрт саатка созулду. Ага ар кандай себептер менен өлкөдөн чыгып кеткен жана абакта отурган өкмөт башчылардан сырткары чакырылгандардын дээрлик бардыгы катышты. Курманбек Бакиевдин тушунда өкмөттү жетектеп турган Алмазбек Атамбаев бул жолугушууга чакырылган эмес. Агасы президент болгонго чейин спикер болуп турган Асылбек Жээнбеков чакырылгандардын тизмесинде көрүнгөн жок.

Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков келди. Ошондой эле жыйынга мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев катышты.

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденцияда өткөн жолугушууга журналисттер катышкан жок. Өлкө башчынын бул жолугушуусу экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти сындап жаткан учурга туш келди. Анткен менен саясий элитаны, мурда-кийин иштеп кеткен жетекчилердин башын бириктирген алгачкы жолугушууну жаңылык катары сыпаттагандар болду.

Сооронбай Жээнбеков жана Турсунбек Чынгышев.
Сооронбай Жээнбеков жана Турсунбек Чынгышев.

Мамлекет башчы саясий элита бирин бири сыйлаганды, укканды үйрөнгөндө, конструктивдүү кызматташкан учурда гана өлкө өнүгө турганын айтты. Ошону менен катар өлкөнүн өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги үчүн элдин алдында ошол жерде отургандардын баары жооптуу экенин эсине салгандай болду:

- Сиздердин мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурсту өлкө үчүн сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү, келечеги бири-биринен ажырагыс түшүнүк. Биз бардыгыбыз ага жооптуубуз. Себеби убагында иштегенбиз, иштеп жатабыз. Болгон маселелерди чогуу отуруп сүйлөшүп, бетме-бет отуруп айтсак, биз ошону күтөбүз. Саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бири-бирин аябай сындаган. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир мегабагытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бирин бири сыйлаганды, укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем.

Мамлекет башчы сындан качпай турганын, жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдардын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Темир Сариев.
Сооронбай Жээнбеков жана Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев буга чейин кызматтан кеткендердин баарын бийлик душман көрүп келгенин белгилеп, жолугушууда экономикалык маселелерден тартып, конституциялык, сот реформасы, шайлоо системасын өзгөртүү, ири экономикалык долбоорлор жана саясий кырдаал боюнча курч пикирлер айтылганын белгиледи.

- Жеке маселени эч ким көтөргөн жок. Бардыгы мамлекетти өнүктүрүү багытында көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Медеткан Шеримкулов, Адахан Мадумаров азыркы саясий кырдаал жана куугунтуктар жөнүндө өздөрүнүн жүйөлүү ойлорун айтышты. Абдан көп кишилер конституциялык реформа туурасында айтышты. Президент "конституциялык реформаны баштап алсак ал саясатка айланып, узак болуп кетерин, анда көп маселе калып каларын айтты. Азыр биз экономикалык өнүгүү, укук коргоо, сот реформасын, аймактарды өнүктүрүп, административдик-аймактык реформаны жүргүзүп, 2020-жылкы шайлоого даяр болушубуз керек" деген оюн айтты. Конституцияны талкуулап отуруп алсак ага жетпей калабыз деген оюн айтты. Дежур, катардагы жолугушуулардын бири болгон жок, жеке кызыкчылыгын көздөбөй, тескерисинче өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп, мамлекет үчүн кандай жардам бере алабыз, ошого көмөктөшөлү деген сөздөр айтылды. Бул элитанын биригүүсүнө алып келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчыларынын жолугушуусунда камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлүп, аларга мунапыс берүү жөнүндө кеп болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев айтты:

- Камактагылардын маселесин адегенде Медеткан Шеримкулов, андан соң Абдыганы Эркебаев көтөрдү, дагы бир топ адам сүйлөдү. Ага жооп катары "жакында мунапыс чыгат" деп айтылды. Качан экени беймаалым. Бул мамлекеттин кызыкчылыгы жана ынтымагы үчүн. Президент буга макул экенин айтып, иш жүрүп жатканын белгиледи.

Парламенттин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков жолугушууда мурда-кийин козголбогон маанилүү жаңылыктар, жаңы сунуштар айтылганын белгилеп жатат. Коомдук ишмер өлкө келечеги үчүн шайлоо системасын өзгөртүп, өкмөткө, парламентке, жергиликтүү бийликке кесипкөй адистердин келишине шарт түзүү маселесин козгоду.

- Президент маалыматты, бүгүнкү болуп жаткан кырдаалды өзүнүн тегерегиндеги, аппараттагы жолугушуп жаткан адамдар аркылуу гана биле алат. Ал эми кол алдында иштеп жаткандар уккусу келип жаткан нерселерди айткысы келип кетет. Ушундай саясат болуп калды. Ал эми мында көз каранды эмес, мурда иштеп кеткен, тажрыйбасы чоң саясатчылардын айткандары президентке да жаңылык болду. Кыргызстандын тагдырына балта чаап жаткан айрым финансы саясатын оңдош керек экенин айтып чыгышты. Булар жөн адамдар эмес, мамлекетте болуп жаткан нерселерге кайдыгер карабаган адамдар. Бир нерсени айта албай, "ушундай болсо" деп жүргөн адамдар аткарабы, жокпу, көңүлгө алабы, жокпу ичиндегисин айтып алганына алар да ыраазы болуп калды. Эгер мындай жолугушууну система катары алып кетсе анда пайдадан башка зыяны жок. Мен шайлоо маселесине токтолдум. Эгер Кыргызстандын келечегин ойлосок, парламенттик мамлекет боло турган болсок, аткаруу бийлигин алар шайлап жаткандан кийин ал жакка кесипкөй, электен өткөн, жер-жерлердеги формалдуу эмес лидерлер келиши керектигин айтып, кагаз жүзүндө да сунушту тапшырдым. Качанга чейин сабатсыз, элдин элегинен өтпөгөн адамдар парламентке келет деген маселени дагы бир топтору көтөрдү.

Сооронбай Жээнбеков жана Амангелди Муралиев.
Сооронбай Жээнбеков жана Амангелди Муралиев.

Жолугушууда тышкы карыздан кутулуу, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн каражат, бажы төлөмдөр, темир жол маселелери туурасында да сөз болгонун Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков айтып берди.

- Тышкы карызды жоюу бир эле кишинин эмгеги эмес, соңку 10-15 жылдан бери жүрүп жаткан иштин жыйынтыгы экенин, Кытайдан келген грант да кечээги эле грант эмес экенин, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун иштеши, каражаттарды өндүрүшкө, кайра иштетүүгө берилсе деген пикиримди айттым.

Жолугушууда мурдагы жетекчилерден турган консультативдик кеңеш түзүү сунушу да айтылды. Мамлекет башчы айтылган бардык сунуш-пикирлерди анализдеп чыга турганын белгилеп, ушундай форматтагы жолугушууну мындан кийин да өткөрүү ниетин билдирди.

Кыргызстан эгемендик алганы 30 жолу өкмөт алмашып, 24 премьер-министр аткаруу бийлигин башкарган. Алардын арасында кийин президент болгон Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков да бар.

Алардын ичинен ыңкылаптардан соң кылмыш иши козголуп, Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов жана Николай Танаев өлкөдөн чыгып кеткен. Былтыркы шайлоодон соң экс-премьер Өмүрбек Бабанов да Кыргызстандын сыртында жүрөт. Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында учурда эки экс-өкмөт башчысы: Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев камакта отурат.

Өлкө эгемендик алганы Жогорку Кеңешке он жети адам спикер болгон. Алардын ичинен Усуп Мукабаевдин көзү өтүп кетсе, Өмүрбек Текебаев азыр түрмөдө.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун баш катчысынын жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушууда өлкөдөгү бардык күчтөрдүн башын бириктириш үчүн мурдагы парламент жана өкмөт жетекчилери менен жолугарын жарыялаган эле.

Президент буга чейин жарандык коомдун оюн угуп, коррупцияга каршы күрөштө негизги өнөктөш болууга чакырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG