Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Төш белги: тендердеги теңсиздик


Төш белгинин үлгүсү
Төш белгинин үлгүсү

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерине байланыштуу талаш кызыды.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча доо-арыздарды териштирген мекемелер аралык комиссия биринчи тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш жөнөттү.

Тендерди “Медальер” деп аталган компания утуп алган жана төш белгилерди даярдоого жалпысынан 3,5 миллион сомго жакын акча кетери айтылган.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча арыздарды караган мекемелер аралык комиссияга жеке ишкер Виталий Подстречный кайрылган. Ал арызында ар бир төш белгини 75 сомдон жасап берерин айтса да тендердик комиссия аныкынан алда канча кымбат жасай турган ишкананы тандап алганына арызданган.

Миллионду чапчыган төш белгилер

Миллионду чапчыган төш белгилер

Жергиликтүү кеңештерге шайлана турган депутаттардын алтындын буусуна кармалган төш белгисине жана күбөлүктөрүн жасатууга бюджеттен 6 миллион 300 миң сом сарпталмай болууда.

Мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Дайыр Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, текшерүүдө арызданган да, утуп алган да тараптардын төш белгилеринин үлгүлөрү талапка жооп бербей турганы аныкталды. Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи тендердин жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңысын жарыялоо тууралуу сунушу жөнөтүлдү:

- Тендерди утуп алган компания жасай турган төш белгилер сатып ала турган уюмдун техникалык талаптарына туура келбейт экен. БШК башында эле төш белгинин узун-туурасы боюнча талаптарды жазыптыр. Утуп алган компания жасай турган төш белги ал талапка жооп бербейт. Арызданган тараптыкы дагы бул талапка туура келбейт экен. Утуп алган компания документтерди жөнөткөндө төш белгинин эскизин дагы тиркебептир. Ошондуктан комиссия ушундай чечим чыгарды.

Тендерди “Медальер” деп аталган ишкана уткан жана төш белгилерди даярдоого 3,5 миллион сомго жакын каражат жумшаганы жаткан. Ошондо ар бир төш белгинин баасы 380 сомдон айланмак.

Борбордук шайлоо комиссиясы тендерге байланыштуу чуу тууралуу расмий түшүндүрмө бере элек. Тендердик комиссиянын төрагасы, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев менен макала даярдалып жаткан маалда байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал буга чейин кымбат даярдаган компания тандалды деген дооматтарды четке кагып келген.

БШКнын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов эми жаңы сынак жарыяланышы керектигин билдирди:

- Эгер азыркы тендердик комиссиянын ишинде кынтык табылган болсо жаңы тендердик комиссия түзүлүшү керек. Мындай комиссия, анын курамы БШК жетекчисинин буйругу менен эле түзүлүп аныкталат. Биздин регламент ошондой. Биз жалпысынан 9 миң төш белги заказ бергенбиз. Азыр 7,5 миңге жакын жергиликтүү кеңештин депутаттарына берилет. Калганы эмдиги жылы жазында жана күзүндө өтчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарына берилет. Биз ошолордун баарын эске алганбыз.

"Төш белгиден мурда сайтты оңдошсун"

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерине ири суммадагы акча сарпталганы жатканы бир катар нааразылыктарды жараткан. Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 28-декабрда маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясын кымбат төш белги ордуна сайтын оңдосун деп кеңеш берген:

- Айрыкча ушул шайлоодо баарыбыз көрдүк. Мисалы, Бишкекте БШКнын сайты түнкү саат онго чейин добуштарды эсептеп жатты. Бирок саат ондон кийин сайт блокко коюлуп калды. Боршайком 3 миллион сомду депутаттардын төш белгисине короткондон көрө, ошол акчаны сайтына жумшасын.

Кенедей төш белгини жүз сомго жетпеген акчага эле жасаса болот. БШК салык төлөөчүлөрдүн акчасын түбү, эсеби жок акчадай көрбөшү керек. Каражатты сарамжалдуу пайдаланса жакшы болмок.
Чоробек Сааданбек

Жарандык активист, “Биздин мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек бюджет тартыштыгы көбөйүп, социалдык маселелер чечилбей жаткан чакта БШК бюджеттин акчасын үнөмдөшү керектигин белгиледи:

- Эми ал төш белгини тагынбай койсо деле болот. Азыр даярдала турган төш белгилер абдан кымбат. Салыштырып деле көрүшпөдүбү, Орусияда биздин акча менен 89 сомдой эле жумшалыптыр. Ал белги ошол адам депутат экенин билдирип туруу максатында эле тагылат да. Анын сөзсүз кымбат болушу зарыл эмес. Бизге канчалык арзан болсо ошончолук жакшы болмок. Анткени анын баарына эле биздин, салык төлөөчүлөрдүн каражаты кетип жатпайбы. Кенедей төш белгини жүз сомго жетпеген акчага эле жасаса болот. БШК салык төлөөчүлөрдүн акчасын түбү, эсеби жок акчадай көрбөшү керек. Каражатты сарамжалдуу пайдаланса жакшы болмок.

БШК жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгиси менен күбөлүктөрүнө жалпысынан 6 миллион сомдон ашык акча кетерин маалымдаган.

2012-жылга чейин айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары төш белги менен күбөлүккө кеткен чыгымды өздөрү төлөп келген. Бирок эмнеге Жогорку Кеңештин депутаттарынын мындай чыгымдарын мамлекет төлөйт деген доомат айтылгандан кийин бул эреже өзгөргөн болчу.

Ал арада Бишкек шаардык кеңештин жаңы шайланган депутаттарына мандат тапшырылып, биринчи сессияга чогулушту. Алар төш белги менен күбөлүктөрдү өз каражатына даярдатып алганы белгилүү болду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG