Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Шайлоо: байкоочулардын так саны белгисиз


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү күнгө карата президенттик шайлоого көз салчу 700дөн ашуун эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

Каттоо добуш берүүгө үч күн калганда аяктайт жана эл аралык байкоочулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Айрым талапкерлер жана укук коргоочулар бул жолку шайлоого тыкыр көз салуу керек дешет.

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды каттоону улантып жатат. Комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын так саны добуш берүү күнүнө жакын аныкталарын билдирди:

- Бизге өнөктөш болгон бир топ шайлоо комиссияларына, биз мүчө болгон миссияларга, шайлоо комиссияларынын ассоциацияларына чакыруу жөнөткөнбүз. Андан сырткары биздин мамлекеттин парламенти өнөктөш-шериктеш өлкөлөрдүн парламенттерине чакыруу жөнөтүлгөн. Алар эми канча адамды жөнөтөрүн өздөрү билет. Ошондуктан алардын саны канча болорун биз билбейбиз. Биз 12-октябрга чейин аккредитация жүргүзөбүз. Анан талапкерлер ар бир шайлоо тилкесине байкоочуларды өздөрү жөнөтөт. Алардын дагы саны боюнча так маалымат айтуу кыйын. Бир эле участокко үчтөн-төрттөн жөнөтүшү мүмкүн, кээ бир талапкерлер такыр эле байкоочу жөнөтө албай калышы мүмкүн.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

Абдыжапар Бекматов бул жолку шайлоого эл аралык байкоочулар көп келерине, эл аралык коомчулуктун кызыгуусу жогору болгонуна токтолду:

- Азыркы конституциялык мыйзамдарда биздин жарандар эл аралык байкоочу болуп каттала албайт деп көрсөтүлгөн. Мурда эл аралык уюмдарда, эл аралык ассоциацияларда иштеген биздин жарандар эл аралык байкоочу болуп каттала берчү. Ошолордун баарын кошкондо эл аралык байкоочулар 600дөн ашуун эле. Азыр 700дөн ашык катталды, дагы катталат деп күтүп жатабыз. Эл аралык коомчулукта дагы бул жолку биздин шайлоонун өтүшүнө байкоо салууга кызыгуу жогору десе болот.

БШК президенттик шайлоодо өлкө боюнча 2375 добушкана ачыларын билдирген.

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" добуш берүү күнүндө шайлоо тилкелерине буга чейинки шайлоолордой эле кыска мөөнөттөгү миң байкоочу жөнөткөнү жатат. Үгүт иштерине жер-жерлерде 60 узак мөөнөттөгү байкоочусу көз салып жүрөт.

Уюмдун жетекчиси Азамат Адилов байкоочуларды каттоодо айрым бир тоскоолдуктарга кабылганын айтып берди:

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы биздин коомдук байкоочуларды уюмдун уставын алып келгиле деп каттабай коюшкан. Бирок мыйзамда бул документти алып келиши керек деген эреже жок. Биз буга байланыштуу БШКга арыз жазганбыз, алар анан катталышы керек деген чечим чыгарышкан. Нарында дагы мыйзамда көрсөтүлбөгөн документтерди сураган учурлар болду. Сурагандары туура эмес. Биздин уюм 17 жылдан бери шайлоолорго байкоо салып келебиз, буга чейин мындай учурлар болгон эмес. Биз добуш берүү күнү 500 шайлоо тилкесинде байкоо жүргүзөбүз. Ар бир шайлоо участогунда экиден байкоочу - бирөө биздин уюмдан, экинчиси бизге өнөктөш уюмдардан барат. Шайлоо тилкелери кокусунан тандоо ыкмасы менен тандалып алынган.

"Жарандык платформа" коомдук уюмдун жетекчиси Айнура Усупбекова бул ирет эки эсе аз сандагы байкоочу чыгарып жатканын айтып берди. Анын ырасташынча, добуш берүүгө таасир эте турган көрүнүштөр добушканалардын сыртына чыкты.

- Президенттик шайлоо биринчи жолу атаандаштык шартта өтүп жатат. Негизинен эки талапкердин ортосунда күрөш жүрүп жатат. Шайлоо процессине техникалык каражаттар киргизилгенден бери ыплас ыкмалар шайлоого даярдык, административдик ресурска, добуш сатып алууга чыгып кетти. Мурун "Таза шайлоо" ассоциациясы болуп турганда 1,5 миң байкоочу жөнөткөнбүз. Бул жолу 500 байкоочу жиберебиз. Азыр көп байкоочу жөнөтүүнүн кажети жок. Себеби добушканалардын ичинде эрежелер так. Чоң шаарларда, айылдарга гана байкоо жүргүзөбүз.

Кыргызстанда президенттик шайлоого бир апта калды. Президенттикке 11 талапкер ат салышып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG