Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары


Кыргызстанда Бишкек баштаган 22 шаардык кеңешке келчү партиялар белгилүү болуп калды.

11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийликтеги Социал-демократтар партиясы шаарлардын басымдуу бөлүгүндө биринчи орунду алды.

Анткен менен добуш берүүнүн жыйынтыгы коомчулукту таң калтырган жагдайлар менен да коштолду. Мисалы, Бишкекте аты да, талапкерлери да белгисиз “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төртүнчү болуп келиши күтүүсүз болду. “Кыргызстан” партиясы былтыркы парламенттик шайлоодогу ийгилигин кайталай алган жок. “Ата Мекен” менен “Бир болдун” талапкерлери шаардык кеңештерге дээрлик илинбей калды.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен ашкан беш партиянын төртүнчүсү “Мекеним Кыргызстан” экени белгилүү болоор замат бул партияга коомчулуктун кызыгуусу артты. Эмне болгон партия, талапкерлери ким, программасы кандай деген өңдүү суроолор жаралды. Анткени “Мекеним Кыргызстан” үгүт өнөктүгү маалында программасы, убадалары менен деле эсте калган эмес. Талапкерлеринин дээрлик баары коомчулуктун калың катмарына белгисиз. Тизменин башында “Арек Строй” курулуш фирмасынын жетекчиси Марлис Шабданбеков турат.

Бул партиянын лидери Медер Орумбаевдин айтымында, шаардык кеңештеги жеңиши өздөрү үчүн да күтүүсүз болгон:

- Биздин талапкерлерге эл ишенди окшойт. Жаштардан үмүттөнүп, мамлекеттин акчасына кол тийгизбеген ишкерлер, жаштар экен деген ишеним болгондур. Эми эл кайсы бир белгилерин карап шайлады да. Жеңгенибиз өзүбүзгө деле таң калычтуу болду. Демек талапкерлер туура тандалган, алар эл менен тыгыз байланышта болгондугу, же аванс катары үмүттөнгөнү болсо керек.

Добуш берүү учуру.
Добуш берүү учуру.

Медер Орумбаев “Мекеним Кыргызстандын” артында президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат, Социал-демократтар менен тымызын байланышы бар деген сөздөрдү жокко чыгарды. Бул партия быйыл жазында Ош шаардык кеңешке шайлоого катышып, үч мандат алган. Ал жеңиши деле коомчулук үчүн күтүүсүз болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке катышкан партиялардын ичинен “Мекеним Кыргызстан” партиясы үгүт иштерине эң аз акча короткон. Жалпысынан шайлоо фондунан 700 миң сом гана жумшалган.

“Биздин мурас” коомдук фондунун төрагасы, “Демократ” партиясынан талапкер болгон Чоробек Сааданбек бул жагдай иликтенип-талданышы керек деп эсептейт:

- Шаардык кеңешке өткөн төрт партиянын тең жумшаган каражаты 10 миллион сомдон өйдө. Мисалы, эң аз деген КСДП бир добуш үчүн 385 сом, “Мекеним Кыргызстан” болсо 36 сом, “Кыргызстан” 845 сом короткон. Анан эң аз каражат коротуп утуп алуу мүмкүнбү деген суроо туулат. Балким булар шайлоо фондунан сырткары, эч жерде изи калбаган, көрсөтүлбөгөн акча жумшадыбы деген ой өзүнөн өзү жаралат. Эгер мен КСДП партиясынын лидери болсом шайлоо өнөктүгүн өткөргөн штабды кубалап жибермекмин. Анткени бизден 10 эсе аз каражат жумшаган партия жеңишке жетише алат экен да деп айтмакмын. "Кыргызстан" партиясы булардан 20 эсе көп коротту. Бул жагдайга көңүл бурулушу керек. Анткени баарыбыз ачыктык үчүн күрөшүп жатабыз. Шайлоого жумшалган акча ачык болушу керек. Шаардык кеңешке өткөн партиялардын короткон акчаларынын көлөмүн карап туруп, булар акчанын күчү менен өттү деп айтсак болот. “Мекеним Кыргызстан” же идеясы жок, же тизмесинде элге таанымал көрүнүктүү адамдар жок, же акча деле короткон жок. Демек булар акчаны көмүскө колдонуштубу же кандайдыр бир административдик ресурс колдонуштубу, аны айта албайм, бирок башка чоң партиялар штабдарына суроо бере турган абалды жараткан партия болуп калды.

Добушкана.
Добушкана.

Социал-демократтар партиясы жалпы 22 шаардын төртөөндө – Кемин, Орловка, Чолпон-Ата жана Кара-Көл шаарларында биринчиликти алдырып жиберди.

Чолпон-Атада “Табылга” партиясы ушул тушта жеңишин майрамдап жаткан убак. Бул партиянын тизмесин жетектеген Талант Сарбагышев партиянын Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” партиясынын депутаты Улан Чолпонбаев менен байланышы бар-жогун тактаган жок, бирок уюшма кылмыш топтор да кийлигишкен деген сөздөрдү негизсиз деп билдирди:

- Улан Чолпонбаев биздин кыргыздын жигити, көлдүн депутаты. Биздин командабыз мыкты кишилерден чогулган. Дарыгерлер, архитектор, спортто ийгилик жаратып жүргөн балдарыбыз бар. Кылмыштуу топко тиешеси бар деген бир да бала жок. Өзүбүздүн шаарыбызга таза адамдар келип, өзүбүз өстүрүп-өнүктүрө турган команданы чогултканбыз. Программаларыбызда жөнөкөй эле нерселер камтылган. "Баланы жашынан, аялды башынан" дегендей элементардуу эле нерселерден баштайбыз. Туристтик шаар болгондон кийин ушул жаатта көп максат койдук. Чече турган маселелер бар. Стратегиялык маселелер бар.

Бишкек: шайлоодо беш партия алдыга чыкты

Бишкек: шайлоодо беш партия алдыга чыкты

Бишкек шаардык кеңешине 11-декабрда өткөн шайлоодо КСДП жана “Республика Ата Журт” партиялары алдыда келе жатат.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында биринчи жолу шайлоого катышып жаткан "Энергетиктер" партиясына башка тажрыйбалуу партиялар караандабай калды. Бул партия болжол менен 31 орундун кеминде 12син илип кетти.

"Энергетиктер" партиясынын сап башында турган Тилек Эстебес уулу партия жергиликтүү эл арасында кадыр-баркы бар ар кайсы чөйрөдөгү, жаш курактагы адамдардан куралганын кеп салды. Азыркы иштеп жаткан мэрди сактап калуу башкы урааны болгонун айтып берди:

- Биз азыркы иштеп жаткан мэрди дагы төрт жылга алып калалы деген максат менен чыктык. Биздин шаарга энергетиктердин шаары деген макам алалбай жүрөбүз. Токтогул ГЭСи ушул жерде тургандан кийин эл электр энергиясын ошол ГЭСтен чыккан баа менен алсын деген максатыбыз бар. Ошону ишке ашырабыз деген үмүт бар. Бизге 14 мандат тийгени жатат.

Социал-демократтар партиясынан сырткары “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары дээрлик бардык шаардык кеңештерге шайлоого катышты. “Кыргызстан” былтыркы парламенттик шайлоодогу ийгилигин бул ирет кайталай албай калганы байкалды.

Мурда-кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жүргөн “Ата Мекен”, “Бир бол”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт”, “Ак шумкар”, “Замандаш” өңдүү партиялар дагы добушу калыңдардын катарына кирген жок.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айрым шаарларда уткан партияларды инфографикадан көрө аласыз:

XS
SM
MD
LG