Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

«Кыргызмунайгазды» териктирген маалымат


Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Кыргызмунайгаз» ишканасы Коопсуздук кеңешинин астындагы антикоррупциялык стратегияны ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевди жалган маалымат таратканы үчүн деген негизде жоопко тартуу боюнча арызы сотко чейинки өндүрүшкө кабыл алынганы белгилүү болду.

Буга Осмоналиевдин «Кыргызмунайгаз» өндүргөн мунайды чийки боюнча жана экспорттук алымсыз Тажикстан менен Өзбекстанга сатуудан мамлекеттик казына жылына 1 миллиард сомдой акчаны жоготуп жатканын айткан жана аны экономикалык диверсия деп атаган билдирүүсү негиз болгон. Юрист Кайра Осмоналиев муну бет тырмоочулук катары карап, сөз эркиндигине жана коррупцияга каршы күрөшкө басым катары кабыл алды.

«Кыргызмунайгаздын» өкүлдөрү такталбаган, жалган маалымат таратуу компаниянын беделене шек келтирип, инвестициялык абалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

Эксперттик кеңештин мүчөсү суракка чакырылды

Коопсуздук кеңешине караштуу антикоррупциялык стратегияны ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жана Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевди жалган маалымат тараткан деген негизде кылмыш жообуна тартуу боюнча «Кыргызмунайгаз» ишканасынын профсоюз уюмунун башчысы Акынбек Раимкуловдун арызын Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү сотко чейинки өндүрүшкө алганы белгилүү болду.

Кайрат Осмоналиев интернет-сайттардын бирине «Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчилиги чийки мунайды Тажикстан менен Өзбекстанга экспорттук пошлинасы жок сатуу боюнча кол койгон келишимдердин айынан казынага 1 миллиард сомго чукул акча түшпөй жатканын сынга алган. Муну ал мамлекетке каршы диверсия жана кылмыш деп атаганы арызга негиз болгон.

Юрист Кайрат Осмоналиев ошол билдирүүсү үчүн «Кыргызмунайгаз» ишканасы аны жоопко тартууну талап кылганын белгиледи:

- Мен маегимде айткан коррупциялык тобокелчиликтер тууралуу маалыматтар далилденген. Мисалы, мунайга бай Орусия менен Казакстан мунайды кайра иштетилип, салыктары алынмайынча, чийки түрүндө бизге бербейт. Кайра иштетилген мунайзаттын бизге сатылган баасы сөзсүз түрдө кымбат болот. Эгерде мунайды өзүбүздө кайра иштетип, салыктарын алып, Орусия менен Казакстандагыдай экспорттук пошлинасы менен сатканыбызда бир миллиард сомдон ашуун акча мамлекеттик казынага түшүп турмак. Азыр ошол келишимдерге шылтоолоп, арзан баада Тажикстан менен Өзбекстанга мунайды сатып жиберип жатышат. Бул - мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген иш-аракет экенин ошол маегимде айткан элем. Ошол боюнча «Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчилиги мени жоопко тартууну талап кылып, милицияга арыз берип, анан милиция дагы аны карап отурбай, сотко чейинки өндүрүшкө алып, мени күбө катары суракка чакырыптыр.

Бирок Осмоналиев айткан маалыматына доомат коюп, аны кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат таратуу катары кабыл алган «Кыргызмунайгаздын» профсоюз комитети жетекчиликтин жана эмгек жамаатынын аброюн коргош үчүн Кайрат Осмоналиевди жоопко тартыш үчүн Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз берген.

Профсоюз уюмунун башчысы Акынбек Райымкулов жалган маалымат таратуудан компаниянын коммерциялык жана инвестициялык кызыкчылыгына доо келтирилди деп эсептейт.

- Кайрат Осмоналиев «Кыргымунайгаз» ишканасынын жетекчилигинин бул ишмердиги келишимдердин астына катылган диверсия жана кылмыш» деп атап, түздөн-түз айыптап жатпайбы, - деди ал. - Ошондой эле биздин ишкана «Тажикстан менен Өзбекстанга жылына 250 миң тонна мунай сатып жатат» деп билдирген экен. Бул - карандай доомат жана жалган маалымат. Биз саясаттан сырткары өндүрүштүк ишканабыз. Бизге саясаттын кереги жок. Бирок мындай жалган жалаанын жана такталбаган маалыматтын айынан биздин коммерциялык жана инвестициялык кызыкчылыктарга доо кетип жатат. Биз компаниянын беделин тобокелге салып карап тура албайбыз. Ошон үчүн биз Бишкекке барып, анын маалыматтары боюнча териштирүү жүргүзүүнү талап кылып, арыз жаздык.

Сандар салыштырылганда

Кайрат Осмоналиев «Vesti.kg» сайтындагы маегинде «Кыргызмунайгаз» Кыргызстанда катталган, бирок чет элдик ээликтеги жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүп, ал өндүрүлгөн мунайдын 60% кошумча нарк салыгын төлөбөстөн жана экспорттук пошлинасы жок Тажикстан менен Өзбекстанга экспорттоп келе жатканын айткан. 40% мунай «Кыргызмунайгаздын» карамагында калат.

Осмоналиев мунай өндүрүү учурда жылына 250 миң тоннага жетип калганын айтып, эки жылда өндүрүлгөн 500 миң тоннадай мунайды пошлинасы жок жана салык албай экспортко чыгаруудан Кыргызстан жыл сайын 25 миллион доллар жоготуп жатканын белгилеген. Бирок «Кыргызмунайгаздын» каржылык директору Буркан Темирбаев бул сандар коомчулукту будамайлап, жөн эле түкшүмөлдөп, ойдон чыгарылган деп эсептейт.

- 25 миллион доллар деген абдан чоң акча, - деди ал. - Аны ойдон чыгарып эле, божомолдоп эле «мынча түшсө, мынча болмок» деген туура эмес. Ал адам чындыкка дал келбеген маалымат менен жок нерсени жок нерсе менен көбөйтүп, ошонун натыйжасында өзүнчө эле миллиард деген сөздөрдү чыгарып, жыйынтык чыгарып алыптыр. Салык кодексинин 260-беренесинде экспортко чыгарылган өндүрүм менен кызмат көрсөтүү кошумча нарк салыгынан бошотулган деп турат. Бул жок нерсе. Математикада жок нерсени кандайдыр бир санга көбөйткөндө деле жок нерсе келип чыгат.

«Мунай экспорту мыйзамга каршы келбейт»

Ошол эле кезде «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын аппарат жетекчиси Өмүралы Анарбаев өндүрүлгөн мунайдын көпчүлүгү ички рынокто сатылып жатканын айтып, кошумча нарк салыгын төлөнбөй, сыртка алымы жок экспорттолгон мунайдын көлөмү Кайрат Осмоналиев айткандай 25 миллион долларга барабар эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, компания кышкысын алыскы Лейлекте өндүрүлгөн мунайдын кайсы бир бөлүгүн гана Тажикстанга экспорттоого аргасыз.

Өмүралы Анарбаев муну ташып келип кайра иштетүүгө караганда, Тажикстанга чийкилей сатуу экономикалык жактан пайдалуу деп түшүндүрдү:

- Мисалы, былтыр 236 миң тонна мунай өндүрүлдү. Ошондон Кытай компаниялары болгону 23 миң 100 тонна мунайды экспортко чыгарган. Ал эми биз болсо болгону 9 миң тонна мунайды экспорт кылдык. Биздики эми аргасыздан. Анткени Баткен облусунун Лейлек районунун Арка тилкесинен мунай өндүрөбүз. Ал Кыргызстандын эң алыс аймагы. Ал жактан өндүрүлгөн мунайды Жалал-Абадга ташып келип, кайра иштетүү үчүн ай сайын 3 млн. 200 миң сом акча чыгымдалат. Ошондо жылына 40 миллион сомдон ашуун акча эле ташып келүүгө кетет экен. Ошондуктан ал жактагы мунайды бул жакка ташып келип, кайра иштеткенден көрө ошондон ары эле сатып өткөрүү пайдалуу экенин эсептеп чыкканбыз. Бирок биз жайкысын жол жакшы абалда болуп турганда, мунайдын кайсы бир бөлүгүн бул жакка ташып келип, кайра иштетип жүрөбүз.

Анткен менен былтыр «Азаттыктагы» маегинде Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов мурдагы президенттер Акаев, Бакиев жана Атамбаев учурунан бери келаткан «Кыргызмунайгаз» ишканасындагы коррупциялык чийимдер тууралуу айткан болчу.

Саясатчы Бектур Асанов Атамбаев менен мамилеси ошонун айынан бузулганын айтып, ал схемалар азыр деле жашап жатканын билдирген эле:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

- Ошол схема бүгүн да иштеп келатат. Мен 2-3 депутат менен талашып кеттим. Алар «муну президент билет, президенттин эң жакын кишиси кезинде «Шоопур» отургандай эле ошол схемада отурат» дешти. Мен болсо «президент муну билбейт» дегем. Анткени губернатор болуп турганда сегиз айдан кийин гана билгем. Мага эч ким айткан эмес. Атайын кызматтар да үн каткан эмес. Мага фермерлер «бизге белгиленген арзан баада күйүүчү майды сатпай жатышат» деп арызданганда гана билгем. Директорлор кеңеши, Мамлекеттик мүлк фонду, өкмөт ортомчу компанияларды аныктап алып, коррупциялык чийимдерди мыйзамдаштырып беришкен. Мен бул боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырма берип, бирок аларга борбордон чалып, улам басып турушкан. Атамбаев менен мамиле ошондон улам бузулган. Ал схема азыр деле жашап жатпайбы. Мен президент бул маселе тууралуу чечим кабыл алып, аны текшерип чыгат деген ойдомун.

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчилиги талашка түшүп, анын айланасындагы айрым маселелер 2010-жылдан кийин бийликке келген саясий күчтөрдүн ортосунда талаш-тартыштын чордону болуп келгени белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG