Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Салянованын күйөөсү соттон арызын кайра алды


Жогорку Сот парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бактыбек Абдыкапаров баштаган адамдардын жазык иши боюнча тактоо таратты.

Анда 10-майда Марат Кутановдун гана адвокатынын көзөмөл даттануусу каралганы, экинчи инстанциянын чечими күчүндө калганы, ал эми Абдыкапаров баштаган үч адамдын жактоочулары көзөмөл арызды кайтарып алгандыктан иш кыскарганы маалымдалат.

Аида Салянова күйөөсүнө, андан кийин өзүнө козголгон кылмыш иштердин саясий өңүтү барын, бул аракет каралоо экенин айтып келет. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев экс-баш прокурор ишеничтен кеткенин айткан жана анын күйөөсүн "паракор" деп айыптаган болчу.

Жогорку Соттун тактоосу боюнча Бактыбек Абдыкапаров, Турсунбек Мамбеталиев, Кемел Имановдордун адвокаттары көзөмөл арызды кайтарып алуу тууралуу 4-апрелде кайрылган. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын "Азаттыкка" маалымдашынча, мындан улам алардын жазык ишин кароо токтогон. 10-майда жалгыз Марат Кутановдун гана жактоочусунун көзөмөл арызын соттук коллегия караган:

- Сотто Марат Кутанов боюнча эле иш каралып, Бишкек шаардык соттун 2016-жылдагы 20-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырды. Абдыкапаров, Мамбеталиев, Имановдун жазык иши каралган жок. Себеби алардын адвокаттары көзөмөл арыз менен кайрылып, бирок аны кайра чакыртып алышыптыр. Ошондуктан бул иш 18-апрелде кыскарган.

Кызматта турганда өздөрү ушул системаны өзгөртүүгө аракет кылышы керек эле. Азыр эми бийликке доомат артканы туура эмес.
Айнуру Алтыбаева

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурунку баш прокурор Аида Салянова күйөөсүнүн адвокаты көзөмөл арызды кайтарып алганын бышыктады.

Бул ишти азыркы бийликтин саясий буйрутмасы деп баалады жана Жогорку Сотко кийин кайрылышарын билдирди:

- Бул тек гана мага байланыштуу, саясий буйрукту аткаруу. Жолдошумдун бар-жогунун эч кимге ысык-суугу жок. Анан калса аны эч ким, жабырлануучулар, ортодогу кишилер тааныбаса деле болбой эле жабыштырып жатышат. Бул тек гана мага байланыштуу иш. Мени каралоонун эле жыйынтыгы. Мыйзам боюнча Жогорку Cотко каалаган учурда кайрыла алабыз. Бизде бул мүмкүнчүлүк кала берет. Кайсы учурда болбосун актоо үчүн кайрыла турган болсок, бизде андай мүмкүнчүлүк болот. Бул бийликтен эч кандай үмүт жок. Азыр деле жаңы жагдайлар айтылды, бирок аны уга турган киши жок, жыйынтык болбойт. Жаңы бийлик келгенде сөзсүз түрдө жаңы жагдайлар, толук маалымат менен чыгып, жолдошум бүт аракетин толук акталганга жумшайт.

Жогорку Кенештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып Салянованын соттор боюнча дооматын сынга алды. Баш прокурор болуп турганда сот тармагын, прокуратура органдарынын ишин өзгөртүүгө жетиштүү чара көргөн эмес деп билдирди:

- Аида Салянова сот системасын, прокуратура органдарынын ишин системалуу түрдө өзгөртө турган кызматта турган. Биз Саляновадан системалуу өзгөртүүлөрдү күткөнбүз. Тилекке каршы, андай болбой калды. Эми убагында өзгөртүү жасай ала турган адамдар өздөрү бул системага ишенбейбиз деп жатат. Кызматта турганда өздөрү ушул системаны өзгөртүүгө аракет кылышы керек эле. Азыр эми бийликке доомат артканы туура эмес.

Алмазбек Атамбаев жана Аида Салянова
Алмазбек Атамбаев жана Аида Салянова

Өткөн жылдын этегинде президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында Аида Салянова тууралуу суроо берилген. Журналисттер анын эки жыл мурун Салянованы мактаганын, атүгүл президент болууга татыктуу деп айткан сөздөрүн эске салган. Атамбаев Саляновадан көңүлү калганын, ишеничтен чыкканын аткан, ал эми күйөөсүн паракор деп айыптаган:

- Мага анын күйөөсү пара алат деген маалыматтар келип, кыш киргенине карабай Бишкек жылуулук борборуна көмүр келбей кечигип жаткан абал жаратканда Аида Салянованы чакырдым. Мен ага “Аида, сенин күйөөң паракор экен, эмнелерди жасап жатканын карачы” деп айттым. Анткени мен Саляновага аябай ишенип келгем. Анын “менин күйөөм андай эмес, мындай болбойт” деп айтканы мени таң калтырды. Анда мен “Аида, сен эс алууга чыгып кел, биз дагы бир жолу сүйлөшөбүз” деп айттым. Мен эмнегедир Салянова эс алуудан келип, “күйөөм өз кылганы үчүн жооп берет, мен болсо ак ниет адаммын” деп айтат деп ойлогом. Бирок ал эс алуудан келип, күйөөсүн дагы коргоду. Чынын айтканда, бир топ адамдар үчүн күйөөсү, аялы, үй-бүлөсү, акча баарынан жогору болуп кетет экен.

Атамбаев менен Салянованы тирештирген көмүр

Атамбаев менен Салянованы тирештирген көмүр

Президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына Аида Салянованын жообу көпкө күттүргөн жок.

Аида Салянованын күйөсү Бактыбек Абдыкапаров баштаган төрт адамга Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соттун чечими 2015-жылы октябрь айында чыккан. Алар Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыз кылууда коррупциялык жагдайлар боюнча айыпталган.

Абдыкапаров Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 190-беренеси (бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо) боюнча күнөөлүү деп табылган, алгач жети жылга эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн. Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси боюнча үч жылга шарттуу кескен.

Ал эми Абыкапаровдун классташы делген Турсунбек Мамбеталиев да 190-берене, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку коммерциялык директору Кемел Иманов болсо 221-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчылардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталган жана экөө тең эки жылга шартуу кесилген.

"Тазалык" ишканасынын мурунку жетекчиси Марат Кутанов алдамчылык боюнча беш жылга кесилген жана үй-мүлкү конфискациялансын деген чечим чыккан. Бирок Кутанов Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин негизинде жазадан толук бошотулган.

Бул иш боюнча Бишкек шаардык сот былтыр апрель айында өкүм чыгарган. Анда Абдыкапаров, Мамбеталиев жана Иманов боюнча райондук соттун чечими күчүндө калган. Кутановду жазадан бошотуу тууралуу райондук соттун чечими жокко чыгарылган. Шаардык сот аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерген жана үч жабырлануучуга 2015-жылдагы валютанын курсу менен жалпысынан 50 миң доллар төлөп берүүгө милдеттендирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG