Натыйжада Салянова сот чечими күчүнө киргенден кийин депутаттык мандатынан ажырайт. Бирок айыпталуучу тарап соттун чечимине каршы доо арыз менен Жогорку сотко кайрыла турган болушту.
Чуу коштолгон чечим
Соттор коллегиясынын чечими залдагы чогулгандардын ызы-чуусу менен коштолгондуктан судья Ирина Воронцова кесиптешине чечимдин жыйынтыгын гана окууну табыштады. Натыйжада судья Нурбек Эсеналиев айыпталуучу Аида Саляновага карата райондук соттун чечими күчүндө калганын билдирди.
- Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрдагы Аида Саляновага карата өкүмү өзгөртүүсүз калсын. Мамлекеттик айыптоочулардын жана жактоочулардын доо арызы четке кагылсын. Соттун чечими менен тараптар Жогорку сотко даттанса болот.
Мындан тышкары, сот Салянованын жактоочуларына карата соттун жеке аныктамасы чыкканын маалымдап, залдагы чуудан улам аныктаманын мазмунуна кеңири токтолгон жок.
Соттун чечимине макул болбогон депутат Аида Салянова үч айдан ашык шаардык сотто күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү эске алынбаганын, сот саясий буйрукту аткаруу менен чечим кабыл алганын айтууда.
- Демек ушул убакка чейин биздин келтирген жүйөлөрүбүздү, далилдерибизди эч ким уккан эмес экен да. Бул сот башынан эле цирк болгонун далилдеп койду. Сотко эч кандай далилдер кереги жок болчу. Негизги максаты мени соттош керек эле, ошонусун аткарды.
Депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова шаардык соттун чечими расмий колго тийгенден кийин ич ара макулдашуу менен жогорку инстанцияга доо арыз берилерин маалымдады. Ал сотто жактоочулар Салянованын күнөөсү жок экенин бардык тараптан далилдеп бере алганын айтып, соттор айтылгандарды эске албай жатканына нааразы болду.
Бул арада Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова соттор өзүм билемдик менен жарандардын укуктарын тебелеген көрүнүштөр парламенттин тийиштүү комитетинде каралышы керек экенин айтууда.
- Сот учурунда процедуралык нормалар бузулганы туурасында бир катар аудио жана видео материалдар бар экен. Биз депутаттар менен соттордун жүрүм-турумун талкуулоону сүйлөшүп жатабыз. Мен парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү болгондуктан, Салянованын ишин караган соттор коллегиясы боюнча атайын дисциплинардык комиссияга кайрылабыз. Анын арты менен жаңы түзүлгөн дисциплинардык комиссия кандай иштей турганын көрүшүбүз керек.
Чечим саясатка айланбашы керек
Анткен менен дагы бир депутат, КСДП фракциясынын депутаты Бакытбек Жетигенов соттун чечимин саясатташтыруунун кажети жок деп эсептейт. Ал азыркы саясатчылардын арасында соттун чечимине саясый боёк берүү көндүм адатка айланганын айтты.
- Саясаттан бир аз алысыраак болсок жакшы болмок. Канча деген адамдын соту болуп жатат, ар бирин “саясий буйрук” деп айта берген болбойт да. Сот өз чечимин чыгарды, убакыт менен сот кандай чечим чыгарганын билебиз. Мен “бийликтин заказы менен сот болду" дегенге кошулбайм.
УКМК Cаляновага айыбын угузду
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.
Шаардык соттун чечимине ылайык, Аида Салянованын “соттолгондугу” боюнча статусу күчүнө кирип, мыйзамга ылайык депутаттык мандатын тапшырышы керек.
Салянова өзү бийликтин негизги максаты аны депутаттык мандатынан ажыратып, парламент трибунасынан алыстатуу болгон деп эсептейт. Бирок ал коомчулуктагы актуалдуу маселелерди, жарандардын кайрылууларын бийликке жеткирүү ишин токтотпой тургандыгын “Азаттыкка” билдирди.
- Бийлик Салянованын мандатын алса эле менин турмушумдагы маанилүү нерсени үзүп салабыз деп ойлоп жатат окшойт. Албетте, менин мандатым жарандардын кайрылууларын ишке ашырууга, алардын көйгөйлөрүн укканга жардам берчү. Бирок мен эч качан мандатка таянып мыйзамсыз иш кылган эмесмин, алдыда мандаты жок деле ишимди кыла берем.
Мыйзамга ылайык, шаардык соттун чечими Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн күндөн тартып БШК бир ай ичинде Салянованын мандатына байланыштуу чечим чыгарышы керек.
Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”
Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”
Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.
Аида Саляновага карата кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган.
Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептеп, ишти караган соттук коллегиядан Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен сегиз жылга кесүүнү суранган. Ошондой эле прокуратура Салянова өз жазасын дароо өтөшү керек экенин белгилеген эле. Азырынча Башкы прокуратура шаардык соттун чечимин Жогорку сотто талашар-талашпасы белгисиз.
2017-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту депутат Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Эгер Жогорку сотто чечим өзгөрбөсө, Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй баштайт.