Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Үлпөт тойдогу саясий салтанат


Солдоң оңго карай: "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов.
Солдоң оңго карай: "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

Кыргызстанда аш-тойлор да саясатташып, өткөн иштерди такташып, өз ара ымалага келүүнүн жолун издеген салттуу аянтчага айлана баштады.

Айрым саясатчылар мына ушундай көз карашты карманса, кээ бирөөлөрү саясатташкан тойлорду жасалмалуулук катары кабыл алышты.

Мурдагы тышкы иштер министри, депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тойуна ар түрдүү көз караштагы, келишкис саясатчылар чакырылып, бир үстөлдө чогуу болуп, бирге сүрөткө түшкөн учурлары коомчулукта талкууга алынды.

Аш-тойлордун шылтоосу

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата-Журт" партиясынан депутат Руслан Казакбаевдин уулунун борбордогу ресторандардын биринде өткөн үйлөнүү үлпөтүнө жети жүздөн ашуун адам чакырылып, алардын жарымынын көбүн өлкөнүн саясий элитасы түздү. Анда саясий ынанымы боюнча ар түрдүү көз караштагы, карама-каршы мамиледеги саясий партиялардын лидерлеринен тартып, оппозициялык саясатчыларга чейин бир залга чогулганы кызык болду.

Келишкис саясий атаандаш деп саналган Өмүрбек Текебаев менен Бабанов бир үстөлдө отуруп, өз ара пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бабанов фракциясы менен 2010-жылы Текебаевдин парламент төрагалыгына шайланышына бут тоскон болсо, Текебаев кийин анын өзүн өкмөт башчылыктан алып түшкөнү белгилүү.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев той-аштар саясатчылардын өз ара мамилесин такташып алганга жана пикир алмашууга өбөлгө түзгөн салттуу аянтча экенин белгиледи:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Руслан Казакбаев табиятынан дипломат адам болгондуктан, бардыгы менен жакшы мамиледе болуп, анын уулунун тоюнда бардык партиялардын өкүлдөрү, мурдагы жана кийинки мамлекеттик кызматкерлер, аксакалдар, дипломаттар, президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү болушту. Ар кандай жагдайдан улам бири-бири менен урушуп, учурашпай калган, бирине-бири кыр көрсөтүп, тирешип келген адамдар мына ушундай жамандык-жакшылыкта, аш-тойлордо жолугуп, бейформал негизде сүйлөшүп алганга жол ачылат. Ошол жерден көп маселелер чечилип жүрөт. Адамдар жарашып, "өткөн ишти унуталы" деп бирин-бири кечиришип жүргөнү баарыбызга белгилүү. Бул аш-тойлор диалог жүргүзүүнүн салттуу аянтчасы болуп келген жана мындан ары дагы боло бермекчи.


Руслан Казакбаевдин уулунун тоюна Үсөн Сыдыков баш болгон өлкөдөгү белгилүү аксакалдардан тартып, көп жылдан бери мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу саясатчылар конок катары чакырылган. Саясатчылар басымдуулук кылгандыктан бул үйлөнүү үлпөтүн саясатташкан той катары сыпаттагандар болду.

Бийликке белги берүү ыкмасы

Саясат талдоочу Марс Сариев бул тойго бейрасмий чогулган менен андагы саясий күчтөрдүн бир жерде отуруусун бийликке берилген белги катары мүнөздөдү:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Мамлекеттик кызматтан тышкары калган саясатчыларга адатта бири-биринин позицияларын билип, кенен пикир алмашуу үчүн мына ушундай аш-тойлор жакшы шылтоо. Анан алар ар кандай көз карашта болушса да, бир учурда чогулуп, бириге ала турганын, сүйлөшө алышарын бийликке дагы көрсөтүп, белги бере турган ыңгайлуу саясий аспап. Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнда көбүнчө оппозициялык маанайдагы саясатчылар басымдуулук кылганы дагы жөн жеринен эмес. Алар мына ушундай күчтөр бар экенин дагы бир ирет бийликтин эсине салып, бийлик алар менен эсептешиш керек экенин тымызын каңкуулап турат. Анткени бир жылдан соң парламенттик шайлоо келе жатат. Ага бийлик партияларынан башка партиялар али даяр эмес. Ошондуктан бул жерде "керек болсо, биз бир заматта биригип кете алабыз" дегендей бийлик башындагыларга белги берген чоң саясат катылган. Чоң саясатта сөз менен айтылган мына ушундай белгилер болот.

Эки жүздүүлүктүн эпкини

Анткен менен бул тойго барган саясатчылардын бири Адахан Мадумаров түрдүү көз караштагы, кээде келишкис позициядагы саясатчылардын бир тойдо чогулуп, бир үстөлдө отурушун анча деле жактыра бербейт. Анын айтымында, тойлордогу мамилелер саясаттагы эки жүздүүлүктүн жана жасалмалуулуктун пардасын ачат:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Той саясатка айланган жери жок. Саясатты азыр тойго айландырып жиберишти. Кыргызда азыр бүт бардыгынын богу-жини аралашып бүткөн. Азыр эми кууганы дагы, качканы дагы бирге жүрөт. Соттогону дагы, соттолгону дагы чогуу бир үстөлдө отурат. Туруктуу принциби бар оппозициялык саясатчы калган жок. Кечээ сени отургузган адам менен бирге дастаркондо отуруп, калп эле тилек айткан болуп, күлүп-жайнап отурган нерсе - жасалмалуулук эмей эмне? Ошентип тойго бирин-бири алдоо үчүн барат. Элдин көзүнчө бири-бирине жылмаңдашып, жакшы көрүнүш үчүн бардыгы жасалма болушат. Бул эми жалгыз эле саясатчыларда эмес. Бардыгы азыр ушундай. Бири-бирин көзүнчө күлүп сүйлөп, кетери менен шыбайт. Учурашканы дагы жалган. Кучакташканы дагы жалган. Бардыгы жасалма. Бул эми биздин коомдун азыркы жүзү. Ошондуктан мен мына ошондой жерлерден чарчайм. Көп отура албайм. Негизи мен ошондуктан мына ошондой аш-тойлорго көп эле бара бербейм.

Атасынын каршылаштарына кол сунган Кадыр Атамбаев

Мурдагы башкы дипломат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөтүнө чогулгандардын арасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаев көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Алардын дасторкондо отурган сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады. Ошондой эле тойдо Кадыр Атамбаевдин атасынын саясий каршылаштары катары каралган Текебаев жана Бабанов менен чогуу сүрөткө түшкөнү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Өмүрбек Текебаев саясатташкан тойдогу бул жагдайды төмөндөгүдөй белгиледи:

- Кадыр Атамбаев кокусунан эле жаныбызга келе калып, чогуу сүрөткө түшүүнү суранды. Бабанов анын жанына келсе, андан баш тартып коё алмак эмес. Анткени алар үй-бүлөлүк катышта болуп, Кадырды кичине кезинен бери тааныйт. Ал туруп, учурашып, ал-жай сурашып, анан мени "Өмүке келиңиз, чогуу сүрөткө түшүп коёлу" дегенде мен эмне үстөлдүн астына кире качышым керек беле... Анан калса мен аны көргөндө өзүмдүн уул-кызымды көргөндөй болдум. Себеби менин уул-кызым дагы мен түрмөдө отурганда ар кимдин астына барып, жылуу сөз угуп, колдоосун күткөн учурлары болгон. Мен үстөлдөн турганда ал жигит тартынып калды. Анан ал мени сындап чыкканынан уялып калган экен деп, "Кадыр, кемчилик кетиргенден коркпо, аны оңдогонду үйрөн" деп аксакал катары насаат айтып, ортодогу ыңгайсыздыкты жөнгө салдым. Анан биргеликте сүрөткө түшүп, кайра тарап кеттик.


Саясаттагы кечээки душмандар бүгүн доско айланып, бүгүнкү достор эртеңки душманга айланып калышы мүмкүн экенин соңку тарых бир нече курдай ырастаган. Кыргыз саясаты дагы мына ошондой парадокстардан куру эмес.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийлигинин соңку мезгилинде Текебаев менен Бабанов сыяктуу саясатчыларды саясий аренадан биротоло ала кетем деп айткан жайы бар:

- Акмактар тойлоп, чиренип акча чачып жүрүшөт. Башка элдин астына бизди чөгөлөтүп, салып беребиз деп. Ушул шайлоо менен муну токтотуп туруп, шайлоодон кийин Кыргызстанды толук тазалоо керек. Буюрса, быйыл 1-декабрга чейин мына мобулардын бардыгын тазалап берем. Мындан ары ачыгын айтайын, эч кимди аябайм. Кудай буюрса, булардын бардыгын шайлоодон кийин өзүм менен кошо ала кетем. Мен кайтып келем. Бирок алар эч качан...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ондон ашык эпизоддор боюнча кылмыш жообуна тартылып, учурда тергөө абагында отурат. Ал Кыргызстанды 2011-жылдан 2017-жылга чейин башкарып, бийликтен кеткен соң, кийинки келген президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси бузулган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG