Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Ыңкылаптарды көркөм дүйнө тааный элек


2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун аянттагы эстелиги.
2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун аянттагы эстелиги.

Эгемен Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптар көркөм чыгармаларда ордун таба элек. Ага жараша коомчулукта көлөмдүү жана салмактуу чыгармалар жаралбай жатканы сындалып келет. Маданият өкүлдөрү саясий окуялар мезгил сыноосунан өтмөйүнчө адабият менен искусстводо жетиштүү чагылдырылбай калышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтышат.

Жазуучу, журналист Айдарбек Сармамбетовдун 7-апрель тууралуу жазган "Кара жекшемби" аттуу аңгемеси бир нече тилге которулган. Автор бул чыгарманы кантип жазып калганы тууралуу мындайча кеп салды:

- Аңгемени окугандар анын репортаж жанрында жазылганын айтып жатышат. Чынында эле ошондой. Анткени ошол окуяларды мен өз көзүм менен көрүп, аралашып жүрдүм эле. Бул чыгармада кандай окуялар болуп өткөнүн кошумча-алымчасы жок жазгам. Андагы каарманым Бишкек шаарынын Төкөлдөшүндө жашаган жөнөкөй кыргыз баласы. Окуя ошол каарманыбыздын тегерегинде өнүгөт.

Аянттагы эскерүү. 7-апрель, 2011-жыл (архивдеги сүрөт)
Аянттагы эскерүү. 7-апрель, 2011-жыл (архивдеги сүрөт)

Сармамбетов эми бул аңгеменин негизинде 7-апрель окуясы тууралуу көлөмдүү чыгарма жаратууну да ойлоп жүргөнүн кошумчалады. Жазуучунун айтымында, өлкөдө болуп жаткан саясий окуялар акыркы жылдары поэзия менен публицистикада гана кеңири чагылдырылып келет.

2002-жылдагы Аксы окуясы тууралуу "Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн" пьесасын сахнага алып чыккан драматург Жаныш Кулмамбетов андан бери саясий темаларга кайрыла элек. Адис учурда башка драматургдар ага батынбай жатканын кеп кылды:

- Менимче, 7-апрелге карата театрларда атайын коюлган оюн жок. Бирок аянтта 7-апрелге карата атайын театралдашкан оюнду даярдап жатышат. Түздөн-түз 7-апрелди чагылдырган спектаклдер театрда коюла элек.

Кулмамбетовдун айтымында, кайсы бир саясий маселеге байланыштуу чыгарма жаратуу ар бир эле автордун колуна келе бербейт. Аны ар тараптуу изилдеп чыгуу, сюжеттеги окуяларды кайсы бир идеяга байлап берүү жазуучулар үчүн көп түйшүктү жана жоопкерчиликти талап кылат:

- Биринчиден, башында ар бир саясий окуя тууралуу коомдо ар түрдүү пикирлер өкүм сүрөт эмеспи. Мисалы азыр 7-апрель тууралуу бир тараптуу пикир жок да. Андыктан авторлор үчүн көркөм чындыкты табуу кыйын сезилип жатса керек.

Үркүн темасына байланыштуу чыгармалар, СССР тарыхындагы жамаатташуу учуру сыяктуу чоң-чоң окуялар деле адабияттан кийин орун алган.
Курманбек Абакиров

Адабиятчы Курманбек Абакировдун пикиринде, акыркы жылдардагы саясий окуялар тууралуу көрүнүктүү чыгармалар жаралбай жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ага бир топ убакыт керек:

- Мисалы, азыр кыргыз адабиятында СССР тарыхындагы кайра куруу, плюрализм, эгемендик жылдардын башталышы тууралуу деле көркөм чыгармалар жарала элек. Байкасаңыз, акын-жазуучулар илгерки эле эски темаларды иштеп келатат. Үркүн темасына байланыштуу чыгармалар, СССР тарыхындагы жамаатташуу учуру сыяктуу чоң-чоң окуялар деле адабияттан кийин орун алган.

Адис тарыхый окуялар кеминде жыйырма жылдай коомчулуктун элегинен өтүп, өз баасын алгандан кийин гана көркөм чыгармага айланган мисалдар көп деди.

"Тунгуч" жаштар театры 2014-жылы Апрель баатырларына арнап "Биригели" деп аталган спектаклди сахналаштырган.

Өлкөдө эки ирет болуп өткөн ыңкылап көркөм-сүрөт өнөрүндө да сейрек чагылдырылган тема. Буга чейин сүрөтчү Асан Турсункулов Аксы жана Апрель окуяларына арналган 97 эмгектен турган "Өлбөс баатырлар" көргөзмөсүн өткөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG