Аксы окуясы Боспиек айылында да эскерилип жатат. Ага жергиликтүү эл, маркумдардын тууган-уруктары, бийликтен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен" өкүлү Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, парламент депутаты Каныбек Иманалиев, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев катышууда.
Аксы окуясына 15 жыл толду

1
2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.

2
Буга байланыштуу бүгүн БЭК саясий партиясы жана "Эл үнү" кыймылы Аксы районунда эскерүү иш-чарасын уюштурууда. Жыйын “Аксы окуясына 15 жыл... Бийлик сабак алдыбы?” деген темада өтүүдө.

3
Укук коргоочу Турсунбек Акун.

4
Аксыда эскерүү иш-чарасын саясатташтырбоо талабы коюлду. Жергиликтүү бийлик менен күч органдары Аксы окуясынын 15 жылдыгын эскерүүдө Дүйшөнкул Чотоновду камактан бошотууну талап кылган лозунгду алдырып салышты.

5
Кара-Жыгач, Аксы.

6
Аксы окуясын эскерүүгө Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен" өкүлдөр, парламенттин айрым депутаттары, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү катышууда.

7

8

9
Аксы окуясы Кара-Жыгач айылында да эскерилди. Аксы, Жалал-Абад.

10
Аксы окуясы Кара-Жыгач айылында да эскерилди. Аксы, Жалал-Абад.

11
Аксы окуясы Кара-Жыгач айылында да эскерилди. Аксы, Жалал-Абад.

12

13

14
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

15
Мамлекет башчы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбор аянтында жайгашкан Эстелигине гүлчамбар койду.

16
2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.