Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18

Ош: бейтаптар аралашкан тендер чыры


Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. Ош.
Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. Ош.

Ошто 33 бейтап бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тартты. Алар 2018-жылдын ноябрь айында БЭМАН дарылоо-диагностикалык борбору уткан тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Ал арада тендердин жыйынтыгына нааразы болгон ЮРФА клиникасы да мекемелер аралык комиссияга кайрылды.

Абдыкалык Матраимов Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдетүү медициналык камсыздоо фондунун келишиминин негизинде жеңилдетилген тарипте бюджеттин эсебинен гемодиализ алып жүргөн бейтаптардын бири.

Ал тендерден утуп алган БЭМАН клиникасында бөйрөгү ооругандар үчүн шарт түзүлбөгөнүн айтты:

- БЭМАН деген клиникага да барганбыз. Он айлап ошол жерден дарыланып, миллиондогон акчаны короттук. Бирок жакшы боло албадык. Бутум шишип баса албай, арабага отуруп калгам. Ал жердин шарты начар. Өзүңөр барып текшерип көрсөңөр деле болот. Беш-алты гана киши дарыланып жатат.

​2014-жылдан бери гемодиализ менен жашап келе жаткан 72 жаштагы Патила Мурзалиева дарылоо милдетин мурдагыдай эле ЮРФА клиникасына өткөрүп берүү керек деген пикирде.

Ал акыркы эки жылдан бери гемодиализди ЮРФА клиникасында алып, саламаттыгы жакшырганын да кошумчалады:

- Мен гемодиализ менен жашап жүрөм. Бизди эмнеге ары-бери бастырып кыйнайт? Эмнеге оорукчан адамдарды ордунан козгоп жатышат? Бийликтен бизди мурда дарыланып жүргөн ЮРФА клиникасында эле калтыргыла деп суранат элек.

Ошто мамлекеттик бюджеттин эсебинен гемодиализ алып жаткан 42 бейтап бар. Алардын отуз үчү БЭМАН ооруканасында дарылануудан баш тартып, тендерди кайра өткөрүүнү талап кылып жатышат.

Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. Ош.
Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. Ош.

Алар мындай мазмундагы арыз менен президентке жана саламаттык сактоо министрине кайрылышты. Калган тогуз бейтап өз чөнтөгүнөн акча төлөп, ЮРФАда дарыланып жатканын айтышты.

- Ыйлап отурабыз, "башка клиникага барбайбыз" деп арыз жазып койдук. Эгер ал жер жакшы болсо ызы-чуу чыгарбай эле дарылана берет элек. Катарыбызда үйлөнө элек балдар, турмушка чыга элек кыздар, кары-картаңдар бар. Бизди кыйноонун эмне кереги бар?!, - деди атын атагысы келбеген бейтап.

Гемодиализ менен камсыздоо боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгына ЮРФА менчик ооруканасы да нааразы.

Алар бул маселе боюнча атайын комиссияга кайрылганын клиниканын коммерциялык директору Жеңиш Кимсанов билдирди:​

- Чынында биздин баа башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак. Бирок баа жөн жерден коюла бербейт. Анын ичинде бардык шарттар каралат. Биз мыйзам чегинде мекемелер аралык комиссияга тендердин жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө нааразылык билдирдик. Биздин өтүнүчтү Саламаттык сактоо министрлиги качан карап чыгары белгисиз.

Ал эми тендерден утуп алган БЭМАН ооруканасынын жетекчилиги бул дооматтарды четке какты.

Клиниканын башкы дарыгери Назарбай Сыргабаев гемодиализ алып жүргөн бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтууда:

- Буга чейин деле БЭМАН ооруканасы иштеп келген. Бейтаптар гемодиализ алып турушкан. Биздин медициналык борбор бир эле гемодиализ эмес, келген бейтаптарды да жаткырып дарылайт. Эки кабаттан турат, 65 орундуу. Келгендер сакайып эле кетишет.

​Мамлекеттик бюджеттин эсебинен гемодиализ менен дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ноябрь айынын этегинде тендер жарыялаган. Ага өлкө боюнча алты жеке менчик оорукана катышкан.

Оштогу ЮРФА клиникасы бир жолку гемодиализ акысы үчүн 5950 сом сунуштаган. Ал эми БЭМАН 5200 сом сунуштаган.

Тендердин шарты боюнча уткан клиникага мамлекет бир жылдык каражатты которуп бермек. Анын эсебинен бейтаптар акысыз гемодиализ алышмак.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева Ошто тендердин жыйынтыгына макул болбогон бейтаптардын арызын негизсиз деп эсептейт:

- Биз тендерде кымбат баа көрсөткөн клиникага артыкчылык бере албайбыз, ага акыбыз да жок. Анткени бул мамлекеттин акчасы. ЮРФА тендерде кымбат бааны көрсөттү, ал эми БЭМАН клиникасы арзан бааны сунуштады. Ошондуктан БЭМАНга укукту бердик. Оштогу бейтаптардын арызы негизсиз. Бул тендерде утулуп калган клиникалардын ортосундагы эле тиреш. Алар бейтаптарды курал кылып жатышат.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда 554 адам бюджеттик негизде гемодиализ аркылуу дарыланып жатат. 90 пайыздык жеңилдетилген тартип менен ушул медициналык тейлөөнү колдоно баштаган 134 бейтапты кошкондо, алардын саны 764 адамга жетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG