Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Ачкачылык кармагандар абакта калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Төрт оппозициячыга карата райондук соттун чечими күчүндө калды.

Бишкек шаардык соту "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асановго, Эрнест Карыбековго, Кубанычбек Кадыровго жана Дастан Сарыгуловго карата Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Сарыгуловдон башкалары сот чечимин угууга катышкан жок. Алардын жарыш сөзгө даярданууга убакыт берүү өтүнүчү четке кагылып, сот залынан чыгарылган.

Кошумча убакыт берилген жок

7-февралда өткөн шаардык соттогу жыйынга камактагы саясатчылардын ичинен Бектур Асанов келген жок. Жактоочусунун айтуусунда, ал ачкачылык кармап жатып, ден соолугу начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүндө калды. Анткен менен сотко алып келинген Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков деле соттун чечимин угууга чейин эле сот залынан чыгарылды.

Адвокат Марс Кыдыкбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы сөзгө айыпталуучулар даяр эместигин айтып, ачкачылыктан өздөрүн начар сезип жаткандыктан кошумча убакыт сурашкан. Сотто төрагалык кылуучу Адис Момуналиев муну сотко баш ийбөөчүлүк катары баалап, Карыбеков менен Кадыровду сот залынан чыгарганын жактоочу Кыдыкбаев маалымдады.

- Сот өзүнүн чечимин мыйзамга ылайык ачык окуш керек болчу, бирок өзүңөр көргөндөй жабык окуду. Жалпы чечимди он мүнөткө жетпей окуп кетип калды.

Оппозициячыларга чыккан сот чечими күчүндө калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Айыпталуучулардын бири, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов шаардык соттун чечиминен кийин гана “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүгө макул болду. Анткени буга чейин сот Сарыгуловго маалымат каражаттарына өз оюн билдирүүгө тыюу салган эле. Айыпталуучу шаардык соттун чечимин мыйзамсыз деп, буга чейин келтирилген далилдерин эске албай койгонуна нааразы.

- Мени райондук сотто “кылмышты жаап-жашырып койду” деп төрт жылга үй камагына кескен. Мен 79 барактан турган чындыгымды айттым. Кылмышкерди, кылмыштын куралын, кылмыштын изин жашырса болот. Бирок кылмышты кантип жашырсын? Анын бир белгиси жок эле сот чечим чыгарып салды. Мен Асанов, Кадыров, Карыбеков менен акыркы жолу 2013-жылы жолугуптурмун, анан кантип менин буларга тиешем бар?

Сарыгулов сот чечимине макул эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Камактагы үч оппозициячы шаардык соттун чечиминен кийин ачкачылыкты токтотпостугун билдиришкен. Дагы бир адвокат Данияр Маманов үчөөнүн тең талабы “УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсү” болгондуктан, акция талап аткарылганга чейин мөөнөтсүз жарыяланганын айтат.

Камактагы Бектур Асанов 30-январда “кургак ачкачылыкты” баштаса, кийинки эки күндө Карыбеков менен Кадыров кошулуп, ушул күнгө чейин уланып келет. Алардын ден соолугу начарлай баштагандан улам УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган. Үчөө тең жүрүп жаткан сот процесси УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин көрсөтмөсү алдында өтүп келатканын өз кайрылуусунда жазышкан.

Анткен менен камактагы саясатчылардын ачкачылыгын айыптагандар четтен табылат. Мисалы, КСДПдан депутат Анвар Артыков оппозиция саясатчылары өздөрүнүн кыңыр иштери менен кармалып, эми сотко басым жасоо шылтоосунун артында ачкачылыкка барып жатканын айткан эле.

Шаардык сотто топтолгон "саясий иштер"

7-февралда Бишкек шаардык соту ачкачылык жарыялаган саясатчылардын сотунан тышкары дагы үч саясий процессти өткөрдү. Алсак, шаардык сот депутат Алмамбет Шыкмаматовдун апелляциялык арызын кароодо.

Мындан тышкары мурдагы депутат Карганбек Самаковдун адвокаттары ага карата чыккан өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен шаардык соттогу иштердин катарын толукташты.

Ошондой эле "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата 7-февралда шаардык сот өз чечимин чыгарды.

Анткен менен саясатчылар сот босогосунан алыстабай, кезектешип соттолуп жатканына "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов саясатчылардын өздөрүн күнөөлөйт:

- Сот азыр эле адилетсиз болуп чыга калдыбы? Бизде илгертен бери эле соттор "сатылма" болуп келатпайбы. Эмне үчүн ушул саясатчылар маалында өздөрү тийиштүү жетекчилик кызматта жүргөндө сот реформасын жасабайт? Алар өздөрүнүн башына ушул сот азабы түшөрүн билишкен эмес. Эми өздөрү соттолуп жатканда гана саясий куугунтукту көрө калышат.

Камактагы оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков соттун чечимине доо арыз менен Жогорку сотко кайрылар-кайрылбасы жакынкы күндө белгилүү болот. Адвокаттар бул үчүн камактагылардын өздөрү менен кеңешүүсү зарыл экендигин айтышты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. УКМК аларды бийликти күч менен басып алууга байланыштуу айыптаган.

Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот бул ишти жабык карап өкүм чыгарса, шаардык сот да аны коомчулуктан жашыруун териштирди.

Тасмада: Абактагылардын жакындары өткөргөн митинг. 5-февраль

Камактагы саясатчылардын тарапташтарынын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG