Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

НТС каналы Оштун милициясына нааразы


Сөз эркиндигине кысымга каршы митингден. Бишкек, 2010-жылдын 4-майы.
Сөз эркиндигине кысымга каршы митингден. Бишкек, 2010-жылдын 4-майы.

НТС телекомпаниясынын жетекчилиги Оштогу митингде аталган каналдын чыгармачыл тобуна кол көтөргөн окуя боюнча жергиликтүү милиция чара көргөн эмес деп айыптады. Экинчи тарап болсо бул окуяны алдын-ала жаманатты кылууну көздөгөн чагым катары баалашууда.

Оштогу митинг учурунда токмоктолду делген НТС телеканалынын оператору менен журналистине байланышкан маселеге милиция көңүл бурбай койгон деген доомат койулду.

Аталган телеканалдын башкы директору Бакытжан Аманов чатакташкан тараптардын биринин пайдасы үчүн милиция эч кандай чара көргөн эмес деп айыптады:

- Аябагандай нааразычылыгыбызды билдиребиз. Анткени тынч митинг деп коюп, алардын иш-чарасын чагылдырганы барган биздин оператор менен кабарчыбызды уруп кетишти.

Эң негизгиси митингге көз салып турган милиция буга эч кандай чара көрбөстөн, эртеси бул окуя боюнча биздин журналисттерди айыптап жатканы туура эмес. Мына ошондуктан биз бул маселени көзөмөлгө алуусун сурап, өкмөт башчысына, президентке, ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылдык.


Аталган телеканалдын Ошко иш сапары менен барган чыгармачыл тобунун айтымында, алар митингге топтолгон адамдарды тасмага тартып жаткан учурда белгисиз адамдар оператордун ишин токтотууга аракет жасашкан.

Чатакташуунун себеби

Жабырлануучу Владимир Безбородовдун айтымында, митингдин арасындагы адамдардын ага кол көтөрүүсүнө төмөндөгүдөй жагдайлар себепчи болгон:

- Аянтта митинг болуп жатканда кабарчылар анын уюштуруучулары менен маек курууга макулдашып жатышкан болчу. Мен анда турган адамдарды тартып жаткам. Анан бир учурда эле адамдар топтолушуп калышты. Мен видеокамераны жогору көтөрүп, жакын барган учурда ал жерден акча таратып жатканын көрүп калдым. Анан мага "эмне тартып жатасың" деп атырылышты. "Тартылган тасманы көрсөт" деп талап кылышты.

Оператордун айтымында, ага болушуп, журналист арачы түшө калам деп ал да таяк жеген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замирбек Сыдыков бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбашчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгондугун билдирди. Ал ошол эле учурда аталган телеканалдын жетекчилиги коюп жаткан дооматтар менен макул эмес экендигин белгиледи.

Митингдин уюштуруучулары аталган окуяны аларды жаманатты кылууга багытталган, атайын даярдалган чагым катары баалашууда. Анткени “Кыргыз Журтум” коомдук уюмунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева НТСтен барган чыгармачыл топтун башынан эле көздөгөн максаты башкача болчу деп эсептейт:

- Аталган телеканалдын кызматкерлери митинг бүтүп эл таркап жатканда келишти. Ага чейин биз журналисттер менен жакшынакай эле баарлашып жатканбыз. Алар келээри менен эле эч нерсе деп айтпастан тартып киришиптир. Бул учурда мен тааныш эки-үч аксакал-байбичени чайга баралы же болбосо мына буга чай ичип койосуздар деп элүү сомдон майда барат тыйын берип жатканымды тартып жатыптыр. Анан тургандар муну дагы башкача кылып сыналгыга беришпесин деген ой менен "эмне тартып жатасыңар" дешсе эле кабарчы кыз бизди орусчалап сөгүп-сөздөдү. Түртүшүп, тартышуу болгон. Бирок алардын бир жерине зыян келтирилген эмес. Эми аларга да кудай бардыр.

Бул окуя жыл башынан бери журналисттерге кол салууга байланышкан жетинчи учур. Бирок бул окуянын саясий бойогу бар деп жоромолдогондор да жок эмес. Анткени Оштогу митингде журналисттери жабыркады деп саналган НТС телеканалынын көмүскө кожоюну эсептелген биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен болгон тиреши тууралуу буга чейин маалымат каражаттарында көп жазылган.
XS
SM
MD
LG