Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Майчиев: Калыстык - журналисттерди кол салуудан сактайт


Журналисттерге кол салуулар боюнча медиа серепчи Шамарал Майчиев "Азаттык" менен ой бөлүштү.

- Шамарал мырза, быйылкы жылы эле алтынчы журналистке кол салуу болуп отурат. Күнү кечээ Ошто НТС телеканалынын кызматкерлери ур-токмокко алынды. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- Бул саясий кысымдардан улам болушу мүмкүн. Же болбосо, жеке араздашуулардын айынан болушу ыктымал. Иш боюнча кысым болушу мүмкүн.

- Журналисттердин сабалышына ушулардын кайсынысы себеп деп ойлойсуз?

- Саясий да болушу мүмкүн да. А андан башка, журналист бир маалыматты текшербей, бир тараптуу кылып берсе, а берки тарап өчөшүп деле урушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө бир тараптуу маалыматтар көп тарап атат.

- Бүгүнкү күндө журналисттердин колу менен компроматтар согушу башталгандай..

- Ошого айтарым, баягы Акаев, Бакиевдин убагында сабалышканда саясий жагдайлардан улам экени даана көрүнүп турчу. Азыр эми көп журналисттер бир тараптуу, текшерилбеген көп маалыматтарды таратып атышат. Мага көп киши келет нааразы болуп, “бул мен тууралуу минтип апыртып коюптур, соттошсом 2-3 жыл кетет. Андан көрө бир-эки тээп алганым жакшы” депчи. Анан журналисттердин башын кошкон мекеме жок. Ошол жагы да жаман болуп атат.

- Президенттик шайлоо келатат. Ошол учурда маалымат каражаттары кантип калыс чагылдырышы керек бул иш-чараны?

- Бу калыстык боюнча мындай да, жанагы ММКлардын кожоюну, редактору редакциялык саясатты иштеп чыгышы керек. Анан журналисттер редактор менен келишим түзүшү керек, мындай маалыматтарды бере алам, мындай эрежелер менен дегендей. Анан редактор кожоюн менен келишим түзүшү керек.

Ички эреже боюнча, кожоюн редакциянын ишине кийлигишпеши тууралуу. А бүгүнкү күндө көп массалык маалымат каражаттары бир партияныкы, бир бай адамдын колунда болуп, бир тарапта калууда. Ошон үчүн маалыматты курал катары ойлошууда.

- Жогорку Кеңеш журналисттердин ишмердүүлүгүн чектеп жатат деп медиа серепчилер билдирүү таратышты. Сиздин оюңузча чын эле ушундай болуп атабы?

- Мында көбүнчө коомдук канал (КТРК) боюнча айтып атышат. Себеби, мамлекеттик, өкмөттүк медиа ресурс колдон чыгып кетти да. Ошон үчүн шайлоогобу, же ага деле карабай өз кызыкчылыгы үчүн коомдук каналдын байкоочу кеңешинин ордуна өз кишилерин коёлу деген ойлор бар.

- Кол салуудан сактаныш үчүн журналист кандай чараларды көрүшү керек?

- Объективдүү болушу керек. Эң негизги чара эле ошол. Өзү да этият болуш керек. Журналист эле эмес жөнөкөй деле киши этият болуп жүрбөйбү. Эми өкмөт ар бир журналистке милиция бөлүп бере албайт да.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG