Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Пахтачы келиндер түйшүккө майышпайт

Пахта талаасындагы келин.
Пахта талаасындагы келин.

Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды. Ак буланы негизинен кыз-келиндер теришет.

Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды. Ак буланы негизинен кыз-келиндер теришет. Ага жараша аларды күндүз үйдөн табуу кыйын. Анткени аялдар тиричиликке жылы бою тыгынчык боло турган кирешени терим маалында таап алуу үчүн талаада жан үрөп иштеп жүргөнүн көрөсүң.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда кыз-келиндердин көбү ушу тапта пахта териминде жүрөт. Сарысыя айылындагы талаада теримчилердин телефондорунан музыка жаңырып, өздөрү кошулуп ырдап жүргөндөрү да бар. Алардын бири - 28 жаштагы Дилшода:

- Эртең менен саат 8де пахта тергени келебиз. Саат 11ге чейин 20-25 килограмм жыйнап, анан талаада отуруп чай ичип алабыз. Анан кайра иштейбиз. Түшкү тамакты да талаада ичип, анан кайра пахта термей...

Дилшода курбусу менен пахта талаасында.
Дилшода курбусу менен пахта талаасында.

Дилшода айткандай эле Сарысыя айылынын кыз-келиндери терим бүткүчө күнүгө ушинтип тыным алышпайт. Бети-башын жоолук менен ороп-чулгап, колдоруна кол кап кийип алышат. Антпесе пахтанын чаңы жүдөткөнү аз келгенсип, ден соолукка да олуттуу залакасы тийиши мүмкүн.

Пахта жыйноонун кыйынчылыгын айтпаңыз. Кечке эңкейип иштегени аз келгенсип, белге байланган алжапкычка 8-10 килограммга чейин ак була чогултуу керек.

“Эркектер мындай жумушка чыдабайт”, - дейт теримчилердин бири Айдинай:

- Күн бою ийилип пахта жыйнаса эркектердин бели ооруйт. Аялдар темирдей болуп, баарына чыдайбыз. Эркектерибиз биз терген пахталарды түйүп, көтөрүп ташыйт. Кээде үйдө тамак жасап коюшат. Мал-чарбасы менен алектенишет.

Ноокенде коомчулук арасында аялдын баары пахта терүүгө милдеттүү деген түшүнүк да калыптанып калгандай. Талаа ишине чыдай албаган кыздар сынга кабылган учурлар жок эмес.

Пахта терүү аялдардын киреше булагына да айланган. Ар бир килограммына 5-7 сом акы алышат. Кеч күздө 10 сомго чыгат. Аны пахтанын ээси төлөйт. Дилшода теримчи аялдардын кирешесин ачыктады:

- Мен бир күндө 105-110 кг чейин пахта терем. 19 жашымдан бери пахта терип жүрөм. Бир аял бир сезондо 8-10 миң сомго чейин иштейт. Андан көп тапкандар да болот. Пахтанын чанагы колдорубузду тилип кетет, ооруйт...

Дилшода айткандай, кыйналып тапкан 10 миң сом келиндер үчүн чоң акча. Бир топ кем-карчын толуктап алышат. Күндүз пахта терип, кечинде үйгө барып бала-бакырага тамак-аш жасап, кир-когун жууган аялдар таң атканда кайра эле талаага жөнөшөт. Пахта сезону бүтмөйүнчө эс алууну ойлошпойт деле. Түмөн түйшүк тартып атканына карабай бул жерден наалыган аялды көрбөйсүз.

Бир гектар жерден ар теримде болжол менен 1-1,5 тонна пахта чыгат. Аны кол менен гана терүү керек. Ошондо бир гектарды беш-алты аял эки күндө жыйнап коет. Ак була августтан ноябрга чейин үч-төрт жолу терилет.

Быйыл Ош жана Жалал-Абад облустарында 20 миң 600 гектар жерге пахта айдалган. Дыйкандар түшүмдүн 1 килограммын 45 сомдун тегерегинде пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларга сатып жатышат.

Ак буланы күчтүү аял терет

Теримчи аял.
1/17 Теримчи аял.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Пахта жыйноо оңой эмес. Кечке ийилип иштеш керек. Белдерине байланган этекте 8-10 килограммга чейин ак була болот.
2/17 Пахта жыйноо оңой эмес. Кечке ийилип иштеш керек. Белдерине байланган этекте 8-10 килограммга чейин ак була болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Ноокенде коомчулук арасында "аялдын баары пахта терүүгө милдеттүү" деген түшүнүк да калыптанып калган. Талаа ишине чыдай албаган кыздар сынга кабылат.
3/17 Ноокенде коомчулук арасында "аялдын баары пахта терүүгө милдеттүү" деген түшүнүк да калыптанып калган. Талаа ишине чыдай албаган кыздар сынга кабылат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Аялдар пахтаны таразага алып бара жатышат.
4/17 Аялдар пахтаны таразага алып бара жатышат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Пахта терүү аялдардын киреше тапчу булагына айланган. Ар бир килограммына 5 сомдон 7 сомго чейин акы алышат. Аны пахтанын ээси төлөйт.
5/17 Пахта терүү аялдардын киреше тапчу булагына айланган. Ар бир килограммына 5 сомдон 7 сомго чейин акы алышат. Аны пахтанын ээси төлөйт.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Пахта көп айдалган жерлерде кыз-келиндердин баары ушул күндөрү талаада жүрүшөт
6/17 Пахта көп айдалган жерлерде кыз-келиндердин баары ушул күндөрү талаада жүрүшөт
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Аялдардын айрымдары бир күндө 60-70, кээ бирлери 110 кг пахта теришет.
7/17 Аялдардын айрымдары бир күндө 60-70, кээ бирлери 110 кг пахта теришет.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Күндүз пахта терип, кечинде үйгө барып балдарга тамак-аш жасап, кир-когун жууган аялдар таң атканда кайра эле талаага жөнөшөт.
8/17 Күндүз пахта терип, кечинде үйгө барып балдарга тамак-аш жасап, кир-когун жууган аялдар таң атканда кайра эле талаага жөнөшөт.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Пахта сезону бүтмөйүнчө эс алууну ойлошпойт деле. Түмөн-түйшүккө карабай, наалыган аялды көрбөйсүз.
9/17 Пахта сезону бүтмөйүнчө эс алууну ойлошпойт деле. Түмөн-түйшүккө карабай, наалыган аялды көрбөйсүз.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Аялдардын баары бети-башын жоолук менен ороп алышкан. Антпесе, пахтага чаң көп жабышат. Ден-соолукка олуттуу зыян келиши мүмкүн. Колдорунда колкап.
10/17 Аялдардын баары бети-башын жоолук менен ороп алышкан. Антпесе, пахтага чаң көп жабышат. Ден-соолукка олуттуу зыян келиши мүмкүн. Колдорунда колкап.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Ачылган пахта
11/17 Ачылган пахта
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Пахта ташып бараткан дыйкан
12/17 Пахта ташып бараткан дыйкан
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Эркектердин милдети - аялдар терген пахтаны талаадан үйгө ташуу.
13/17 Эркектердин милдети - аялдар терген пахтаны талаадан үйгө ташуу.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Аялдар кээде балдарын да өзүнө жардамчы кылып талаага алып чыгышат.
14/17 Аялдар кээде балдарын да өзүнө жардамчы кылып талаага алып чыгышат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Пахта талаасы
15/17 Пахта талаасы
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Бир гектар жерден ар ар теримде болжол менен бир-бир жарым тонна пахта чыгат. Августтан ноябрга чейин үч-төрт жолу терим уюштурулат.
16/17 Бир гектар жерден ар ар теримде болжол менен бир-бир жарым тонна пахта чыгат. Августтан ноябрга чейин үч-төрт жолу терим уюштурулат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Ак буланын баары колдо жыйналат. Беш-алты аял бир гектарды эки күндө жыйнап коюшат.
17/17 Ак буланын баары колдо жыйналат. Беш-алты аял бир гектарды эки күндө жыйнап коюшат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG