Кийинки жылдары Кыргызстанда жаңы жылды тосууга каршы чакырыктар кеңири тарай баштады. Ушул маселенин айынан жыл жаңыраар алдында социалдык тармактын колдонуучулары эки жаатка бөлүнгөн учурлар көбөйдү. Быйыл да ошондой.
Жаңы жылды тосууга саналуу күндөр калды. Көпчүлүк бул күндү үй-бүлөлүк майрам катары кабылдап, кызуу даярданат. Бирок жыл сайын Кыргызстанда майрамды белгилөөгө каршы чыккандар соцтармактарда ар кандай чакырыктарды тарата башташат. Маселен, учурда "Фейсбук" аркылуу Адыл Момуновдун атынан "Жаңы жылды тоспоймун" аттуу төмөнкүдөй ыр саптары жайылып жатат:
Жыл жаңырса майрамдап,
Жаңы жыл тостуң сайрандап!
Аракты ичип мас болуп,
Бийледиң бутуң тайраңдап!
Балаты коюп аянтка,
Укмуштай аны кооздоттуң!
Акчаны алып бюджеттен,
Эртеси элди боздоттуң!
Ал эми «Whatsapp» тиркемесиндеги топтордун колдонуучулары бири-бирине бул ырды жөнөтүшүүдө:
Жаңы жыл келди жаш балбан,
Жаш балдарды алдаган,
Аяз ата келбейт быйыл
Ал намаз окуй баштаган.
Ичкиликти таштаган
Христиан динин жолдобой,
Ислам динин жактаган
Келбейт эми аяз кыз,
Күткөн элим кыргызга.
Багы ачылып ал байкуш,
Чыгып кетти турмушка…
Бирок бул сыяктуу чакырыктарды "Фейсбук" аркылуу таркаткандардын көпчүлүгү фейк аккаунттар аркылуу катталган. Жаңы жыл майрамын белгилөөгө каршы экенин ачык айтып, жазып чыккандардын катарында Талас облустук жаштар кеңешинин жетекчиси Бектур Медетов бар.
- Бир жыл келет, экинчиси кетет, - дейт ал. - Мунун эмнеси майрам? Мен түшүнбөйм да таптакыр. Башка жактан келип, салт катары калып калган да, бул майрам. Пайдасынан зыяны көбүрөөк, бул майрамдын. Ошол күнү ичимдик ичилип, мастыктын айынан кылмышка баргандар аз эмес. Мунун ордуна улуттук деңгээлде Эгемендүүлүк күнүн, герб, гимн кабыл алынган күндү, Ак калпак күнүн майрамдасак болот…
Медетов кошумчалагандай, анын үй-бүлөсү соңку беш-алты жылдан бери жаңы жыл тоспойт. Ал жаңы жылды белгилөөгө каршы болгондугунун дагы бир себебин экологияга зыян келтирбөө аракети менен түшүндүрдү. Тагыраагы, «жаңы жылга көрк кошкон түрдүү жардыргыч заттар абаны булгап, айлана-чөйрөнү таштандыга толтурат» дейт жаш жетекчи.
«Фейсбук» социалдык тармагын жигердүү колдонуп жүргөн жаш активист Улан Үсөйүн болсо майрамды белгилөө же тоспой коюу ар кимдин өз эрки деп эсептейт. Анын пикиринде, соцтармактар аркылуу майрамга каршы чакырык таштагандар элге оюн таңуулап жаткандай туюлат.
- Жаңы жыл майрамы дүйнөбий жана демократиялуу өлкөгө таандык нерсе да. Адамдардын тандоосуна коюш керек, - дейт ал. - Кээ бирөө майрамдасын, кээси тим койсун. Таңуулоо болбошу керек. Мусулмандардын намаз окушуна деле эч ким тыюу салбай эле турат да. Мыйзамдуу өлкөдө жашап аткандан кийин адамдын тандоосу бардык нерседен бийик турушу керек. Ал эми жанагы жардыргыч заттар болсо «жаратылышты булгап ийет» деген нерсе бир жагынан күлкүлүү. Себеби адам андан башка күнүмдүк жашоосунда деле жаратылышты булгай турган иштерди жасап атпайбы…
Байкоочулардын баамында, жаңы жылды майрамдоо боюнча эки ача пикирлер буга чейин эле бар болчу. Бирок публицист Жолдош Турдубаев азыркыдай талаш-тартыш менен коштолуп, түрдүү талкууга жем таштаган учурлар буга чейин сейрек кездешкенин кеп кылды:
- Мурун молдокелер айтып калчу. Бирок социалдык желелерде акыркы кезде «керек болсо саясий жактан деле ушундай системага салып койсок баары жакшы болот» дегендей ашыкча идеалдаштырып жатышат. «Халифат» дегенге чейин барып атышат. Мунун себеби - диний үгүттүн ашыкча кетип аткандыгы деп ойлойм. Негизи бул жашоодо майрам керек. Ыр, бий, той дегендин орду болушу керек. Бирок ыгы менен. Баарын чектөө туура эмес да. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт…
Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жаңы жылды белгилөө боюнча төмөнкүдөй оюн ортого салды:
- Менин оюмча жаңы жыл Советтер Союзунан калган шарт болуп калды. Бир жылды бүтүрүп, анан кайра кийинки жылга кирип, ошонун ортосуна чекит койгондой мааниси болуп калды. Мен, мисалы, бул күндү аябай чоң майрам деп санабайм. Бул күндөрү жылдын жыйынтыгын чыгарып, анан "Келаткан жылга кандай план менен кирем?" деп ойлоном. Көп адамдар өз ойлорун, кыялдарын жаңы жылга байланыштырат. Мен да каалоо-тилектер орундалсын деген мааниде колдойм. Бирок ысырап кылып, толтура тамакты бир күндө жеп алганды жактырбайм.
Жаңы жылды күткөн шаардыктар
1/192019-жыл чыгыш календары боюнча доңуз жылы. Астрологдор жаңы жыл сүйүү жана ийгилик алып келет деп ырасташат.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.

3/19Бишкектеги жаңы жылдык балатынын бийиктиги 27 метр, ал эми диаметри 12 метр болду.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
4/19Майрамдык балаты 350 оюнчук жана жалпы узундугу 480 метрлик жалтырак менен кооздолду.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
5/19Шаардыктар табитине, алына жараша үйлөрүн да, короолорун да кооздошту. Эшиктин терезесине тартылган кар киши көргөндүн маанайын көтөрөт.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
7/19Жаңы жыл алдында соодасы кызып, сатуучулардын маанайы жайдары.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
8/19Бала бакчалардагы жаңы жылдык Балаты майрамы үчүн кыздардын саркеч көйнөктөрү 500 сомдон сатылууда.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
11/19Балдар үчүн жаңы жылдык белектердин орточо баасы 1500 сом болду.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
13/19Балатылар жасалма болсо да баасы кымбат. Чакан балаты 400 сомго, чоңдору 2000, 2500 сомго сатылууда.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
14/19Жаңы жылдык белек алуу үчүн базарга шашкан чоң ата жана небере.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
15/19Астрологдор доңуз жылын сары түс менен тосуш керек дешет.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
18/19Жаңы жылды үй-бүлө менен, жакын адамдардын айланасында тосконго эмне жетсин...
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
19/19Айрым динчилдер "Жаңы жылды белгилөөгө шарият жол бербейт" дешип, анын ордуна диний майрамдарды сунуштап жүрүшөт. Дин аалымдарынын арасында да Жаңы жыл майрамын белгилебөөгө үндөгөндөр бар.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Артка
Алдыга
Ал арада миңдеген кыргызстандыктар жаңы жыл майрамын белгилөөгө камынып жаткан чагы. Майрамдык маанай борбордук аянтта сейилдеген элдин, түрдүү соода түйүндөрүн кыдырган көпчүлүктүн жүзүнөн байкалып турат.
Бир жумадан кийин 2019-жыл баш багат. Ал күндү үй-бүлө менен жайыл дасторкон үстүндө өткөрүү Кыргызстанда да адатка айланган.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.