Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

«Супер инфонун» сырдуу кожоюндары


Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы маалым болду.

Айрым маалымат булактары гезит Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн жазып жатышат. Бирок гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан аларды четке кагууда.

Ал арада «Супер инфо» гезитин Райымбек Матраимов сатып алды» деген кабардын чын-бышыгын жергиликтүү айрым сайттар териштире баштады.

«Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанга таандык экени айтылып жүргөн «Супер инфо» гезити, Super.kg сайты, «Компьютер пресс» ишканасы анын аялы Султан Мээримге катталганы белгилүү болчу. Юстиция министрлигинин сайтында 24-майда жогорудагы үч ишкананын тең кожоюндары алмашканын көрүүгө болот. Эми «Супер инфо» гезити менен «Компьютер пресс» ишканасынын кожоюну катары Икрамиддин Исламидинович Насирдинов, ал эми Super.kg сайтынын кожоюну катары Азизбек Кадырович Орунбаев деп жазылганын көрүүгө болот», - деп жазды Factcheck.kg сайты.

Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров гезиттин Райымбек Матраимовго байланышы бар-жогун иликтеп жатканын билдирди:

«Аягына чыга элекпиз. Бир-эки маалымат бар. «Супер инфонун» жаңы кожоюндары Матраимовдун жердеши, карасуулук болушат. Кожоюн алмашкандан кийин «Супер инфонун» жамааты «Элдорадо» соода борборуна көчүп барды. «Элдорадонун» ээси Минавар Жумаева Искендер Матраимовдун аялы болуп чыкты. Ушундай байланыштар бар».

«Супер инфо» менен Super.kg порталын сатып алганы кабарланып жаткан Икрамиддин Насирдинов аттуу жарандын «Инстаграм» баракчасынан аскер кийимчен, болжол менен 20-25 жаштардагы адамдын сүрөтүн көрүүгө болот.

Бул жигит 2017-жылы журналист Элнура Алканова Орто-Сай айылындагы VIP шаарчаны тартканы барганда кадрга түшүп калган күзөтчүгө окшош. Ал шаарчада парламент депутаты Искендер Матраимовдун хансарайы болгон. Бирок «Азаттыктын» колундагы маалыматта үйдү жакында эле башка бирөө сатып алганы белгилүү болду.

Ал эми Super.kg порталынын жаңы кожоюну Азизбек Орунбаев ачык булактарда телеканал катары катталган «Лайф Ньюс» фирмасынын мурдагы кожоюндарынын бири болгону айтылат. «Лайф Ньюстун» азыркы ээси Кыялбек Нарматбекович Тойчиев - «Кабарлар» сайтынын кожоюндарынын бири. Бирок Тойчиев Азизбек Орунбаевди тааныбай турганын айтты:

«Өзүм менен тең юрист жигитти тааныйм. Чогуу ачып жатканда «бирөөгө каттатам» деген. Тиги кишини тааныбайм, демек ошого жаздырыптыр. Нотариуска чакырганда барып кол койгом. Ал киши жөнүндө маалыматты эми көрдүм. Өзүм деле таң калып атам. Фамилиясы тааныш».

Маалыматты такташ үчүн гезитти түптөгөн Кылычбек Султан менен байланышууга мүмкүн болгон жок. «Супер-инфо» гезитинин жетекчиси экени айтылып жүргөн Шаиста Шатманова Кылычбек Султан атайын билдирүү даярдап жатканын маалымдады:

«Ал киши өзүнүн кайрылуусун дайындап жатат. Ошону күтө турсаңар туура болот».

Буга чейин Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов инисинин гезитти сатып алганы жөнүндө маалыматты четке каккан. Бүгүн байланышканыбызда ооруп жатканын айткан депутат «кыжалат кылбагыла» деп эскертип, телефонун коюп салды.

Анткен менен медиа эксперт Марат Токоев басылманын чыныгы кожоюнун божомолдоп айтуу азырынча эрте экенин эске салды:

Марат Токоев.
Марат Токоев.

«Азырынча бир нерсе деп айтуудан этият болуш керек. Бирок эртеби-кечпи аркасында ким турганы билинет. Себеби журналисттик иликтөө өнүгүп жатат».

Аталган гезиттин мурдагы кожоюну Кылычбек Султан Түштүк Кореяда элчи болуп жүрүп, мамлекеттик кызматкердин учакта чыр салганын ачык айтып чыккан. Бул окуядан кийин кызматтан кетип, бийликке сын айта баштаган.

Ушул жылдын март айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Супер Инфо» салыктык текшерүүдөн өтүшү керек экенин белгилеп, токтом чыгарган. 19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Супер Инфо» гезитинин жактоочуларынын арызын канааттандырып, Финполициянын бул гезитти салыктык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу токтомун жокко чыгарган.

Гезиттин негиздөөчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан басылманын айланасындагы мындай жагдайды «гезитти тартып алуу же оозун жабуу аракети болушу мүмкүн» деп айтып чыккан. «Супер Инфо» гезити 2002-жылдан бери чыгат. Анын тиражы 60-65 миңдин тегерегинде басылып, Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит катары белгилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG