Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Төрөттөн дагы бир эне жан берди


Төрөт үйүнүн дарыгерлери
Төрөт үйүнүн дарыгерлери

Нарын районунун Куланак айылында 29 жаштагы келин төрөттөн каза тапты. Бул окуяга келиндин жакындары аймактык дарыгерлерди күнөөлөп жатат.

Келиндин өлүмүнө байланыштуу облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда өткөргөн жыйналышта ишине шалаакылык мамиле кылды деген негиз менен Куланак айылындагы аймактык оорукананын үч кызматкери иштен алынды.

"Ден соолугу жакшы эмес эле..."

Махабат Мусаева Нарын шаарындагы төрөт үйүнө 27-апрель күнү келип 28инде операция жолу менен көз жарган. Ымыркайы дени сак төрөлгөнү менен эненин абалы оор бойдон калган. Эсин жоготуп түнү менен ашказаны ооруп чыккан келинди дарыгерлер кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барышканы менен анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Бир жумадан ашык эсине келбей жатып каза тапкан Махабаттын жолдошу Мирлан Давлетов келинчегинин өлүмүнө Куланак айылындагы аймактык дарыгерлердин шалаакы мамилеси себепкер деп эсептейт.

- Чынында келинчегимдин ден соолугу жакшы эмес болчу. Кичүү баламдан кийин дарыгерлер "мындан кийин төрөбөй эле кой" деп айтышыптыр. Бирок келинчегим болбой эле дагы бала жытын сагынып туруп алды. Боюнда бар кезде аябай кыйналды. Ошондо айылдагы догдурлар келип бир караган жок. Качан гана кансырай баштаганда телефон чалып, Нарынга алып баргыла деп айтышты. Эми телефондон айтып коюу - догдурдун ишиби?! Нарынга барганда жок дегенде бир саат мурдараак келсеңер кан басымын түшүрүп, дары бермек экенбиз деп айтышты. Эмнеге айылдагы дарыгерлер келип, карап коюшкан эмес? Келинчегим төрөгөндөн кийин бир жума эсине келбей жатты. Нарындагы дарыгерлер болсо бир флакону 4500 сомдук дарыдан алты жолу куюшту.

Мирландын кызы төрөлгөн кезде салмагы нормадан кыйла аз болгон. Жарынан айрылган эркек учурда чүрпөсүн инисине бергени турат. Ымыркай Мирландын үчүнчү баласы. Улуу кызы 3-класста, уулу мектептин даярдоо классында окуйт.

Иштен бошогон медайымдар

Ал эми облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары Гүлмира Алакаева эненин өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келген аракетти кылганын айтууда. Ал мындай учурда жоопкерчилик бир гана медицина кызматкерлерине жүктөлүп, үй-бүлө мүчөлөрүнүкү көңүлдөн тыш калып жатат дейт.

- Колдон келген аракетибизди жумшадык. Бизде керектүү аппараттардын баары бар. Азыркы келиндердин ден соолугун мурункуларга салыштырып болбойт. Азыр ден соолукка кам көрүү зарыл. Боюнда бар кезде үй сырдап, актаганга таптакыр жолобошу керек. Көпчүлүк кайненелер "биз төрөгөнчө эле оокат кылганбыз" деп кош бойлуу келиндерин аябайт. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин эч ким карабайт. Бизге качан ден соолугу начарлап, жүрбөй калганда гана келишет.

Куланак айылындагы мындай окуядан улам аймактык оорукананын башкы дарыгери жана эки медайым иштен алынды. Алардын бири Жеңишкүл Касмалиева:

- Биз деле эненин аман-эсен баласын эмизип отурганын каалайбыз да. Эч качан аялдын өлүмүн тилебейбиз. Кырсык деген каш-кабак ортосунда экен. Болушунча аракет кылдык. Эми ушул окуядан кийин бизди жумуштан бошотуп койду. Иштеп эле турганыбыз жакшы болчу.

Дегеле аймактагы медиктердин элге жасаган мамилеси тууралуу ар кандай сындар айтылып келет. Нарын облустук бириктирилген оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев:

- Азыр дарыгерлер бардык аймактарда жетишсиз. Көпчүлүгү эки кишинин жумушун аткарат. Түнү менен нөөмөттө турушат. Анан чарчап турганда оорулуу келсе, балким башкача мамиле жасап коюшу мүмкүн. Экинчи себеби бирөө келип дарыгерге жаман мамиле жасап койсо, ал эмоциясын жашыра албай бир тийиши да мүмкүн. Биз аларга этика боюнча бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Мындан эки жыл мурда Нарын районунан да ушундай эле эненин өлүмү катталып, анын жакындары буга түзмө-түз дарыгер күнөөлүү деп айыптап чыгышкан. Бул окуяга байланыштуу ошол түнү нөөмөттө турган дарыгер гана иштен бошоп, бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра жумушуна кирип алган. Ал эми төрөттөн каза тапкан келиндин жолдошу акыйкат издеп, ушул убакка чейин тийиштүү органдарга кайрылып жүрөт.

Ал эми акыркы эки жылда Нарын облусунда төрөттөн жети келин каза болгон.

XS
SM
MD
LG