Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Бала асырап алуудагы азаптар жеңилдей элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыркы жылдары Кыргызстанда жергиликтүү бала асыроочуларга артыкчылык берүү багытында саясат жүргүзүлүп келет. Бул өз кезегинде чет өлкөлүктөргө асыроого бала берүү системасын татаалдатты.

Талап катуулаганы менен оор операцияга, дарылоого муктаж жетим балдардын көбүн жергиликтүүлөр эмес, чет элдиктер гана багып алууда.

Талас шаарынын тургуну Жылдыз Турдугулова 2009-жылдан бери майып балдарга жана алардын ата-энелерине жардам көрсөтүүчү "Нур бала" коомдук уюмун жетектеп келет.

Дээрлик он жылдай бул жаатта иштеп келаткан адис катары байкашынча, ден соолугу жабыркаган балдарды асырап алууну каалагандар жергиликтүүлөр арасында жокко эсе, атүгүл өз ата-энесине батпай калган майып балдар да көп:

- Кыргыз жарандары негизинен ден соолугу чың балдарды алганга аракет кылат. Көбүнчө майып балдарды чоң апа, таене-таятасына таштап кеткен учурлар бар. Себеби алар баласы майып төрөлүп калган жаш ата-энеге кийинки жашоосун куруп, улантып кетүүсүнө жардам болсун деп ойлошот.

Эч ким карабай, бакпай койгон, кымбат баалуу операцияга муктаж балдарды чет өлкөлүктөр алып кетип, дарылап, багып келатканын көрүп жатабыз. Андыктан эгер ошондой балдарды багып алам деген чет элдик жарандар болсо биз аларга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек.
Айнуру Алтыбаева

Өкмөт мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт катары “өз балдарын Кыргызстан биринчи кезекте өзү асырап алуусу керек” деген көз карашта. Андыктан азыркы мыйзам боюнча баланы асырап алуучулар биринчи кезекте анын эң жакын туугандарынын арасынан, болбосо Кыргызстандын ичинен, андан кийин гана чет жактан издөөгө уруксат берилет.

Бирок жергиликтүүлөр үчүн да бала асыроо оңой процедура эмес. Көптөгөн жарандар бул үчүн толгон-токой документ топтоо керектигинен багып алууну каалагандар жылдап күтөрүн, айрымдары тажаганынан аягына чыкпай таштап коёрун айтып даттанышат. Мунун өзү төрөт үйүнөн кагаздарды “тууралай” коюп, баланы ошол жактан эле кадимкидей акча төлөп алып кетүү фактыларын жаратууда.

2009-жылы кыргызстандык балдарды чет мамлекеттерге асыроодо көптөгөн мыйзам бузуулар бар экени белгилүү болгон. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия бир бала үчүн чет өлкөлүктөр коррупциялашкан жергиликтүү мекемелерге 36 миң доллар пара берерин эсептеп чыккан.

Ал эми эл арасында ал балдарды ички органдарын сатуу үчүн алып кетип жатышат деген сөз тараган, бирок далил табылган эмес.

Көпчүлүк кыргызтандыктар майып балдарын баккысы келбегенин адистер айтышууда
Көпчүлүк кыргызтандыктар майып балдарын баккысы келбегенин адистер айтышууда

Ошондон кийин чет жакка асыроо боюнча мораторий киргизилип, бирок 2012-жылы укук коргоочулардын жана айрым депутаттардын демилгеси менен кайра алынып салынган.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, учурда бул жаатта бир топ жаңы талаптар бар. Алар жемкорлукка жол бербөө максатын көздөйт:

- Маселен, бул ишти уюштуруучу уюмду расмий каттоого алуу үчүн анын 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар болушу керек. Эгер мурда аккредитациядан өтүүчүлөрдүн саны чектелген болсо, азыр андай талап жок. Себеби чектөө коюлса андан өтүүнүн мыйзамсыз жолдорун издегендер чыгышы мүмкүн. Ошону менен катар баланы асыроого берип жаткан чиновниктердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда чет жакка асыроого сунушталып жаткан балдардын саны 150нүн тегерегинде.

Чет өлкөлүк асыроочу менен Кыргызстандын ортосунда ортомчулук кылуу укугун алган, аккредитациядан өткөн уюмдардын саны 17. Алардын 11 – АКШга, калгандары Голландия, Швеция, Германия, Испания жана Финляндияга алып кетүүчүлөр.

Соңку беш жылда 54 баланы АКШ жарандары багып алган. Социалдык өнүгүү министри алардын айрымдары менен 4-майда видеобайланыш аркылуу жолугушуу уюштуруп, абалын сураштырды. Иш-чарага кыргызстандык депутаттар, укук коргоочулар, өкмөт өкүлдөрү да катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева сыртка чыгарылып кеткен жетим балдардын көбү бул жактан дарылана алмак эмес дейт:

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

- “Ар бир бала үй-бүлө ичинде тарбияланышы керек” деген лозунгду айтып келатабыз. Эч ким карабай, бакпай койгон, кымбат баалуу операцияга муктаж балдарды чет өлкөлүктөр алып кетип, дарылап, багып келатканын көрүп жатабыз. Андыктан эгер ошондой балдарды багып алам деген чет элдик жарандар болсо биз аларга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Белгилей кетүүчү нерсе – эгер мурда чет жакка алып кетүү справкалардын гана негизинде жүргүзүлүп келген болсо, азыр мындай укук соттун гана чечими аркылуу берилет.

Укук коргоочулар учурда бала асыроо боюнча мыйзамдар оңолуп калганын, бирок өзгөртө турган айрым жагдайлар дагы эле бар экенине көңүл бурууда.

“Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова, мисалы, ачыктык камсыз кылынышы керек экенин айтууда:

- Асыранды бала кандай үй-бүлөдө чоңоюп жатканын, кийин анын тагдыры кандай болгонун билбей да каласың. Бул баланын кызыкчылыгына жана укугуна жооп бербейт. Бул мурдагы советтик мезгилден калган психология. Бала төрөлгөндөн баштап өзүнүн ата-тегин, тарыхын билүүгө укуктуу. Өнүккөн өлкөлөрдө мунун баары ачык.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, соңку беш жылда өлкө ичинен бала асырап алган кыргызстандыктардын саны 5,5 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG