Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Футбол: Кыргызстан-Мьянма беттешүүсү токтотулду


Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн Бишкектеги беттеши 5-сентябрда Бишкекте болмок.
Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн Бишкектеги беттеши 5-сентябрда Бишкекте болмок.

Футбол боюнча 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн Бишкектеги беттеши өтпөй калды.

Бул тууралуу өкмөт башчысынын чечимине таянган Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Мьянма өлкөсүндөгү окуяларга байланыштуу Бишкекте футболдук беттешти өткөрүү кооптуу деген жыйынтык чыгарылганын жарыялады. Буга чейин социалдык тармактарда Мьянмадагы кандуу окуялар катуу талкууланып жаткан эле.

Ал арада кыргыз бийлиги Мьянмадагы кырдаалга кабатырлануусун билдиргени маалым болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна буларды билдирди:

- Кыргыз Республикасы Улуттар уюмунун жана Ислам конференциясы уюмунун уставын жетекчиликке алуу менен Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал боюнча өтө тынчыздануусун билдирет жана бардык тараптарды маселени тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырат.

Өкмөт башчынын өктөм чечими

Азия кубогунун тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын футбол оюну 5-сентябрда Бишкекте болмок. Бирок 4-сентябрь күнү Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов маалымдагандай, беттешти токтотуу тууралуу өкмөт башчысы тарабынан чукул чечим кабыл алынган. Анын айтымында, футболдук беттешүү террористтик коркунучтан улам токтотулган. Семетей Султанов бул үчүн Кыргызстандын футбол федерациясы санкцияларга дуушар болушу мүмкүн экенин билдирди:

- Оюн коопсуздукту камсыз кылуу максатында токтотулду. Террористтик акт болуп кетет деген кооптонулар бар. Андыктан улут аралык кастыкты болтурбоо максатында жана массалык башаламандыкты алдын алуу үчүн оюнду өткөрбөөнү чечтик. Бул боюнча премьер-министр мына ушундай чечим кабыл алды. Биз ага макулбуз. Эми биз бул оюнду өткөзбөй койгонубуз үчүн ар кандай санкциялар болушу мүмкүн. Алардын ичинен эң эле минималдуу санкция катары биздин улуттук курамынын 3-0 эсебинде техникалык жеңилүү маселеси дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Футболго билеттерди сатып алган күйөрмандардын акчасын кайтарып беребиз.

Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

​Интернетте басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянмада мусулман азчылыгы жергиликтүү калктын жана куралдуу күчтөрдүн кодулоосуна дуушар болуп, кыргынга учураганы тууралуу карама-каршылыктуу кабарлар жарыяланууда. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча 75 миңдей адам өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Соңку жумада будда жана мусулмандар ортосундагы кагылышуудан 400дөн ашуун адам каза болгону айтылууда. Буга байланыштуу соцтармактарда Кыргызстандын футбол курамасын нааразылык иретинде Мьянма курамасын Бишкекте кабыл алып, беттешүүдөн баш тартууга чакырыктар ташталган. Мындан сырткары беттеш учурунда Мьянмага каршы ар түрдүү акцияларды өткөрүүнү сунуштагандар да болгон. Спорт күйөрманы Шайырбек Маматокторов соцтармактарда бир жактуу айыптоолор үстөмдүк кылып жатканын айтты:

- Биздин коомчулуктун басымдуу бөлүгү мусулман болгондуктан "буддисттер мусулмандарды кырып жатат" деп бир жактуу айыптоо менен соцтармактарда ошого көбүрөөк басым жасалып кетти. Маалыматтар бир жактуу кетип жатат. Анан эле кимдир-бирөө эки тарапты тең бирдей карап, анализдеп анан баа бербейлиби деп айтса эле, анын баарын мусулмандардын душманы жана чыккынчы катары кабыл алгандар көбөйдү. Мына ошентип башка бир алыскы өлкөдөгү чыр-чатактын кедергиси бизге дагы таасир этип жатат.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

Террордук коркунучтун кесепети

Айрымдар Кыргызстан менен Мьянманын курамаларынын ортосундагы футболдук беттештин токтотулушун кубаттаганы менен, ошол эле учурда анын расмий себебин террордук коркунучка байлап көрсөтүүнү туура эмес деп сындап жатышат. Анткени алардын баамында, мындай себеп өлкөнүн инвестиция жана туризм тармагына кедергисин тийгизет. Маданият жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев өкмөттүн террордук коркунучтан улам деген себеп менен беттешти өткөрбөө чечимине карата төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Оюнду токтотуу чечимин мен колдойм. Ал туура эле чечим болду. Анткени Мьянма бийлигинин соңку кадамдары дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мусулман өлкөлөрүн каарына келтирип, бушайман кылууда. Дүйнөдөгү мусулмандар ал жакта жабыркаган элди колдоп жатканда Кыргызстан дагы мусулманчылык боордоштук үчүн моралдык жактан болсо дагы өзүнүн колдоосун көрсөтүшү керек. Бирок футболдук беттешти токтотуунун себеби катары өкмөт террордук коркунучту атаганы туура эмес. Кудайга шүгүр, бизде кандайдыр бир мына ошого окшогон террордук актылар болгон эмес. Анан эми, андай нерсе болбосо деле бизде мына ошондой коркунуч бар деп, биздин өлкөнү тынч эмес аймак катары көрсөткөндүн өзү туура эмес.

Кыргызстандын футболчулары.
Кыргызстандын футболчулары.

Анткен менен башка бир спорт күйөрмандары коопсуздукту алдын алып, радикалдык күчтөргө мүмкүнчүлүк бербөө үчүн өкмөттүн футболдук беттешти токтотуу чечимин кубаттап чыгышты.

Шайырбек Маматокторов аталган жагдай тууралуу мына буларга токтолду:

- Коопсуздук башкы маселе болушу абзел. Анткени бизде деле канчалаган башын катып жаткан радикал күчтөр бар экени байкалат. Эгерде мына ушул футболдук беттешүүдөн улам террордук акт болуп, анын зыяны өлкөгө тийгенден көрө, муну үзгүлтүккө учураттты деген негизде анын кедергиси футбол федерациясына тийсе эч нерсе болбойт. Бул жерде коопсуздукту бекем болот деп айтып болбойт. Мында айрыкча оюнчулардын коопсуздугу абдан маанилүү. Мүмкүн эл аралык спорттук уюмдар мына ошол коопсуздук жагдайын, учурдагы эл аралык абалды эске алып биздин улуттук федерацияга карата санкцияларды колдонбошу деле ыктымал.

Ал арада Кыргызстан менен Мьянманын курамаларынын футболдук беттешүүсү боюнча маселе аягына чейин чечиле элек. Кыргызстандын футбол федерациясы Мьянма тарапка беттешти кийинкиге жылдыруу же болбосо оюнду нейтралдуу тилкеде өткөрүүнү сунуштаганы белгилүү болду. Эгерде Мьянма тарап андан баш тартса, анда Кыргызстан техникалык жеңилүүгө дуушар болду деп эсептелинет. Азырынча эки команданын оюну кайсы күнү, каерде өтөөрү белгисиз. Эки команданын жооптук беттеши 10-октябрда Мьянмада өтмөк.

Мьянмада кризис уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

2019-жылы боло турган Азия кубогунун тандоо оюндарынын 3-айлампасында 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Алардын ичинен 12 курама топ финалдык таймашка жолдомо алат. Кыргызстан “А” тайпасына Индия, Макао жана Мьянма курамалары менен бөлүнгөн. Бул тандоо оюндарынын 1-турунда (28-мартта) кыргыз футболчулары өз талаасында Макао оюнчуларын 1:0 эсебинде жеңип алган. Индиялык футболчулар Мьянма талаасында конокто ойноп, 0:1 эсебинде жеңишке жеткен эле. Мелдештин экинчи айлампасында 13-июнда Индиянын Бангалор шаарында Индия менен Кыргызстандын футболчулары беттешип, бул оюнда 1:0 эсебинде талаа ээлери жеңишке жеткен. Бул күнү Макао оюнчулары мьянмалыктарга 0:4 эсебинде утулуп калган. Алдыда 10-октябрда белгиленген Мьянма - Кыргызстан беттешинен сырткары кыргыз футболчуларынын конокто ойной турган эки беттеши бар. Ушул жылы 14-ноябрда Макаодо жана 2018-жылы 27-мартта Индияда беттешке чыгат. Учурда “А” тайпасында алты упай менин Индия курама командасы көч башында бара жатат. Үчтөн упайы бар Мьянма менен Кыргызстан кийинки катарда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG