Эксперттердин баамында, Кыргызстанда экстремизмге тартылган кыз-келиндер көбөйүүдө. Эң башкы коркунучтар кайсылар? Бул терс тенденцияны токтотуу мүмкүнбү жана мында аял затынын ролу канчалык?
“Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышына “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын адиси Артур Букалаев жана философия илимдеринин доктору Абдирашит Бабатаев катышты.
Ажылыкка барчу аялдар арбын
Кыргызстанда ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүүдө. Алардын орточо жаш курагы 35-60 жашта. Эксперттер жыл өткөн сайын ажылык сапарга барууну каалаган кыз-келиндер да көбөйүп жатканын айтышат.
“Азаттык”: Расмий маалыматка караганда, экстремизмге тартылган аялдардын саны Кыргызстанда 2005-жылы 1,1% болсо, 2014-жылы 23% жеткен. Жамал айым, буга эмне себеп болууда деп ойлойсуз?
Фронтбек кызы: Аялдар арасында экстремизмдин алдын алуу боюнча бир топ иштер жасалууда. Бул маселе Коргоо кеңешинде каралган, концепция кабыл алынган. Бирок кыз-келиндер маселесинде иш системалуу жүрбөй жатат.
“Азаттык”: Артур мырза, ПРООНдун “Айымдар жана кыздар тынчтыкты куруу аракетинде” долбоорун ишке ашырып жатканыңарга бир жылдай болуптур. Кандай натыйжаларга жетише алдыңыздар?
Букалаев: Жалпы максат – кыз-келиндердин радикалдашуусунун алдын алуу. Себеби алар ушул кырдаалда эң көп жабыр тарткан тарап болуп жатат.
“Азаттык”: Абдирашит мырза, жогоруда "аялдардын радикалдашуусуна алардын социалдык абалы жана диний сабатынын төмөндүгү себеп болууда" деген көз караштар айтылды. Экстремизмдин алдын алууда ушул факторлордун эске алуу жетиштүүбү?
Бабатаев: Кыска аралыкта радикалдашуу көрсөткүчү мынча жогорулаганы, албетте, кооптуу көрсөткүч. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч абдан төмөн. Диний сабатсыздыкты жоюу зарыл.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)