Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен...


Иллюстрация
Иллюстрация

Эне сүйүүсү, эне мээрими тууралуу Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жаңы ыры. Ырдын өзүн жалкы кылбай, автордун "Агындылар" китебинен үзүндү менен берүүнү чечтик.

... Кийин Дүйшөсү өлүп, эки кыз өз-өзүнчө түтүн булатып кетип, менден бөлөк карманар эчтекеcи калбаган бул кемпир өлөр өлгөнчө ошол талаадан, Ормосу менен ошол чогуу олтурган жерден уулунун илебин искеп, жансыз ташты эң жакынындай көрүп, өлөр өлгөнчө анын “маңдайынан” сылап, төлгөсүн салып:

- Кабагы салыңкы экен баламдын, алыстан колун булгалаган бойдон шашып чуркап кетти. Колунда мылтыгы бар экен. Кыштан жазга оодарып келмей болду окшойт, кара козуну этинен түшүрбөй туралы, Шакенбай, - деп, түйүнчөгүндөгү топурагын чачып ийип, кайра жаңыртып, жыл сайын уулун күтүп, жыл сайын баласына деп ыроологон кара козу кара кой болуп, анан анын козусу чоңойуп, ал байкуш да биз менен чогуу Ормо акемди күтүп, анан анын тукуму да карып, үзүлүп жок болуп, акыры энем өзү да о дүйнөгө кете берди.

Баса, бир жолу энемдин жанында ойноп олтуруп:

- Эне, кыямат кайым качан болот? – деп сурадым эмнегедир.

- Аа, балам, кыямат кайым арстандар итче кабышып, арстандар итке куйругун шыйпаңдатып калганда бир, арстандар итче тууп, итче күчүктөп калганда бир болот, - дечү да: “О, Кудай, алдыңа кетейин, өзүңдөн мурда озунуп тамтаңдай жиберген мендей пендеңди кечире көр” – деп кобуранып алчу.

"Агындылар" жыйнагы
"Агындылар" жыйнагы

Эне-бала Жыланды-Коодон чий тартабыз. Энем белине орой салып чий тартат. Мен кескелдирик кубалайм. Улам бирин кармап алып: “Кес куйругуңду, кес куйругуңду!” – деп айласын кетирем. Ал байкуш качып кутулбасын билген соң, куйругун кесип жиберип, жанталашып чийдин түбүнө кире качат. Соймоңдоп кала берген куйругун көпкө тиктейм. Капыстан чакчыгай конот. Мээлеп-мээлеп таш менен урам. Тийбейт. Булуттарды карайм.

- Эне? Эне? Карачы, тетиги булуттарды? Чоңу сага окшош экен, аны ээрчип бараткан кичикийи мага окшош экен, алар да чий тартканы баратат окшойт, - дейм.

- Тамтаңдабачы, алдыңа кетейин, - дейт энем.

Энем:

- Алдыңан улуу кишилер чыгып калса, таанысаң да, тааныбасаң да салам бербей өтө көрбө, балекетиңди алайын? “Кимдин баласысың?” – деп сураса: “Кадыралынын уулу Дүйшөнүн баласымын" деп айт, - деп күн сайын кулагыма куюп турар эле. Биз жолубуздан чыккан эле кишиге, тааныган-тааныбаганыбызга карабай шаңыраңдап салам бермейин өтчү эмеспиз. Чын эле “алик” алган адам токтой калып: “Кимдин баласы болосуң, айланайын?” – деп сурачу. Кимдин баласы болорубузду уккан соң: “О, айланайын, азамат болуп калган турбайсыңбы, Кудай өмүрүңдү берсин!” – деп жолун улачу. Чоң кишилердин оозунан чыккан мына ушул бир ооз сөздүн илеби дуулдап, бүткөн боюбузду кандайдыр бир жылуулук аралап кетер эле. Көрсө, бул жылуулук аталардын алкышынын, таза ниетинин күчү экен.

Эне

Чөлдө араба, көлдө калсаң кеме экен,

Үшүсөң от, ысыганда жел экен.

Үстүңдө Асман, астыңдагы Жер экен,

Абдан алсыз, абдан назик неме экен.

Аял бирок айланганда Энеге,

Кудуреттүү Кудайдан да кийинки

Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG