Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Ак төөнүн карды жарылды


Ушул эле маанини түшүндүргөн “Кой үстүнө торгой жумурткалаган заман” деген сөз да бар.

“Ак төөнүн карды жарылган кез ушул” дейт. Жыл жакшы болуп, түшүм мол болуп, берекеси төгүлүп турган бышыкчылык маалды ушинтип “Ак төөнүн карды жарылган учур” деп койгон.

Ушул эле маанини түшүндүргөн “Кой үстүнө торгой жумурткалаган заман” деген сөз да бар. Жыргалчылык, бейпилчилик, элдин бакубат турмушу, токчулук, телегейи тегиз болгондукту айтат.

Эми “Жылдызы жарык жан эле” дегенди чечмелейли. Жаркылдаган, жайдары, жагымдуу, сүйкүмдүү жан эле дегени.

Кабагы бүркөө, көңүлү суз, капа болуп турган кишини “Жылдызы жерге түшүп калыптыр” деп коет.

Ар бир адамда жанып турган жылдыз болот. Жылдызы жоктор да болот. Адамдарды бири-бирине жакындаткан да ошол бешенедеги жылдыз. “Анын баягыл дуулдаган кези кетип, жылдызы өчүп калыптыр” дейт. Бир кездеги кадыр-баркы, атак-даңкы түгөнүп, кел-кели кетти дегенди билдирет.

“Жылдызы ысык жан экен” деп коет. Сүйкүмдүү, мээримдүү, жагымдуу жан экен дегени. “Экөөнүн жылдызы күйүшпөй койду” деген да сөз бар. Экөө бири-бирине келише албаган, бири-бири менен тил табыша албаган, ынтымагы жок, бири-бирине карама-каршы адамдарга айтылат.

Кыргыздар айрым начар адамдарды жөө туманга салыштырган. Мисалы, “Ал бир жаткан жөө туман” деп коет. Акырын, билинбей жылып жүрүп иштин баарын былгыткан, бузуку, арамза кишилерге айтылат.

“Жулук аңдуу” деген сөз барын да унутуп калдык. “Айылда жулук аңдыгандар көбөйдү” дейт. Кишинин баскан-турганын, иштеген ишин аңдуу, жамандык издөө.

“Жулук ууру” деген да бар. Майда-барат нерселерди кымтып алган майда ууруларды “жулук ууру” деп коюшкан.

“Деси кайтты” деген сөз бар. Көңүлү калды, шагы сынды, назары түштү, деми сууду деген мааниде. “Уяттуу адамдардын деси кайтпасын, жакшылап мамиле жасагыла!” дейт.

“Диңкеси соолуу” деген да сөз айтылат. Абдан чарчап жүрбөй калуу, дарманы, шайы кетүү, чаалыгып-чарчоо дегенди билдирет. “Ишимдин аягына чыгам деп жүрүп диңкеним соолду” дейт. “Кечке жанын жанга урган балдардын диңкеси куруп, бутун шилтөөгө да чамасы келбей кулады” дейт.

“Доңуз айбат” деген сөз да бар. Кыйратып жибере тургансып курулай айбат кылган адамды ушинтип “доңуз айбат кылды” деп койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG