Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Ал арада Кумтөрдү улутташтыруу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу Канада тарап менен айрым бир маселелерде орток пикир табыла электигин билдирди. Мамытовдун айтымында, кыргыз өкмөтү өз сунуштарына азырынча жооп ала элек:
- Бир топ өндүрүштүк, экономикалык, каржылык маселелер жөнгө салынды. Бирок айрым бир юридикалык маселелер чечилбей калды. Биз өз сунуштарыбызды бердик. Кечээги директорлор кеңешинин жыйынында талкуулап анан жооп беребиз дешти. Азыр алардан жооп күтүп жатабыз. Эмне маселелер, кандай маселелер көтөрүлүп жатканы тууралуу азырынча айтпай туралы деп аларга убада берип койдук. Ошондуктан азыр эч нерсе айта албайм.
Сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыга элек чакта “Ата Мекен” фракциясы даярдаган Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти даярдагандардын бири Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, улутташтыруу туңгуюктан чыгуунун акыркы аргасы болуп калды. Болбосо Кыргызстан эл аралык соттордун чечимдеринен улам Кумтөрдөгү акцияларынан айрылып калышы ыктымал. Буга кен казуудагы экологиялык маселелер да кошул-ташыл болууда:
- БУУнун резолюциясы боюнча ар бир мамлекетке өз кенин улутташтырганга мүмкүнчүлүк берилген. Улутташтырганы үчүн бир дагы чет элдик сот соттой албайт. Соттошот, миллиарддаган доого жыгылат деген болбогон кеп. Улутташтыруу ар бир эгемен мамлекеттин өз укугу. “Кумтөр голд компанинин” активдерин улутташтырып туруп бул маселени чечпесе болбойт. 2026-жылга чейин 9,5 миллиард доллар киреше түшөт экен. Эң негизгиси операциялык жана капиталдык чыгымга каралган 5,5 миллиард доллардын тегерегиндеги каражатка Кыргызстан өзү ээ болот. Азыр мамлекеттин ирденип кетишине чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
Саясат талдоочу Эмил Жураевдин баамында, Кыргызстан улутташтыруу жөнүндөгү чечимин Кумтөрдөгү акциясы камакка алынып жатканы менен байланыштырганы туура эмес. Болбосо инвестициялык кадыр-баркына доо кетирип алат:
- Биздин акцияларыбыз Канада сотунун чечими менен камакка алынганы биздин улутташтыруу боюнча чечимибизге эч кандай тиешеси жок болушу керек. Улутташтыра турган болсок Кумтөр боюнча маселе татаалдашып, оңунан чечилбегени үчүн гана ага барганыбызды белгилөөбүз керек. Эгер “акцияларыбызды тартып алышат экен, ошон үчүн улутташтырдык" десек инвестициялык имиджибизге терс таасирин тийгизет.
Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов Кумтөр боюнча парламент да, өкмөт да туура эмес жолду тандап алды деп сынга алууда. Анын пикири боюнча, улутташтыруу маселени чечпейт:
- Бир күнү Москвага, бир күнү Торонтого чакырып, телекөпүрө менен сүйлөшүп, кыргыз элин, кыргыз бийлигин шылдың кылып, мазактап, уят эле кылып таштады. Улутташтыруунун кереги жок. Экинчиден, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев даярдап, Жогорку Кеңешке жөнөткөн документтердин да кереги жок. Аны аткарбаганы деп дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүүнүн да кереги жок. Болгону 2009-жылы 24-апрелде түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүү керек. Ал келишим боюнча Кыргызстан азыр дүң кирешенин 13 пайызын алат. Келишимди өзгөртүп, дүң кирешени теңме-тең бөлүү зарыл. Маселени ушундай жол менен чечсе болот.
Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Ошондой эле өкмөткө күзгө чейин кошумча дагы ондон ашык келишим түзүүнү тапшырган болчу.
Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана ушул айда түзүлөт деп убада кылган. Ушул тушта ал дагы кошумча мөөнөт сурап жатат.
Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде Кумтөр боюнча жагдайды татаал деп сыпаттаган. Буга байланыштуу өкмөттү да, парламентти да күнөөлөп, Кумтөрдү улутташтыруудан башка Кыргызстандын аргасы калбай баратканын кыйыткан эле.