Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Түркия: эмгек визасына жетпеген журтташтар


Түркия, Измир
Түркия, Измир

Түркияда мурдагы жылдарга салыштырмалуу мигранттардын эмгек визасын алуу жолдору жеңилдеди.

Түркиядагы статистикага таянсак, эмгек визасын алган кыргыз кыз-келиндердин саны көбөйгөн. Алар негизинен соода-сатыкта, үй кызматтарында жана туризм жаатында эмгектенишет.

Кыргыз жарандарынын Түркияда токсон күнгө чейин визасыз калууга укугу бар. Бирок иштегени келгендер сөзсүз эмгек визасын алуусу шарт. Виза боюнча кеңешчи болуп эмгектенген мекендешибиз Адина Токушева мындай маалыматтарды берди:

- Сөзсүз эмгек визасын алуу керек. Азыр көбүнчөсү бир жылдык туристтик виза менен эле иштеп жүрүшөт. Бул визанын аларга эч кандай пайдасы жок. Саламаттык камсыздандыруусу жок кыйналып жүрө беришет. Эмгек визасы болсо кийин келечекте Түркияда пенсия алганга укуктуу болмок.

Биздин жарандар айлык тууралуу сүйлөшкөндө талаптарын жакшы коё алышпайт. Көбүнесе тил билбегендиктен өз укуктарын коргой албайт.
Адина Токушева

Ал эми мигранттар боюнча серепчи Мурат Эршахиндин айтымында, эмгек визасы менен иштеген мигранттар Түркияда бир канча артыкчылыктарга ээ:

- Алгач эмгек визасы бир жылга берилет. Андан кийин аны үч-төрт жылга узартса болот. Милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрү үзгүлтүксүз төлөнүп турса, расмий иштеген мигранттар беш жылдан кийин түрк жарандыгына документ тапшырганга укугу бар. Мисалы сегиз жыл эмгек визасы менен Түркияда эмгектенген чет өлкөлүктөр туруктуу жашаганга уруксат ала алат. Эң негизгиси 20 жыл эмгек визасы менен иштеген аял мигранттар кийин түрк жарандарындай эле пенсия алганга укуктуу.

Түркиядагы мигранттардын басымдуусун кыз-келиндер түзөт. Үй кызматтарында, соода-сатыкта иштегендер да бар. Кундуз Мамбетова акыркы төрт жылдан бери түрк үй-бүлөнүн кызын багат. Анын виза маселесин иштеткен үй-бүлө өз моюнуна алган.

- Эң негизгиси эмгек визаң болсо, ооруканада түрк жаранындай эле бекер көрүнөсүң. Ошол жагы мага абдан жакты. Анткени саламаттык камсыздандырууң жок болуп туруп, ооруп калсаң аябай кыйналасың. Андыктан эмгек визасын жасатканга аракет кылабыз. Бирок акысы кымбат. Эгер жакшы үй-бүлөгө туш болуп калсаң анда бардык чыгымдарды алар төлөп берип, жеңилдик болот. Мен иштеген үй-бүлө чыгымдарын бүт өзү алганы үчүн канча каражаты кетерин билбейт экем.

Измир, Түркия
Измир, Түркия

Кыргызстандан барган кыз-келиндер көбүнчө туристтик виза менен эмгектенишет. Түркиянын Аксарай аймагында үй кызматчы болуп иштеген Аида мигранттардын басымдуусунда эмгек визасын жасатуу мүмкүнчүлүгү жок дейт:

- Үй ээлери биринчи сегиз айга виза жасатып беришкен, эми бир жылдык визам жаңы чыкты. Туристтик виза менен деле, жада калса мыйзамсыз качып иштеген кыргыздар да көп. Туристтик виза болсо дагы айла жок иштеп жатабыз.

Мигранттардын виза алуусуна ортомчу болгон фирманын адиси Адина Токушеванын айтымында, түрк мыйзамдарына ылайык визасыз чет өлкөлүктөрдү иштеткендер акчалай айыпка жыгылат. Бирок иш издеп келгендер мыйзамды, тилди билбегендиктен аз айлыкка деле кайыл болоруна токтолду:

- Биздин жарандар айлык тууралуу сүйлөшкөндө талаптарын жакшы коё алышпайт. Көбүнесе тил билбегендиктен өз укуктарын коргой албайт. Орточо 600 доллар алса, жашаган үйүм, жеген тамагым бекер деп эле иштей беришет. Бул айлыкка бир да түрк жараны үй кызматчы болуп иштебейт.

Соңку алты ай ичинде Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигине эмгек визасы үчүн расмий түрдө 45 миң чет элдик жаран кайрылган. Алардын 38 миңден ашуунуна виза берилген. Кыргызстандан быйыл алты ай ичинде 2355 жаранга виза ачылган. Алардын 73 пайызын кыз-келиндер түзөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG