Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Журналист Бабакулов өлкөдөн чыгып кетти


“Фергана” порталы Кыргызстанда сот чечими менен тосмолонду. Ал эми Коопсуздук комитети порталдын журналисти Улугбек Бабакуловго чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялады деп кылмыш ишин козгоп, муну менен чет элден саясий башпаанек алууну көздөгөн деп айыптоодо. Журналист жана маалыматтык портал дооматтарды четке кагып, бийликтердин аракетин сынга алууда.

“Фергана” маалымат порталынын Кыргызстандагы кабарчысы Улугбек Бабакуловго Улуттук коопсуздук комитети 9-июнда кылмыш ишин козгогон. Журналист Fergananews.com сайтында жана башка ресурстарда чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деп шектелүүдө.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” бул макалалар этностор аралык кастыкты козутууга жана улут аралык карым-катнашты курчутууга багытталганы аныкталды деп билдирди:

- Улуттук Илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин эксперттери жана адистери өткөргөн филология жана саясат таануу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча Бабакуловдун макалаларында улут аралык кастыкты козгой турган жана ошондой эле улуттук намыска тие турган чакырыктар бар экени аныкталды.

Ошондой эле атайын кызмат Бабакулов бул макалаларды 2010-жылдагы июнь коогалаңын утурлай жарыялоо менен чет өлкөдөн саясий башпаанек алуу максатын көздөгөнү аныкталган деп жүйөнү айтып жатат.

УКМК Бабакуловдун өлкөдөн чыгып кеткенин, учурда анын кайда экенин тактоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын бүгүн кабарлады.

Кислов: иш ойдон чыгарылган

Өлкөдөн чыгып кеткенин Улугбек Бабакулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзү да ырастады. Ал мындай кадамга өзүнө кылмыш иши козголордон бир күн мурун барган. Журналист өзүнө каршы кылмыш иши атайын жасалган деп эсептеп, изин жашырууга мажбур болгонун билдирди.

"Фергана" маалымат порталы журналист Бабакуловго козголгон кылмыш ишти ойдон чыгарылган жана саясий максатты көздөйт деп баалады.

Активисттер журналистке басымды сындашты

Активисттер журналистке басымды сындашты

Журналист Улугбек Бабакуловдун Fergananews.ru сайтына жазган макаласы үчүн ага укуктук баа берүү демилгесин жарандык активисттер кескин сындап чыгышты.

Аталган порталдын башкы редактору Даниил Кислов Бабакуловдун макалаларында этнос аралык мамилени козутуучу аракет болгон эмес деп билдирди:

- Чынын-чынына келгенде Улугбек өзүнүн маектеринде атайын кызматтардын ишин аткарып жатканын айткан эле. Ал атайын кызматтарга интернетте улут аралык кастыкты козуткан адамдар бар экенин көрсөтүп берген. Бирок ага карата кылмыш иш козголгонуна мен таң калып жатам. Бирок мен бийлик шайлоонун алдында көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабууну каалап жатат деп ойлойм. Алардын бири Борбор Азия чөлкөмүндө жана Кыргызстандагы окуяларды чагылдырган биздин портал болуп эсептелет.

Даниил Кислов Бабакулов менен иштешүүнү убактылуу токтотконун, бул чечим тергөөнүн бейтарап жүргүзүлүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынганын кошумчалады.

Ошол эле кезде Fergananews.com Кыргызстанда тосмолонду. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алганын Жогорку Соттон кабарлашты.

Соттун мындай чечимине карабастан өлкөдөгү айрым интернет провайдерлерде аталган сайт ачылып жатат.

Атамбаев айыптады

Бабакуловго карата кылмыш иш козголуп, талкуу болуп жаткан чакта президент Алмазбек Атамбаев айрым журналисттерди сындап чыкты.

Президент БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолуккан соң журналисттерге буларды билдирди:

- Улут аралык мамилени козутуучу Фейсбуктагы посттор боюнча материалдарды көрсөтүшкөндө мен таң калдым. Биз бул посттор жарыяланган соң дароо кылмыш иш козгогонбуз. Ал макалалар жазылганга чейин, Бабакуловдун постуна чейин эле болчу. Биздин атайын кызматтар тиешелүү ыкчам иш-аракеттерди алып барган. Журналист укук коргоочу делген адам менен сүйлөшүп, укук коргоочу “сен ушул эле таризде уланта бер, бул бийликке жакпайт жана сен сөзсүз саясий баш паанек аласың” деп кеңеш берип жатат. Башкача айтканда "сен июнь окуясынын жети жылдыгынын алдында жамааттар ортосундагы мамилени козут, ошондо сен башпаанек аласың" деп жатат. Андай эле болсо баарыңар чогулгула, силерге учак уюштуруп, каалаган жагыңарга жөнөтөбүз. Биздин өлкөгө тынчтык керек.

Улугбек Бабакуловдун талаш жараткан макаласын Fergananews.com өткөн айда жарыяланган. Анда журналист социалдык тармактарда айрым колдонуучулар башка улуттун өкүлдөрүн басмырлаган жорум, пикирлерди жазып жатканын белгилеген.

Мындан соң 1-июнда бийликтеги Социал-демократтар фракциясы бул маселени талкуулап, журналистке карата чара көрүүгө тиешелүү органдарды чакырган эле. Мына ушул окуядан соң Бабакуловго жана улут аралык ынтымакка доо кетирди делген жорум боюнча кылмыш иш козголду.

Сактыкты талап кылган тема

Публицист Нарын Айып козголгон кылмыш ишин сөз эркиндигине кысым катары кабыл алып жатканын айтууда:

- Бабакулов чын эле курч маселени көтөрдү. Фейсбук жана башка социалдык тармактарда улутчулдук бар. Ошондой маселени көтөргөн соң кеминде чакырып, сүйлөшүп, чогуу аракеттенели, улут аралык ынтымак болсун деген гана сөз болушу керек эле. Тилекке каршы, маселени көтөргөн адамды күнөөлүү кылып жатат. Уккан кулак, көргөн көз күнөөлүү дегендей эле болуп жатат.

Ошол эле кезде журналисттер улут аралык мамиле тууралуу жазууга өтө аяр мамиле кылып, ар кандай талкууларга жол бербеши керек эле деген пикирлер бар. Маселен, журналист Гүлзада Медералиева бул темада өзгөчө сак болушу керектигин белгилейт:

- Бул маселеге өтө аяр мамиле кылыш керек. Өзгөчө журналисттер коомдун пикирин өзгөртүп, адамдарга жол көрсөтүшөт. Ошондуктан ар бир сөздү салмактап, анын кесепетин ойлош керек. Ошондой эле жоопкерчилик бийлик башындагыларда турат.

“Фергана” маалымат порталы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларды чагылдарган сайт. Аталган сайт 2011-жылы да чагымчыл маалыматтарды таратат деген жүйөнүн негизинде Кыргызстанда тосмолонгон. Сайт 2013-жылы соттун чечими менен кайра ачылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG