Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

"Электр станциялары" талаштуу келишимди колдоду

"Электр станциялары" ишканасынын акционерлери 4-августта чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен кызматташууну колдоду.

Ишкана акционерлери чех компаниясынын Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруусуна макулдук берди. Эми "Лигласс Трейдинг" бир ай ичинде аталган объектти куруу үчүн кыргыз өкмөтүнүн Орусияга карызын төлөп, үч ай ичинде техникалык-экономикалык негиздемесин сунушташы керек.

Чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясынын кыргыз өкмөтү менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча түзгөн келишимин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун үлүш ээлери өткөн апта соңунда жактырды. Кезексиз жыйынга чогулган мамлекеттик ишкананын акционерлеринин 96 пайызы аталган келишимди колдогон.

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

Мындай маалыматты "Электр станциялар" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Жыйынга катышкан акционерлердин 96 пайызы келишимди колдоду. 96 пайыз деген бул максималдуу көпчүлүк болуп саналат. Эми биз келишимди жактырган соң бир айлык мөөнөт ичинде чехиялык компания 37 миллион доллар төлөмдү Орусияга которушу керек. Андан соң үч айдын ичинде ГЭСтер каскадынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгышы керек. Андан соң аталган негиздеме экспертизадан өткөрүлөт. Башкача айтканда дагы көп иш бар.

Кыдырбаевдин маалыматына караганда, чехиялык компания Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына караштуу Нарын-1 жана Ак-Булуң станцияларын куруу долбоорун 230 миллион долларга баалап жатат.

"Электр станциялар" - Улуттук энергохолдингдин алдындагы мамлекеттик ишкана. Ал өлкөдөгү жети ГЭС жана эки жылуулук борборду курамына камтып, өлкөдөгү электр энергия жана жылуулук өндүрүү үчүн жооптуу. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында курулчу электр станцияларды да аталган ишкана көзөмөлдөмөкчү. Ошондуктан чех инвесторлору менен курулган келишимди "Электр станцияларынын" үлүш ээлеринин жыйынында каралып, бекитилүүдө.

"Электр станцияларындагы" өкмөттүн 93 пайыздык акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Социалдык фонд ээлик кылат. Ал эми калган акциялары сатылып, майда акционерлерге берилген. Чехиялык компания менен келишимге каршы чыккандар ушул майда төрт пайызга ээ акционерлер, башкача айтканда миноритарийлер болгон.

Акционерлердин жыйынына катышкан энергетика маселелери боюнча эксперт Николай Кравцов "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен түзүлгөн келишим үстүртөн эле талкууланып, тез эле кабыл алынганын сынга алды:

- Аталган жыйынга мен да катыштым. Мындай жыйынтык болору күтүлүп эле турган. Акционерлердин айрымдары каршы чыкканы менен, айрымдары эмне маселе болуп жатканын деле түшүнүшкөн жок. Аларга көп маалымат берилген жок. Негизи эле мурдатан эч ким таанышпаган келишимдин жыйынга чыгарылып, добушка коюлушу деле туура эмес болуп калды.

Ал эми "Электр станциялары" ААКнын акционери болгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Болсунбек Казаков болсо, маселе талкууланганын, эми келишимдин аткарылышы көзөмөлдө болорун билдирүүдө:

- Келишимди өкмөт түздү. Анын аткарылышын биз да, өкмөт да толугу менен көзөмөлдөп турабыз.

Болсунбек Казаков.
Болсунбек Казаков.

Чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган.

Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык маалымат каражаттары "Лигласс Трейдинг" ири долбоорду ишке ашырчу дарамети жоктугун жазып чыккан эле. Ошондой эле келишимди даярдоо учурунда Кыргызстандын Австриядагы элчилиги бул компания менен өкмөттү келишим түзбөөгө чакырганы белгилүү болгон.

Компания ээси Михаэл Смелик болсо чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкананы тажрыйбалуу деп сыпаттаган. Мындан соң Кыргызстанда жана Чехияда бул маселе абдан талкууланып, айрым саясатчылар кыргыз бийликтерин келишимди жокко чыгарууну талап кылышкан.

Liglass Trading кантип курчуду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:03 0:00

Ага президент Алмазбек Атамбаев да көңүл буруп келишимди жокко чыгарууга шашылбай, августтун аягына чейин күтө туруу зарылдыгын белгилеп, эгер болбой калса жаңы инвестор издей турганын билдирген эле.

Аталган долбоордун айланасындагы иштерди иликтеп келаткан коомдук ишмер Эдил Байсалов "Электр станциялары" ишканасы бардык жагдайды иликтеп туруп чечим чыгарышы керек болчу деген пикирде:

- Бул компания кандай экенин элдин баары эле билип калды. Бийлик өкүлдөрү да, мамлекеттик жетекчилер да тана алышпайт. "Лигласс Трейдинг"​ өзүн тааныштырууда жалган документтерди көрсөтүп, буга чейин ГЭСтерди салганбыз, 383 миллион евробуз бар деп айтканы калп болуп чыкты. Бирок буга карабай стратегиялык байлыгыбызды берип койгону чыккынчылыкка тете иш болууда.

Liglass Trading​ ишканасынын Прага шаарындагы заводу

ГЭС курууну пландаган Liglass Trading заводу

Имараттын бир бөлүгү кароосуз калган жана талкалануу абалында турат. "Жылаңач дубалдар, чатырынан суу тамат", - деп айтты күркөдөн бир нерсе сатып алып жаткан адам. Анын айтымында, заводдо жабдуулар жок, бирок аймак бош эмес. Мурдагы кызматкер болжол менен эки компания бул жерди ижарага алганын кабарлады.
1/10 Имараттын бир бөлүгү кароосуз калган жана талкалануу абалында турат. "Жылаңач дубалдар, чатырынан суу тамат", - деп айтты күркөдөн бир нерсе сатып алып жаткан адам. Анын айтымында, заводдо жабдуулар жок, бирок аймак бош эмес. Мурдагы кызматкер болжол менен эки компания бул жерди ижарага алганын кабарлады.
&quot;Кайсы бир заманда заводдун ушул көк дарбазаларынан Liglass фирмасынын асма шамдары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кетчү&quot;, - деп эскеришет жергиликтүү тургундар. Ишкана белгилүү сүрөтчү Ян Саудек жана архитектор Ян Каплицкий менен кызматташчу. Соода реестринде бул имаратта Liglass Trading CZ фирмасы жайгашканы айтылат.<br />
<br />
2016-жылы компания өзүн банкрот деп жарыялаган.
2/10 "Кайсы бир заманда заводдун ушул көк дарбазаларынан Liglass фирмасынын асма шамдары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кетчү", - деп эскеришет жергиликтүү тургундар. Ишкана белгилүү сүрөтчү Ян Саудек жана архитектор Ян Каплицкий менен кызматташчу. Соода реестринде бул имаратта Liglass Trading CZ фирмасы жайгашканы айтылат.

2016-жылы компания өзүн банкрот деп жарыялаган.
&quot;Миллиарддар дейсиңерби? Бул тамаша го?&quot;, - деп какшык жооп кайтарган жергиликтүү тургундардын бири &quot;ал жакта шыбы күбөлөнүп түшүүдө&quot; деди.
4/10 "Миллиарддар дейсиңерби? Бул тамаша го?", - деп какшык жооп кайтарган жергиликтүү тургундардын бири "ал жакта шыбы күбөлөнүп түшүүдө" деди.
Буга чейин&nbsp;бул жерде 1 200 киши иштегенин айтат заводдун мурдагы кызматкери. &quot;Мурда мен жумушчуларды автобус менен ташычумун. Азыр болсо ал жерде эки жумушчу асма шамдар үчүн тетик жасашат&quot;, - деп айтты ал. Жергиликтүүлөр заводду ичине кирип көрсө болорун, бирок ал жакта кызыктуу эч нерсе жоктугун айтышат.
5/10 Буга чейин бул жерде 1 200 киши иштегенин айтат заводдун мурдагы кызматкери. "Мурда мен жумушчуларды автобус менен ташычумун. Азыр болсо ал жерде эки жумушчу асма шамдар үчүн тетик жасашат", - деп айтты ал. Жергиликтүүлөр заводду ичине кирип көрсө болорун, бирок ал жакта кызыктуу эч нерсе жоктугун айтышат.
&quot;Мен эч нерсе билбейм, түшүнбөйм&quot;, - деди жума күнү кечинде Liglass ишканасынын мурдагы кызматкерлеринин бири. Ал мурдагы жетекчиси мынчалык чоң акча тапканына ишенген жок.
6/10 "Мен эч нерсе билбейм, түшүнбөйм", - деди жума күнү кечинде Liglass ишканасынын мурдагы кызматкерлеринин бири. Ал мурдагы жетекчиси мынчалык чоң акча тапканына ишенген жок.
Таштанды кутусу толуп калган, ал эми кире бериши көпчүлүк цехтердей эле бош турат.
7/10 Таштанды кутусу толуп калган, ал эми кире бериши көпчүлүк цехтердей эле бош турат.
Жергиликтүүлөр Михал Смеликти өтө демилгечил жетекчи катары сүрөттөшөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, анын агасы Рене жумшак адам.&nbsp;10-июлда Бишкекте ири энергетикалык долбоорго кол койгон Смелик мырза Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана долбоор тууралуу маектешүүгө көнгөн жок.&nbsp;
8/10 Жергиликтүүлөр Михал Смеликти өтө демилгечил жетекчи катары сүрөттөшөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, анын агасы Рене жумшак адам. 10-июлда Бишкекте ири энергетикалык долбоорго кол койгон Смелик мырза Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана долбоор тууралуу маектешүүгө көнгөн жок. 
Анткен менен комплекс бош жаткан жери жок. &quot;Айнек менен иштеген эки компания бул жердеги жайларды ижарага алышат&quot;, - деп айтты Liglass заводунун мурдагы кызматкери.
9/10 Анткен менен комплекс бош жаткан жери жок. "Айнек менен иштеген эки компания бул жердеги жайларды ижарага алышат", - деп айтты Liglass заводунун мурдагы кызматкери.
Артка
Алдыга

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG