Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Парламент менен КТРК араздашууда


Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши жана каналдын жетекчилиги 17-июнда билдирүү таратып, Жогорку Кеңеш тарабынан каналга кысымдар болуп жаткандыгын жарыялады.

Эл өкүлдөрү Коомдук каналдын деректири каржылык мыйзам бузууга баргандыгын айтууда.

Байкоочу кеңештин тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандагы окуяларды чагылдырууда эл өкүлдөрү тарабынан телефон чалуулар жана көрсөтмө берүүлөр болуп жаткандыгы айтылган. Мындай аракеттер Коомдук каналды реформалоого жана шайлоо алдындагы Кыргызстандын демократиялык өзгөрүштөрүнө терс таасир этээри белгиленген.

Ошондон улам Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши жана жетекчилиги бийлик өкүлдөрүнүн бул сыяктуу аракеттерин токтотууга чакырган. Билдирүү ээлери каналдын көз карандысыз редакциялык ишмердүүлүгүн уланта беришээрин айтышкан.

Ал эми депутаттар Байкоочу кеңештин ишмердүүлүгүнө сын-дооматтарды айтууда. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетинин төрайымы Жылдыз Жолдошева Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши боюнча мындай оюн билдирди:

- Байкоочу кеңештегилер эмнегедир өздөрүн депутаттардан да, президенттен жана премьер-министрден да жогору сезип алышыптыр. Мыйзам боюнча эл атынан бир гана президент жана депутат сүйлөй алат.

Тасмадан чыккан чырбы?

Ошондой эле Жылдыз Жолдошева Коомдук каналдын деректири Кубат Оторбаевдин үстүнөн ал жетектеген комитетке келип түшкөн арыздар да бар экен кошумчалады. Жолдошева Кубат Оторбаевди каржылык мыйзам бузууларга барган деп айтууда.

Коомдук каналдын деректири Кубат Оторбаев өз кезегинде “Азаттыкка” курган маегинде каналга болгон кийлигишүүлөр июнь коогалаңын иликтеген парламенттик комиссиянын талкуусунан кийин байкалганын айтат.

Кубат Оторбаев
Оторбаев депутат Жылдыз Жолдошева окуя боюнча өзү тарткан “Коогалаң” даректүү аттуу тасманы Коомдук канал аркылуу көрсөтүүгө аракет жасаганын белгиледи.

- Каналдын Көркөм кеңеши жана Байкоочу кеңеши депутат Жылдыз Жолдошеванын тасмасын көрүп чыгып, ободон чыгара албай тургандыгын чечишкен. Андан тышкары да каналдын өзүнө бийлик тарабынан ушул каналга көбүрөөк чыксак деген пикирлер арбын болууда.

Коогалаңды иликтеген парламенттик комиссиянын төрагасы Токон Мамытов тасманы көрсөтүүдөн этият болууга чакырууда. Ал тасманы жалпы элге азыркы мазмунунда көрсөтүү мүмкүн эмес экендигин билдирди. Ошондой эле Мамытов Жогорку Кеңеш Коомдук канал аркылуу тасманы көрсөтүү боюнча Жолдошеванын демилгесин добуш берүүдө колдобогонун айтты.

Анткен менен депутат Жылдыз Жолдошева "эл чындыкты билиши керек" деп эсептейт. Анын оюнча, парламентте айтылган талкуунун жана маалыматтардын баары элге жетиши керек.

- Эмне үчүн Коомдук канал аны көрсөтпөшү керек? Мейли көрсөтпөсө көрсөтпөсүн, эл ансыз деле көрүп алат. Бирок Оторбаев өзүнүн каржылык мыйзам бузууларын бул тасмага аралаштырбасын.

Кызыкчылыктар тиреши

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин тасманы Коомдук каналдан көрсөтүү жаш балдардын аң-сезимине терс таасир тийгизет дейт.

- КТРКны чоңдор жана саясатчылар гана эмес, жаш балдар да көрөт. Ошондуктан аны көрсөтүү толугу менен туура болбойт. Экинчиден, даректүү тасма менен автордук тасманын чоң айырмасы бар.

Ошондой эле депутат Жоомарт Сапарбаев президенттик шайлоо жакындаган сайын Коомдук каналга таасир этүүнү каалагандар чыгып жатканын кошумчалады.

- Саясий абал курчуй баштаган шартта кээ бир саясатчылар жана кээ бир топтор КТРКны өздөрүнө алып, шайлоо алдында өз кызыкчылыктарына колдонууга аракет кылып жатышат. Бул туура эмес. Ошондуктан Байкоочу кеңештин билдирүүсүнүн мазмунуна кошулам.

Жогорку Кеңеш өткөн аптада "Коомдук канал жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алган. Ага ылайык Байкоочу кеңеш кайра түзүлүп, алар жаңы жетекчини шайлашаары айтылган. Бул мыйзам президенттин кароосуна жиберилген.

Ал эми президент Роза Отунбаева 17-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, массалык маалымат каражаттары боюнча абалга токтолуп, анын ичинде Коомдук канал тууралуу да сөз кылган.

"Биз Коомдук каналды авторитардык режимдин ордуна депутаттардын айткан, дегендерине кызмат кылуусу үчүн түзгөн эмеспиз. Телеканал мурда боло жүргөндөй бийликти мактабастан, тескерисинче, элди жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн иштеши керек".
XS
SM
MD
LG